Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Иран жана ири дөөлөттөр 6-апрелде Венада өзөктүк келишим жаатында жолугушат

0
Иран жана ири дөөлөттөр 6-апрелде Венада өзөктүк келишим жаатында жолугушат

Иран жана дүйнөлүк ири дөөлөттөрдүн өкүлдөрү 2-апрелде Ирандын өзөктүк келишими боюнча виртуалдык жыйынды 6-апрелде Венада өткөрүү тууралуу чечишти. Бул чечим жөнүндө Европа Биримдиги өз билдирүүсүндө маалымдалды.

Иран жана аны менен мурда келишимге кол койгон ири дөөлөттөр АКШнын бул келишимге кайтып келишин кубаттоого даяр экендиктери жогорудагы билдирүүдө кошумчаланды.

Билдирүүдө келишим катышуучулары “Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы” (“БААП”) деп аталган өзөктүк келишимди сактап калууга берилгендиктерин баса белгилешкен жана анын “толук жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышына кайтып келүүнү камсыз кылуу жолдорун талкуулашкан", деп айтылат.

Билдирүүдө БААПтын катышуучулары Иранга каршы "санкцияларды жоюу жана өзөктүк куралдарды ишке ашыруу чараларын, – анын ичинде тиешелүү адистик топтордун отурумдарын чакыруу жолу менен, – так аныктоо максатында" Австриянын борборундагы отурумга чогулган жаткандыгы айтылган.

Тегеранда мамлекеттик маалымат каражаттары Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчинин: “АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келиши эч кандай сүйлөшүүлөрдү талап кылбайт жана алдыдагы жол – кыйла ачык бойдон турат”, – деп билдиргенине шилтеме кылышты.

АКШнын президенти Жо Байден БААП келишимин кайра жандандырууга даяр экендигин ишара кылды, бирок анын өкмөтү Иран адегенде өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши керек деп ырастоодо.

Расмий Тегеран өзүнө алган өзөктүк милдеттенмелердин көпчүлүгүн АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын Иранга киргизген чектөөлөрүнө жооп катары убактылуу токтотуп салган болчу. (TT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






Российское тактическое ядерное оружие: вот теперь действительно страшно

Не дайте вашим губам выдать возраст: простые правила макияжа, чтобы не выглядеть старухой

Танцоры из Асбеста выступят в Москве

В Москве со счетов монастыря исчезли свыше 26 миллионов рублей