Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

БААП: Иран чектөөлөрдү жай-баракат алып салууга каршы

0
БААП: Иран чектөөлөрдү жай-баракат алып салууга каршы

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өзөктүк келишим боюнча талаштан улам келип чыккан АКШнын чектөөлөрүнүн бара-бара алынып салынышы вариантын 3-апрелдеги билдирүүсүндө четке какты.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө каршы киргизилген чектөөлөрдүн бир нече баскычта алынып салынышы вариантын четке кагууда. Бул тууралуу өкмөт тарабынан каржыланган «Press TV” компаниясы 3-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын сөзүнө шилтеме берүү менен кабарлады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Саид Хатибзаде: "Иран Ислам Республикасынын чечкиндүү саясий туруму – бул АКШнын бардык чектөөлөрүнүн алынып салынышы", – деп жогорудагы медиа каражатына курган маегинде баса белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин (тышкы иштер министрлигинин) басма сөз катчысынын орун басары Жалина Портер 2-апрелде билдиргендей, кийинки аптада Вена шаарында өтө турган 2015-жылдагы өзөктүк келишимди кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр "Иран ошол келишимге шайкеш келиши үчүн жасай турган өзөктүк кадамдарга" көңүл бурат, деп айткан болчу.

2018-жылы Кошмо Штаттар “Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы” (“БААП”) деп аталган бул өзөктүк келишимден мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда бир тараптуу чыгып кеткен жана расмий Тегеранга каршы экономикалык чектөөлөрдү калыбына келтирген.

Иран 2015-жылдагы келишимге ылайык кабыл алган милдеттенмелерин аткарууну АКШнын жаңы турумунан соң бара-бара кыскартып келди. Маселен, Иран уранды көбүрөөк байытуу жолуна кайра түштү.

АКШнын 2021-жылдын 20-январынан берки жаңы президенти Жо Байден 2015-жылдагы келишимди кайра жандандырууга даяр экендигин билдирди, бирок анын өкмөтү Иран адегенде өзөктүк милдеттенмелерине толук кайтып келиши керек деп талап кылды.

Ирандын Өзөктүк кубат мекемесинин башчысы Али Акбар Салехинин 2-апрелде билдиргенине караганда, расмий Тегеран 6-апрелде Венада өтө турган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө оптимисттик көз караш менен карайт.

Венадагы кийинки аптанын шейшембисиндеги отурум расмий Тегеран менен расмий Вашингтондун өзөктүк кубат жаатындагы кыйыр сүйлөшүүлөрү болуп калмакчы.

Салехи мырза интернеттин коомдук тармагы болгон “Clubhouse” менен болгон жума күнкү маегинде: "Биз туңгуюктан чыгуунун алдында турабыз" деп айтты. Анны оюнча, эми Венада такалган жардан чыгарып, алдыга жылуунун иштиктүү техникалык баскычы жүзөгө ашырылмакчы.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Венада жүзөгө ашырылган жаткан сүйлөшүүлөрдүн жанданышына “алга жылуунун сергек кадамы” деп жагымдуу маанайда баа берген.

Бирок Прайс мырза: "Булар – алгачкы күндөр бойдон кала берет жана алдыда оор талкуулар күтүп тургандыктан, биз көз ачып-жумгуча илгерилеген секирик жасалат деп күтпөйбүз", – деп да кошумчалаган.

Америка Кошмо Штаттары, Иран сыяктуу эле, азырынча эки өлкөнүн жетекчилигинин тикелей сүйлөшүүлөрүт болот деп күткөн жок. Арийне, Прайс мырза Кошмо Штаттар Иран менен тикелей сүйлөшүүлөр идеясына ачык бойдон кала берээрин да баса белгилеген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






Реалити-шоу "Дом 2" так ее и не отпустило. Плохой сценарий для Либерж Кпадону

Президент Кубы вручил Путину поздравительное письмо Рауля Кастро

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

В Милане и Неаполе прошли шествия «Бессмертного полка»