Ысык-Көлгө май төгүлгөн окуяга байланыштуу бир моторлуу кайыктын ээсине 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аталган облустагы башкармалыгын жетекчиси Максат Кыштобаев билдирди. Анын айтымында, учурда мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чаралары күчөтүлдү.
"Биздин кызматкерлер химиялык анализ чыгаруу үчүн суунун, кумдун, топурактын үлгүлөрүн алышты. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз. Текшерүүдө майы аккан скутер аныкталып, анын ээсине айып пул салынды. Бизде облус боюнча 15 кызматкер бар, учурда алар үч топко бөлүнүп, май төгүлүшү ыктымал деген жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деди Кыштообаев.
Мунун алдында социалдык тармактар көлдүн үстүнө май калкып калганын тартылган сүрөттөр жарыяланган жана бул талаш-талкуу жараткан. Көлдө коопсуздуктан дагы улам скутерлерге тыюу салуу сунушу маал-маалы менен көтөрүлүп келет.
Өткөн айда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, “таблетка” теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, эки киши 24-июлда мерт болгон.
Ысык-Көлдө сууга түшүп жаткан эс алуучулар скутердин айынан кырсыктаган окуялар буга чейин да болгон.
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
III Международный Форум ВЭД ДИАЛОГИ 2024. ОКНО В АЗИЮ и Форум Международный День Торговли
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге