Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 08.08.2023

Орус-грузин согушунун кесепети

Azattyk.org 

Мындан он беш жыл мурда орус-грузин согушу башталып, ал беш күнгө созулган. Жыйынтыгында Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон. Согуштун соңунда Орусия бул аймактарды "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. Бирок кандуу калабага күбө болгон грузиялыктар анын кесепети оор болгонун айтышат. Демаркация иштери жүрө элек аймактарда тургундар уурдалып, камалып кеткендер да бар.

Кой-Таш иши: Султанбеков Башкы прокуратурага кайрылды

Azattyk.org 

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча 1700 жабырлануучунун арызын кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди. Ал кайрылуунун тексттин Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, башкы көзөмөл органы аны расмий каттоого алганын жазды. Кайрылууда Кой-Таш окуясында 1700 адам өздөрүн "жабырлануучу" деп таануу боюнча төрт жыл мурун Башкы прокуратурага кайрылып, алигүнчө алардын өтүнүчүнө эч кандай жооп болбогону айтылат. Султанбеков кайрылгандардын... Читать дальше...

Казакстанда эгин талааларына суу жетпей жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, турак жай, мал сарайлар жабыркады. Орус-грузин согушунун 15 жылдыгына карата Тбилисиде митинг өттү. Беш күндук согуштан кийин Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон. Орусияда бычакталган келин жана аны өлтүрүүгө шектелген күйөөсү орус жарандыгын алган кыргызстандыктар экени аныкталды. Келинди күйөөсү балдарынын көзүнчө кызганычтын айынан бычактап салганы айтылууда. Казакстандын дыйкандары суу тартыштыгынын азабын тартып жатышат. Мээ кайнаткан күндүн ысыгында талаага суу жетпей... Читать дальше...

"Үйлөр кум-ташка толду". Түптөгү селдин чыгымы

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, үч айылда 90дон ашык турак үй, мал сарайлар жабыркады. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү бийлик жана эл короо-жайларды тазалоодо. Буга чейин ушул эле райондун Кең-Суу жана Байзак айылдарында да сел жүрүп, 50 үй жабыркап, өзгөчө абал киргизилген эле. "Үйүлгөн кум-таштын калыңдыгы 1,5 метрден ашты"   Түп районундагы Корумду, Талды-Суу жана Көөчү айылдарында 7-августтун кечинде көнөктөп жааган жаандан улам сел жүргөн. Айылда... Читать дальше...

Тоолуу Бадахшанда беш бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду

Azattyk.org 

Соңку жарым жылда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда беш бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу 8-августтагы маалымат жыйында юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода билдирди. Анын айтымында бул уюмдар "кылмыштуу топтор менен байланышы бар үчүн" соттун чечими аркылуу жабылды. Ушул жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик аларга басым көрсөтүп, өзүлөрүн "банкрот" деп жарыялап өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып жатканын билдиришкен. Читать дальше...

Польша Беларус менен чек арасына кошумча аскерлерди жиберет

Azattyk.org 

Польшанын Коргоо министрлиги Беларус менен чек арасына кошумча аскердик күчтөрдү жиберүүнү чечти. Мындай кадамга мекеме Чек ара кызматынын суранычы менен барганын PAP агенттиги 8-августта кабарлады. Польшанын Чек ара кызматы мыйзам кесип өтүү аракеттери күч алгандыктан министрликтен чек арага кошумча миңдей аскер жөнөтүүнү өтүнгөн. 29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын жүздөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. Читать дальше...

Грузияда жер көчкүдөн набыт болгондор 19га жетти

Azattyk.org 

Грузин бийлиги 8-августта билдиргендей, куткаруучулар жер көчкүнүн алдынан дагы бир аялдан сөөгүн таап чыгышты. Өткөн жумада курорттук Шови шаарында болгон табигый кырсыктан өмүрү кыйылгандардын саны 19га жетти, дагы 16 адам дайынсыз болууда. Бул окуяга байланыштуу Түштүк Кавказда жайгашкан бул мамлекет 7-августта аза күтүү күнү жарыяланды. Ал эми 8-августта өлкөдө 15 жыл мурда орус-грузин согушунан курман болгондордун элесине арналып баардык желектер түшүрүлдү. Мындан 15 жыл мурда, 2008-жылы... Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: соттук териштирүү 14-августта өтөт

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр Биринчи май райондук сотунда 14-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу адвокат Эркин Булекбаев "Азаттык" радиосуна кабарлады. "Бизге соттон бүгүн маалымдашты. Ал күнү тергөө абагындагылардын бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу каралат. Андан тышкары биз соттун ачык өтүшүн суранып, кайрылабыз". Адвокаттын сөзүнө караганда, иш боюнча айыпталып тергөө абагында жана үй камагында отургандардын бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-августта аяктайт. Кемпир-Абад иши... Читать дальше...

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна түшкөн таштар тазаланды

Azattyk.org 

Түндүк-түштүк кошумча жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги (243-291-чакырымында) тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Өткөн айда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымын курулуп бүткөнүн кабарлаган. Анда ушул жылдын 15-ноябрына чейин тилкеде кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдорун билдирген. Буга чейин Жогорку Кеңеште аталган жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып... Читать дальше...

Италиядагы кыргыздар: мыйзамсыз миграция азабы

Azattyk.org 

Италияда кыргызстандыктардын көпчүлүгү Неаполь шаарында жашап, иштешет. Алардын арасында убактылуу виза менен гана келип, калып калгандары четтен чыгат. Мыйзамдуу каттоосу жок мигранттар Европанын башка өлкөлөрүнө чыга албайт, мекенине кайта албай жылдап кала беришет. “Данисте” бул жолу Италиядагы кыргыздардан кабар алды.

"Июнь окуясына укуктук бааны бергенбиз"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Байтемир Ибраев болду. Ал 2010-жылдагы 7-апрель, Ош окуяларына юридикалык баа берилгенби, Убактылуу өкмөт айрым шектүүлөрдү сыртка чыгып кетүүсүнө шарт түзгөнбү, Минск Бакиевди эмне үчүн бербей келатат ж.б. суроолорго жооп берди.

Сот Канышай Мамыркуловага каршы доо арызды четке какты

Azattyk.org 

Чүй облустук соту Жолдошбек Сыргаковдун журналист Канышай Мамыркуловага каршы доо арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди аталган сот 8-августта кабыл алды. Буга чейин журналист Мамыркулова Байтик айылдык кеңешинин депутаты Жолдошбек Сыргаковдун Фейсбук социалдык тармагында тараткан видео тасмасы кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту журналисттин арызын негиздүү деп таап, Сыргаковду 5500 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок райондук соттун чечимине... Читать дальше...

Жарым жылда жол кырсыгынан 269 адам көз жумду

Azattyk.org 

Жыл башынан берки алты айда Кыргызстанда үч миңден ашуун автокырсык катталып, 820 учурда балдар жабыркаган. Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза болсо, анын ичинде 38и балдар. Жол кырсыктарынан адам өлүмүнүн көрсөткүчү быйыл мурдагы жылга караганда 8,5 эсеге көбөйгөн. Түрдүү жараат алган 4416 адамдын 981и балдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык, жол кырсыктары эң көп Бишкекте катталган. Борбор калаада болгон автокырсыктар жалпы көрсөткүчтүн 45% түзөт. Чүй облусу 19%, Ош облусу 10%. Читать дальше...

Мургабды жана Каратегинди тажикче атоо сунушталды

Azattyk.org 

Тажикстандын тил комитети этникалык кыргыздар көп жашаган Мургаб районун Маргеб жана Каратегин аймагын Раштонзамин деп өзгөртүүнү сунуштады. Тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминология комитети өлкө аймагындагы 12 миңден ашуун калктуу конуштун, анын ичинде райондор менен айылдардын аталыштары тажик тилинин ченемдерине жана эрежелерине туура келбей турганын билдирди. Алардын 5 миңден ашуунун өзгөртүү сунушталып жатканын Тил жана терминология комитетинин төрагасы Олимжон Мухаммаджонзода 3-августта... Читать дальше...

Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев "Азаттыктын" казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылганы же сатылбаганы тууралуу комментарий берди. Саткалиев кыска видео интервьюда Казакстанда электр энергияны экспортоо-импорттоону бирдиктүү сатып алуучу – министрликке караштуу компания ишке ашырарын белгилеп, учурда тиешелүү сааттарда, тагыраагы, түнкүсүн токту сыртка сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. Ал Борбор Азиянын энергоалкак аркылуу Казакстан башка өлкөлөргө электр энергиясын кээде сатып... Читать дальше...

"Эркин болбой калабы?". УТРК "Ынтымакты" кошуп алды

Azattyk.org 

Оштогу "Ынтымак" телерадио компаниясы УТРКнын курамына кошулду. Канал 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин улут аралык ынтымакты бекемдөө максатында негизделген. 2020-жылдан бери кыргыз жана өзбек тилдерине программаларды даярдап келген Оштогу "Ынтымак" телерадио корпорациясы УТРКнын курамына кошулганы өткөн аптада белгилүү болду. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июлда кол койгон. Маалыматты Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева "Азаттыкка" ырастады. Читать дальше...

Таластагы Беш-Таш жаратылыш паркын үч жерден сел каптады

Azattyk.org 

Талас облусунда 7-августта күндүзгү саат 4төрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Беш-Таш жаратылыш паркын сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги агын суу корукка үч жеринен киргенин билдирди. Ошондой эле Талас - Тарас жолунун 81-чакырымында, Кара-Суу айылындагы бөлүгүндө сел жүрүү коркунучу жаралып, анын алды алынды. Учурда "Беш-Ташта" топон суунун кесепетин жоюу жүрүп жатат. Дүйшөмбүдөгү нөшөрдө Ысык-Көлдүн Түп районундагы үч айылда сел жүргөн. Аталган министрлик Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

9-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22... Читать дальше...

Новости России
Москва

Творческие способы использования мозаики из стекла в дизайне интерьера


Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метр суу бар

Azattyk.org 

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8-августта 11 млрд 54 млн куб метрди түздү. "Электр станциялары" ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күндө суу сактагычка секундасына 552 куб метр суу агып кирсе, 375 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр 8-августта суу сактагычта 13 млрд 3 млн куб метр суу болгон. Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн экени болжолдонууда. Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп... Читать дальше...

Түркмөнстанда жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышты

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында 7-августта жүздөгөн адам азык-түлүк тартыштыгына нааразылык билдирип чыгышты. Калаа мэриясынын алдына чыккан адамдар, негизинен аялдар февралдан бери эң керектүү азык-түлүк, анын ичинде ун жана май тартыш болуп жатканын айтып, акимдин чыгып жооп беришин талап кылышты. Өлкөдөгү катаал экономикалык кризис шартында көптөгөн үй-бүлөлөр мамлекеттик дүкөндөрдө субсидияланган баа менен сатылган товарларга көз каранды. Аким чыкпай койгондо, митингчилдер жакынкы Аваз... Читать дальше...

УКМК Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтотту

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мекемелер аралык жумушчу тобу менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди. Иш-чара “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 20-июлдан тарта башталган. Натыйжада 39 мечиттин жана 21 медресенин ишмердиги убактылуу токтотулду. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлгөн. Читать дальше...

Жыргалаң кенин алган табышмактуу ишкер Марат ким?

Azattyk.org 

Жыргалаңдагы көмүр кендин ишке кириши тууралуу президент Садыр Жапаров 6-августта "Кабар" маалымат агенттигине түшүндүмө берди. Анын маегинен кийин Ысык-Көлдөгү “кара алтынды” президенттин иш башкармалыгында иштеп кеткен Марат Турсунбековго тиешелүү компания каза баштаганы белгилүү болду. Аталган көмүр кени убагында Жапаровдордун үй-бүлөсүнө да таандык болуп, агасы Сабыр Жапаров башкы директордун орун басары болуп турган. Өкмөттүн пиары, тараптардын пикири Министрлер кабинетинин төрагасы... Читать дальше...

Учкан уясын унуткан "академик"

Azattyk.org 

Жылкычы Жапиевдин “Туулган үй” аңгемеси - киндик кан тамган жерин унутуп, айылына каттабай койгон шордуунун арманын баяндаган чыгарма. Туулган жер, карыган ата-эне шаардан орун-очок алган айрымдардын жадынан чыгып кетет. Анан күндөрдүн бир күнүндө эске түшөт, барсаң кеч болуп калган болот. "Барайын деп эле жүрдү..." Бул аңгеме “Ала-Тоо” журналына жарыяланып жаткан жеринен авторго кайтарылган. Ж.Жапиевдин чыгарманы ошол кезде адабий журналдын редколлегия мүчөлөрү Шатман Садыбакасов менен Жалил... Читать дальше...

“Меганы” сатып ала турган “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” капиталын 7 млрд сомго жеткирет

Azattyk.org 

“Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) сатып ала турган “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому миң сомдук 5 миллион нуска акцияны сатыкка чыгарууну чечти. Бул тууралуу ишкана катталган Кыргыз фондулук биржасы жарыялап, мындай чечимди коомдун акционерлери соңку отурумунда кабыл алганын кабарлады. Маалыматта айтылгандай, акциялар толук сатылса, ал 5 млрд сом болот жана анын натыйжасында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” капиталы 2 миллиард сомдон 7 миллиард сомго жетет. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Вера Звонарёва

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге






Мероприятие к Дню славянской письменности и культуры пройдет в городе 24 мая

Сезон поллиноза и ОРВИ. 99,9% проблем устраняет врождённый иммунитет

Экскурсия на ретротрамвае пройдет в столице 31 мая

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.