Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Үйлөр кум-ташка толду". Түптөгү селдин чыгымы

0

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, үч айылда 90дон ашык турак үй, мал сарайлар жабыркады. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү бийлик жана эл короо-жайларды тазалоодо.

Буга чейин ушул эле райондун Кең-Суу жана Байзак айылдарында да сел жүрүп, 50 үй жабыркап, өзгөчө абал киргизилген эле.

"Үйүлгөн кум-таштын калыңдыгы 1,5 метрден ашты"

 

Түп районундагы Корумду, Талды-Суу жана Көөчү айылдарында 7-августтун кечинде көнөктөп жааган жаандан улам сел жүргөн. Айылда сел агызып келген чоң таштар короолорго толуп калды.

"Мал кармаган сарайыбыз бар эле, аны толугу менен сел алып кетти. Кошунамдын үйү да жабыркады. Менин үйүм болсо кум менен ташка толуп калды. Жардам берүү үчүн ӨКМдин кызматкерлери, жергиликтүүлөр келди. Сел агызып келген таштар адеп кашарга толгон, анан дубалды жырып үйдү каптады", -дейт Корумду айылынын тургуну Нурлан Дербишев.

Нурландын үй-бүлөсү азыр туугандарынын үйүнө убактылуу жайгашты.

Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү суу каптап, чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады. Тоо этектерине жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары коопсуз жерлерге чыгарылды.

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу райондордогу, шаарлардагы бөлүмдөрүнөн 100дөн ашуун куткаруучу беш топко бөлүнүп иштеп жатат. ӨКМдин адистери социалдык объектилеринде иш алып барууда. Кырсык болгон аймакка кошумча техника тартылды. Учурда бул айылдарда селдин чыгымы эсептелип жатат.

ӨКМДин адистерине көмөктөшүү үчүн айыл тургундары да келген. Алар топторго бөлүнүп алып, биринчи кезекте кары-картаңдардын, жалгыз бой аялдардын жана көп балалуулардын үйлөрүндөгү селдин кесепеттерин жоюуга далалат кылууда.

Көөчү айылынын тургуну Мекен Акматалиев балдары жана айылдаштары менен биргеликте үйүнүн түбүндөгү автоунаа өткөн жолду тазалап алууга аракет кылып жатканын, бирок оор техникасыз ишти илгерилетүү кыйын экенин айтып берди.

"Эшиктин алдын, үйүбүздү таш-кум каптап кетти. Мал кармаган сарайда кышкыга деп даярдаган көң жана чөп бар эле, аны да сууга аралашып агып келген таш-кум каптап, чөптөрүбүз калкып чыгып калды. Үйдүн түбүндө бир аз алма бак тигип, түшүм алып жүрдүк эле, аны сел жууп кетти. Короого үйүлгөн кум-таштын калыңдыгы 1,5 метрден ашты. Ушундай эле абал кошунабыздын үйүндө болду. Анын да, менин да картөшкөм таштын алдында калды. ӨКМдин балдары аракет кылып, башка да айылдаштарымдын короосунда, үйүндө чуркап жүрүшөт. Кошуна-колоң, бир туугандарым да жардамга келишкен. Бирок биздин күчүбүз аздык кылат экен, таштарды ордунан козгой албай жатабыз, техника керек болуп турат".

Мунун алдында, 2-август күнү ушул эле Түп районунун Кең-Суу жана Байзак (Санташ) айылдарында сел жүрүп, табигый кырсык болгон жерге оор техника, кошуундар жана ӨКМдин кызматкерлери барган.

7-августтун кечинде тазалоо иштери бүтүп, айылды айланып өткөн суу каналдарынан канчаны куруу керектиги толук аныкталмак. Бул айылдарда жалпы жонунан 50дөн үйдү суу каптаган, жолдор бузулган, андан сырткары мал сарай, кампа жана айылдыктардардын башка мүлкү жабыр тарткан эле. Бирок бул күнү коңшу айылдарда жүргөн сел оор техниканы жана адистерди кайра ишке салды.

Райондун акими Каныбек Адиевдин айтымында, селдин чыгымдары эсептелип жатат. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.

"Комиссияга райондук штабдын өкүлдөрү, айыл депутаттары, жаштар жана аксакалдар, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирип, эсептөөлөр жүрүүдө. Айыл чарба жерлерине жана үйдүн тегерегинде жашылча-жемиш, алма бактарга келтирилген чыгымдар да каралууда. ӨКМдин мониторинг жүргүзүү департаменти азыр айылдарды айланып өткөн канча канал куруу керектигин эсептеп жаткан. Алгач биз мындай иштерди Кең-Суу айылында жүргүзүп жатканбыз, азыр ошол эле техниканы бул айылдарга алып келдик. Негизинен суу агып кетиши үчүн каналдар бар, бирок алар аздык кылат экен. Себеби кечээ жаан ашып кетсе 15-20 мүнөт жаады, мен Кең-Суу айылынан келаткам. Ошол жаандын суусу арыктарды толтуруп, ашып кетти. Мурунку арыктын жээктерине сарай салып алгандар болуп атат, эми аларды алдырып, арык каздырабыз".

Мыйзамдарга ылайык, селден сактоочу канал жана арыктардын казылышын ӨКМ каржылайт. Сел жүрүп кетүү коркунучу айыл чарба жерлерине чукул канал жана арыктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Айыл чарба министрлигинин адистери, техникасы тейлеши керек.

"Кантип ремонт кылабыз". Камсыздандырылбаган турак жайлар

Райондун акими Каныбек Адиев жергиликтүү калктын чыгымдарын комиссия эсептеп чыккандан кийин анын ордун толтуруу маселеси өкмөттө караларын айтты. Бирок жабыр тарткан турак-жай ээлеринин көбүнүн мүлкү камсыздандырылбаганы негизги көйгөй болууда.

Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин июнь айында берген расмий маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 129 410 турак-жай камсыздандырылган. Анын эң көбү Ош (42 060) жана Жалал-Абад (47 262) облустарында.

Мекеме ишмердигин баштагандан бери өрт жана табигый кырсыктардан жабыркаган 688 жаранга 501 млн 994,7 миң сом, анын ичинде 2023-жылдын 5 айында 35 жабырлануучуга 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө кепилдик каражаты төлөнүп берилген.

Көөчү айылынын тургуну Астра да сел каптаган үйүнөн чыгып, төрт баласы, күйөсү менен туугандарыныкында убактылуу баш калкалоого аргасыз. Анын үйү камсыздандырылган эмес. Бул көп балалуу эми үйүн калыбына келтирүү үчүн каражатты кайдан аларын билбей санаа тартууда.

 

"Сел башталганда балдар менен үйдө болчубуз. Дароо кошунабыздыкына барып, терезеден карап турдук. Үйүбүз ойдуң жерде болгондуктан, чогулган суу аны бат эле каптап кетти. Колубуздан эч нерсе келбей, "эми кайда барабыз" деп эле ыйлап жаттым. Кирүүгө, жашоого мүмкүн эмес. Тазалап, таштарды чыгаргандан кийин барсак болот дечи, бирок оңдоп-түзөөгө бир топ каражат керек болуп калат го деп турабыз. Мектепке да аз убакыт калды, балдарды даярдап, кагаз-калемин алып бергенге акча кетет. Айылда жумушсуздук, көбүбүз эле короодогу малга карап, саап алган сүттү өткөрүп жан багып келебиз. Эми бул кырсык бушайман кылып, кошумча түйшүк жаратты. Башкысы, башыбыз аман, балдарыбыз жаныбызда. Бирок колдо бар оокатты аярлап колдонуп, үстүбүздөгү үйүбүз бар деп жүргөн биздин ичибиз ачышып, жаман болуп калдык. Азыр каражатты кайдан алып, кантип ремонт кылабыз, билбейм".

Түп районунда соңку бир аптанын ичинде эки жолу жүргөн селден 150гө чукул турак үй жабыр тартты. Жергиликтүү бийлик анын кесепеттерин жойгондон кийин калк арасында мүлктү камсыздандыруу өнөктүгүн баштамакчы.

Селден улам беш айылда суу каптаган мектеп, бала бакча, медициналык жай жана башка социалдык мекемелердин имараттарын тазалоого жарандык коргонуу, мектеп мугалимдери, жергиликтүү тургундар жана ӨКМдин кызматкерлери тартылган. Азыркы тапта үч айылдын социалдык мекемелериндеги селдин кесепети жоюлду.

Сел каптаган аймактар

7-август күнү Талас облусунун Талас районундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын үч жеринде, ошондой эле Кара-Суу айылынын батыш тарабында да сел жүрүп, анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 22-июлда Нарын облусунда нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.

Июнь айында болсо нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Адистер Кыргызстанда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири чоң экенин белгилеп келет.

Өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматында ар беш же он жылдыкта өзгөчө кырдаалдар, анын ичинен сел жана жер көчкү катталып турат. Мунун баары температуранын жогорулашы жана жаан-чачындын көптүгүнөн болууда. Тагыраак айтканда, 1994, 2012, 2017-жылдары аномалдуу өзгөчө кырдаалдар көп болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1990-жылдан берки 30 жылда өлкө аймагында 5770 өзгөчө кырдаалдар катталган. Анын ичинен 2097 кырсык акыркы 10 жылга туура келет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!


Скидки по поводу и без от Mirihi Island Resort

Назван российский город, откуда в Турцию срочно увеличивают число рейсов, впервые поставив широкофюзеляжный самолет Airbus 330

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Proenza Schouler Pre-Fall 2024


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

America’s Space Infrastructure: So Vulnerable It Destabilizes Geopolitics


Новая технология моделирования ДНК ускорит биомедицинские исследования

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Завершается устройство земляного полотна на дороге с мостом через Обь в районе Сургута

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове


Моя Говорящая Кошка 3.2

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android

В новом трейлере Indiana Jones and the Great Circle Индиана спускается на корабле с горы

Life is Strange: Double Exposure продолжит историю Макс Колфилд



Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России




Четыре проекта из Хакасии в числе победителей конкурса Фонда президентских грантов

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Любови Успенской вернули иск к Филиппу Киркорову на 10 миллионов рублей

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!


Мария Багреева: Москва лидирует среди мегаполисов G20 по уровню безработицы

Русская туристка удивилась, как в Таджикистане относятся к женщинам: "Было страшно"

В парке столичной усадьбы Усачевых-Найденовых отреставрировали скульптуры, беседки и грот

Часы вновь заработали на фасаде Московского вокзала в Нижнем Новгороде


Мирра Андреева может стать новой Марией Шараповой

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира


В Щелкове 14 июня состоится фестиваль многожанровой музыки

"Известия": бизнес исключает рост цен из-за прекращения торгов долларами и евро

Солнечная погода возвращается в Реутов

Бизнес рассказал, что произойдет с ценами из-за новых санкций США


Музыкальные новости

Цискаридзе заявил, что вывел на сцену Волочкову и способствовал ее славе

Цискаридзе впервые высказался о Волочковой

В Туле завершился V этап культурно-просветительского проекта «Классика: история и современность»

Рэпер Моргенштерн заявил, что у него на счетах находится примерно 9 млн долларов



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России


Путин приветствовал в России участников и гостей Спортивных игр стран БРИКС

Казаков, казачек и казачат Кубанского казачьего центра «Баско» наградили за активное участие в Кадетском движении России

«Не кричи!»: Елена Север и Филипп Киркоров представили совместный клип и трек

Кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина пройдет в Тульской области


В ЦДКЖ 18 августа ждут любителей группы «Рекорд Оркестр» на Квартирнике Евгения Маргулиса

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа

Быстрые и Удобные Маршрутки Могилев-Минск


Путин обсудил с и. о. президента Ирана взаимодействие внутри БРИКС

Россия и Турция обсуждают варианты решения проблем с банковскими переводами

LIVE: Путин проводит совещание с руководящим составом МИД России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!





Главный врач клиники "Мегастом", стоматолог Владимир Лосев: что будет, если слишком долго носить брекеты

Серию летних мастер-классов проведет сводный хор «Московского долголетия»

Что могло стать причиной смерти ребенка в кресле стоматолога в Красноярске

Гастроэнтеролог Садыков рассказал, как не допустить отравления бутилированной водой летом


Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»

США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский

Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня


Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Новороссийские шахматисты приняли участие в полуфинале турнира "Шахматные звёзды 4.0"

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен


МИД Белоруссии назвал слова Пашиняна о Лукашенко "недальновидной позицией"

«Скоро бросится на Путина»: американский пудель Пашинян прыгнул на Батьку

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко

Белорусский дипломат оценил непомерные претензии Пашиняна к Лукашенко



Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Собянин: Москвичи взяли четыре медали на международной олимпиаде по биологии

Сергей Собянин. Неделя мэра

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом


РЭО назвал топ-3 регионов по количеству пунктов приема вторсырья

«Москва 24»: при сборе грибов следует ориентироваться на запах и окрас, чтобы не положить в корзину несъедобные

Участникам клуба «Лето Побед» рассказали о защите экологии

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон


Стало известно, как бережливое производство повышает выработку компаний Москвы

Бизнес рассказал, что произойдет с ценами из-за новых санкций США

«Мы наблюдаем возведение нового железного занавеса»: экономисты в Новосибирске прокомментировали введение санкций против ММВБ

В Щелкове 14 июня состоится фестиваль многожанровой музыки


30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»

Более 1500 участников отрядов Поморья отправятся в юбилейное трудовое лето

Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»

Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"


Полиция ищет пассажира, упавшего на ребенка с верхней полки

В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина


Мордовия демонстрирует достижения в сфере туризма на российском форуме «Путешествуй!»

Опыт обеспечения применения современной инновационной продукции строительного назначения на городских объектах обсудили в столице

Часы вновь заработали на фасаде Московского вокзала в Нижнем Новгороде

Мария Багреева: Москва лидирует среди мегаполисов G20 по уровню безработицы












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Бьянка Андрееску

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»






Более 26 тыс врачей и среднего медперсонала работают в Подмосковье

Мордовия демонстрирует достижения в сфере туризма на российском форуме «Путешествуй!»

Солнечная погода возвращается в Реутов

В Подмосковье незаконно хотели создать мусульманскую религиозную организацию