Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УББ) ар кандай кылмышка шек саналып, эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жаран кармалганын билдирди.
Алардын бири С.А. аттуу 40 жаштагы жаран Мадагаскардан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Кыргызстандын банктарынын биринин кызматкери аркылуу төрт адам менен бирге кылмыштуу топ түзүп, өлкөдөн мыйзамсыз акча чыгарып кеткен деп шек саналууда.
ИИМ мындан улам мамлекетке 23 млн доллар зыян келтирилген деп эсептейт.
Мекеме 14-августта Түркиянын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операция жүргүзүп, Бишкек шаарынан 41 жаштагы О.Г. аттуу адам кармалган. Шектүүгө "түрк полиция кызматкеринин ден соолугуна оор залал, мамлекетке материалдык зыян келтирүү" беренеси менен эл аралык издөө жарыялаган.
15-августта эл аралык издөөдө жүргөн 32 жаштагы кыргызстандык жаран Казакстанга өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал каракчылыкка шек саналууда.
Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кайрылуусу менен Алматы шаарынын аэропортунан 42 жаштагы кытай жараны кармалды. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик кылууга шек саналган. Ага 2008-жылы каржы полициясы издөө жарыяланган жана мамлекетке 3 млн сом зыян келтирген деп айтылууда.
2022-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын демилгеси менен ар кандай кылмышка айыпталган 650дөн ашык киши Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.
Кыргызстан Эл аралык кылмыш полициясына (Интерпол) 1996-жылдын 23-октябрында кошулган. Кыргыз өкмөтү 1997-жылы 18-июлда Ички иштер министрлигинин алдында сегиз кызматкерден турган Интерполдун Улуттук Борбордук бюросу түзүлгөн. (TSh)
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Москва киношная: 115 культовых мест
Группа «Город 312» на концерте в Москве посвятила хит «Останусь» проходящей лечение Ае
«Он приехал за мной в клуб. И всё, с этого момента мы начали жить вместе». Оксана Самойлова рассказала о знакомстве с Джиганом в эфире «Шоу Воли» на ТНТ
Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности
Биометрии расширяют границы // Подтвердить персональные данные станет проще
Фильм о Фредди Меркьюри помог российским детям с онкологией