Европа Биримдиги Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тыкыр көз салат. Бул тууралуу Европа парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
“Биз бул боюнча Кыргызстандын бийлиги менен Европарламентте кабыл алынган резолюциянын алкагында сүйлөштүк. Жарандык коом менен дагы пикир алмашуу болду. Өлкөнүн президенти жана парламенттин өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүү болду”, - деди ал.
Ал Европа Биримдиги өнөктөш катары Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактай турганына үмүт кыларын билдирди.
Брифингде Дэвид Макаллистер Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу үчүн өлкө президенти Садыр Жапаров Брюсселге чакырылганын да билдирди. Макаллистер Кыргызстан Евробиримдикти Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.
13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алган.
Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.
Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан, анда «Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет» деп жазылган. (TSh)
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Коба, ты дурак!»: как бывший первый секретарь Симбирского губкома учил товарища Сталина
Новая аптечка, высокий штраф и много камер: что изменится для водителей в ближайшее время
15 июня 2024 года в Муроме состоится уникальный для Владимирского региона фестиваль уличных театров