Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

"Биргелешкен стратегия зарыл". Коңшуларды кыйнаган суу көйгөйү

0

Августтун башында Кыргызстан кургачылыктан улам Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйканчылык райондоруна кошумча көлөмдө суу бере албай калды. Буга улай эле Астана чек арага чектөө киргизип, бир аптадай кыргызстандык жүк тарткан унаалардын кириш-чыгышы кыйындады.

Эксперттер муну Борбор Азиядагы суу ресурстарынан улам жаралган чыңалуунун бир мисалы катары кароодо. Климаттын тез өзгөрүп баратканын эске алганда, Борбор Азиядагы сууга байланыштуу чыңалууну алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Талас дарыясында суу аз

Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Казакстан сугат суу жетишсиздигенен улам 13 райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиевдин айтымында, ушу тапта суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 10 эсе аз. Былтыр ушул учурда бассейинде 100 млн куб суу болгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн куб метр суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык куб метр суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Ал эми Таластын Манас району суунун 20% колдонот. Казакстан сууну алган үчүн компенсация катары Киров суу сактагычында жыл сайын ремонтоо иштерин жүргүзөт.

"Казакстан Республикасы жыл сайын келип ремонт иштерин жасап кетишет. Тендерди өздөрү өткөрөт ошол жактан. Биз алар менен биргеликте кайсы жерлерди оңдоо керектиги тууралуу акт түзөбүз. Ошонун негизинде келип, ремонт кылып кетишет. Бизде Чүй жана Талас суу чарба комиссиясы деген бар. Жалпы баарына жылына 120 млн теңге каралат. Анан канчасы Орто-Токойго, канчасы Кировго же каналдарга бөлүнөрүн комиссия чечет", - деди Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиев.

Киров суу сактагычына Талас дарыясы куят. Ал эми дарыяга жалпысынан 6-7 өзөндүн суусу келип кошулат. Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов белгилегендей, акыркы жылдары Талас дарыясынын өзүндө суу аз болууда.

"2014-жылы акыркы 20-30 жыл ичиндеги суу эң аз жылдардан болду. Быйыл өзүбүздөгү сандарды салыштырсак, тоодон эрип келген суунун көлөмү 2023-жылы 2014-жылга караганда суу 2-2,5 эсе аз болду. Ошондуктан ушундай кырдаал түзүлдү".

Быйыл жаан-чачын жаабай, мөңгүлөр жылдагыдан кеч эриген. Ошондон Талас дарыясында суу аз болуп, Талас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорун сугат үчүн сууну кезектешип алууга аргасыз кылды. Сугат башталгандан тарта Киров суу сактагычына келген суунун көлөмү кескин азайды дейт жергиликтүүлөр.

"Казакстанга маалымат берип турганбыз"

Кировдо суунун аз болгону Манас районундагы дыйкандар менен катар коңшу Казакстандын Жамбыл облусундагы дыйкандарды да бир топ чыгымга учуратты.

Жамбылдын Байзак айылынын тургуну Аманбай Жумабаев 80 сотых жерди ижарага алып жер жемиштин түрүн олтургузган. Кыргызстан Киров суу сактагычы аркылуу суу берүүнү токтоткондон бери жашылчаларына суу жетпей күйүп баратат. Казак өкмөтү ушундай болорун билгенде эртерээк эскертсе болмок дейт.

"Башында биз урук ала электе же талаага себе электе айтканда биз экпейт элек да. Бизге айткан жок да. Суу жок болот десе себип не кылабыз. Канча чыгым кетти. Насыя да алган элек".

Ошондой эле Манас районунун дыйкандары да суу азабын тартып, чыгымга дуушар болгонун байма бай айтууда. Мындан улам дыйкандар кийинки жылдары суу көйгөйү кандай болот деп чочулап турушат.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башчысы Алмазбек Сокеев 23-августта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан келишимде көрсөтүлгөн бардык талапты аткарган, Казакстан протоколдун негизинде лимиттеги сууну алып бүткөн жана казак кесиптештери суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок деп билдирген. Ал ошондой эле жыл башынан бери Киров суу сактагычында суу аз топтолуп жатканын казак кесиптештерине бир нече жолу маалымат берип турганын айткан.

Таластагы мөңгүлөрдүн тең жарымы кыскарган.

Мөңгү боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын Борбор Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту изилдеп чыкканын айтууда. Анын жыйынтыгы менен Талас тоолорундагы мөңгүлөр дээрлик 50% кыскарганын байкаган.

"Кыргызстан боюнча Таластагы мөңгүлөрдүн саны дээрлик 50% кыскарып кеткен. Себеби - климаттын жылышы, анан Таластагы тоолор жапыз жайгашкан. Ошондуктан бат эле эрип кеткен. Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көп эриши Таласта байкалган. Ал эми божомол мындай. Биз мөңгүлөргө басым жасабашыбыз керек. Анткени мөңгүлөрдүн 50% кыскарып кеткенине байланыштуу ал жактагы суунун запасы жаан чачынга, карга көз каранды. Эгерде келерки жылы кыш мезгилинде кар көп жааса, Киров суу сактагычында сунун запасы көбүрөөк болот. Ал жакта мөңгүлөр анча көп роль ойнобой калды".

Ал эми Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов дагы кийинки жылы кургакчылык болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатат.

"Толүк мүмкүн. Баардыгы, окумуштуулар дагы айтып жатат. Айрым жамгыр жаабаган жерлерге жамгыр жаап жатат. Бизде, мисалы, 4-5 жолу жамгыр жаачу эле. Быйыл бир тамчы жамгыр болгон жок. Климат өзгөрүп жатат. Кийинки жылы да суу аз болуп калышы толук мүмкүн".

Ал арада август айында Кыргызстан келишимдеги лимиттин бүткөнүнө жана быйыл суунун аздыгына байланыштуу Киров суу сактагычы аркылуу Казакстанга суу берүүнү токтоткондон кийин кыргыз-казак чек араларындагы Ак-Тилек, Кең-Булуң жана Чоң-Капка өткөрмө бекеттериндеги унаалардын кезеги 20-августтан бери байкала баштаган. Кыргыз коомчулугу муну суу маселесине байланыштырган. Бирок казак бийлиги “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманып, мыйзамсыз иштерге каршы чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстандын экономика министрлиги болсо чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптаган.

Ошентип, кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшыргандан кийин 29-августта жөнгө салынгандай көрүндү.

Суу чатагын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Эл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул кошуна өлкөлөр суу чырын алдын алуу үчүн мамлекеттер аралык келишимдерди кайра карап чыгуу керек деген пикирде.

"Азыр мамлекеттик келишимдерди жаңылаш керек болуп атат. Анткени Борбор Азия мамлекеттери дагы эле 90-жылдары түзүлгөн келишимдерди эле улантабыз деген практика менен жүрүшөт. Бирок дүйнө өзгөрүп жатат, климат өзгөрүп жатат, ресуртардын масштабы азайып, тартыш болууда. Сапаты да төмөндөдү. Менимче, укуктук базаны жаңылап, жаңы келишимдерди түзүш керек. Экинчиден, практикалык механизмдер керек. Сууну үнөмдөй турган жаңы технологияларды колдонуу керек. Ар бир мамлекет аракеттерин кылып келатат. Мисалы, акчалуу мамлекеттер - Казакстан менен Өзбекстан ошол технологияны жайылтканга аракет кылып жүрүшөт. Бизде ал технологиялар чоң масштабда кире элек. Азыр бул маселени бир канча мамлеттерди аралап, чек аралар менен өткөн Амударыя жана Сырдарыяга тиешеси болгон мамлекеттер чогуу отуруп чечиши керек болуп атат. Азырынча андай аянтча жок, ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын алдыга түртүп келет".

Ал эми Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов сууну пайдаланган мамлекеттер биргелешкен стратегия кабыл алуу зарылчыгын белгиледи.

"Суу чыры өтө оорлошуп кетпеш үчүн сууну пайдалануучу мамлекеттер кандайдыр бир биргелешкен стратегияны түзүш керек. Катары менен суу аз болгон жылдары суу сактагычтарда суу топтолбой калганда кандай бөлүштүрүшүбүз керек деген принципиалдуу позицияны такташ керек. Суунун аз болушун болжолдоого болот. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрымдары сууну көп талап кылат, башкасына азыраак керек. Суу аз болоору болжолдонгондон кийин айдоо аянттарын кыскарта туруш керек же сууну аз талап кылуучу өсүмдүктөрдү айдаш керек. Такталган, илимий дилилденген жолдор сунушталып эле келатат, ошолорду гана пайдаланыш керек".

"Суу боюнча көйгөй курчуй берет..."

Борбор Азиядагы суу көйгөйү биринчи жолу чыңалып жаткан жок. Бирок 2016-жылы Өзбекстандын башчылыгына Шавкат Мирзиеёв келгенден кийин жагдай жакшыргандай көрүнгөн. Ал эми маркум президент Ислам Каримов болсо суу боюнча маселелерде курч сүйлөп, атүгүл чек арадагы суу маселеси согушка айланып кетиши мүмкүн деп да айткан.

Аймактагы суу көйгөйү быйыл чегине жетип, айыл чарбасын чыгымга учуратканы турат.

Ошол эле учурда Мирзиеёвдин администрациясы Амударыя жана Сырдарыяда суунун деңгээли 10-20% кыскарарын боолголоп, сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө кырдаал киргизген жарлык чыгарган.

"Чек арасыз дарыялар" коалициясы коомдук уюмунун координатору Евгений Симонов "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде, мурдатан мерчемделген суулар тоодон келбей калганын айткан.

"Жылдын биринчи жарымында Борбор Азия өлкөлөрү ушундай кургакчылыкта сууну көп сарптады окшойт. Көбүнчө суу жетишпей калган учурда кошуналар ортосунда ушундай чыңалуулар болот. Аларды чечүүнүн жолдорун карагысы келбейт".

Жылдан жылга суу көйгөйү курчуп бараткан Борбор Азияда суу кырдаалын жөнгө салуу үчүн Ооганстан менен сүйлөшүү оор болоорун адистер белгилешет. Анткени 2022-жылдын башында талибан бийлиги өлкөнүн түндүгүнө чоң канал куруу долбоорун сунуштаган.

Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат. Канал Өзбекстан менен кызматташтыкта курулары айтылган менен, өзбек бийлиги сарсанаа болууда. Анткени каналды курууда өткөн кылымдын технологиясы колдонулуп жатат, мындан улам суунун дээрлик жарымы максатына жетпей чөлдө жок болот деп божомолдошкон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



В Воскресенске росгвардейцы задержали гражданку, находящуюся в федеральном розыске

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends


Каникулы на Сейшелах

За запрет туризма ответите: в Москве несостоявшийся турист разбил камнем посольство Норвегии в знак протеста против закрытой границы

Регистрация на Международную выставку FASHION STYLE RUSSIA ОТКРЫТА!

Дети Азии приняли директоров крупнейших цирков - Театр и Цирк, Культура и Концерт - Россия и Дети


Cubs Suffer Another Devastating Injury to Starting Rotation

Mets survive late barrage to beat Yankees in Subway Series opener

Why does former Man Utd striker Memphis Depay wear a headband and what is written on the Dutch footballer’s headgear?

Who could England get next in Euro 2024 knockout stage after going through to last-16?


Дети Азии приняли директоров крупнейших цирков - Театр и Цирк, Культура и Концерт - Россия и Дети

Инициатива об увеличении лимитов ОСАГО в рамках европротокола – мнение экспертов

Более 12 млн раз проехали автомобилисты по платной трассе М-12 Восток

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие


The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players

Для Dark and Darker Mobile проходит короткий бета-тест на iOS и Android

'I absolutely suck at video games': Hidetaka Miyazaki discusses how he prepped for Elden Ring: Shadow of the Erdtree

All Destiny 2 Prismatic fragment locations


Робота водієм у Таксі 571 (Київ)


29 июня на играх «Дети Азии» состязания пройдут по десяти видам спорта

"Интеррос", "Атомайз", Эрмитаж и Т-Банк готовят второй этап проекта «Цифровое искусство»

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Участие в СВО признали побегом // Заочно арестован подсудимый, сбежавший в вооруженные силы




Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

РБК: концертный рынок РФ испытывает сложности из-за нехватки выступлений

Практика социального предпринимателя из Архангельской области признана лучшей на всероссийском конкурсе

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие


Академия Генерального штаба: от эпохи Николая I до Русско-японской войны

Реконструкцию Тамбовской филармонии вновь не уложили в сроки

В Подмосковье вручили награды самым активным представителям молодежи

Подмосковный Зарайск заключил соглашение с Беларусью


Российские теннисисты Хачанов и Самсонова отказались от участия в ОИ‑2024

Хачанов и Калинская выступят на турнире в Вашингтоне, который пройдет во время Олимпиады

Зарина Дияс сотворила громкую сенсацию на Уимблдоне-2024

Теннисистка Калинская не примет участие в Олимпиаде, несмотря на допуск от МОК, сообщил Тарпищев


Возбуждено уголовное дело по факту гибели людей при пожаре в Балашихе

Воробьев: концертного зала на месте сгоревшего «Крокуса» не будет

Депутат Пискарев: США не скрывают, что их посольство вмешивается в дела России

Воробьев сообщил, что на месте «Крокуса» больше не будет концертного зала


Музыкальные новости

Певец Алекс Анохин стал участником III Всероссийской музыкальной ассамблеи

Всероссийский фестиваль под художественным руководством Надежды Бабкиной пройдет в Псковской области

Гром среди ясного неба: Семья Нетребко и Эйвазова не выдержала испытания «Крокусом»

Певец Костюшкин заявил, что не будет встречаться с 18-летней как Лепс



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

Пожилой мужчина погиб при лобовом столкновении с грузовиком в Подмосковье

"Интеррос", "Атомайз", Эрмитаж и Т-Банк готовят второй этап проекта «Цифровое искусство»

В Воскресенске росгвардейцы задержали гражданку, находящуюся в федеральном розыске


Иерей Александр Туховский: "Братья и сестры, прошу помочь моей семье, священнику, вдовцу, отцу троих детей..."

Песков подтвердил информацию о подготовке визита Аббаса в Москву

НА ОЛРЗ ПРОШЛО ОБУЧЕНИЕ В РАМКАХ РЕАЛИЗАЦИИ ПРОЕКТА РАЗВИТИЯ ПРОИЗВОДСТВЕННЫХ СИСТЕМ

«Магнит» и Everland запускают социальную программу для молодых людей с инвалидностью в 10 регионах


За чем люди едут в слободу Петровку?

В клубном доме Artisan на Арбате открылись продажи редких коммерческих площадей под «тихий» ритейл

"Кровь с асфальта тут же смывали": что творилось за кулисами "Черкизона"?

Автомобиль загорелся на площади Рогожская Застава в Москве


Путин указал на важность науки и образования для развития России

LIVE: Встреча Путина с выпускниками РАНХИГС

Выпускные вечера пройдут в России 28 и 29 июня

Какой шаг Путина может обесценить доллар, объяснил Глазьев





Московские студенты пройдут производственную практику в онкодиспансере в Балашихе

Простой способ охладиться в аномальную жару подсказал московский врач

Гастроэнтеролог Садыков назвал дыню натуральным средством от запоров

Пробил голову самокатом. Пятилетняя девочка попала в реанимацию в Москве



Медальный зачет Игр «Дети Азии» 28 июня: по-прежнему впереди Узбекистан

29 июня на играх «Дети Азии» состязания пройдут по десяти видам спорта

Деликатес в чаше: всего по чуть-чуть

Роспотребнадзор запретил купаться на пляже «Динамо» и Головинских прудах Москвы


Лукашенко рассказал о совместном развитии России и Беларуси

Посол Беларуси: Визит Лукашенко придал дополнительный импульс развитию двустороннего сотрудничества



Собянин: В этом году в ТиНАО будет благоустроено несколько больших зон отдыха

Сергей Собянин подвел итоги конкурса «Новатор Москвы»

Собянин поздравил Московский продюсерский центр с юбилеем

Сергей Собянин поздравил москвичей с Днем молодежи


На российскую столицу надвигается африканская жара

"Интеррос", "Атомайз", Эрмитаж и Т-Банк готовят второй этап проекта «Цифровое искусство»

Экономическая ценность деревьев в экосистеме города

Синоптик Ильин: Аномальная жара отступит из Москвы к середине следующей недели


Сильный пожар в общежитии с мигрантами в Балашихе: есть погибшие

В отеле «Эдем» в Подмосковье выявили кишечные инфекции, начали расследование

Показаны кадры работы американской летающей батареи Ghostrider

Воробьев сообщил, что на месте «Крокуса» больше не будет концертного зала


В Димитровграде проводят чемпионат России по парусному спорту в классе «микро»

Архангельская область войдет в федеральный историко-культурный туристический проект «Императорский маршрут»

АО «Транснефть - Север» выпустило молодь атлантического лосося в реку в Архангельской области

АО «Транснефть - Север» выпустило молодь атлантического лосося в реку в Архангельской области


Водитель так торопился к морю, что вдребезги разбил о дерево свою жизнь

Выставка-предупреждение «Лицо беды»

В Симферополе пройдут антитеррористические учения

На участке западного обхода Симферополя ограничено движение до ноября


Подмосковный Зарайск заключил соглашение с Беларусью

«Лето в Москве»: в Вешняках пройдут выступления кинологов с собаками

Литий и мясо ламы — интересы РФ не пострадали из-за попытки переворота в Боливии

Эксперт Коротченко заявил, что ответом на РСМД США могут быть "Искандер-М"












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона






Реконструкцию Тамбовской филармонии вновь не уложили в сроки

Подмосковный Зарайск заключил соглашение с Беларусью

Академия Генерального штаба: от эпохи Николая I до Русско-японской войны

Игорь Руденя поздравил жителей Андреапольского округа с Днем муниципального образования