Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирди. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу элчиликтин 20-ноябрдагы билдирүүсүнө таянып “Озодлик” радиосу жазды.
Маалымат боюнча, элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташып жатат. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШга Мексикадан өтүү жолу кооптуу жана кымбат экенин эскертти.
18-октябрда “Озодлик” АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Еврошаркеттен Америкага бет алган тажик жана өзбек жүргүнчүлөргө транзит визасын киргизүүнү өтүнгөнүн маалымдаган. Вашингтон ошол өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза режимин катаалдаштыруу ыктымал террористтердин келишин алдын алууну көздөрүн билдирген. Анын алдында өзбекстандык бир нече киши АКШга Мексика чек арасынан “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен өткөнү аныкталган.
Август айынын этегинде журналисттер Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз жөнөтүп турган түйүндүн бети ачылганын жазышкан. Америкалык расмий булактардын маалыматында, ал түйүндүн кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук уюм менен байланышта болгон. Алар аркылуу Кошмо Штаттарга кирген 120 өзбекстандык мигранттын 15ине Федералдык иликтөө бюросу издөө салган.
13-октябрда Fox News телеканалы америкалык чек ара кызматы берген маалыматтын негизинде акыркы эки жылда Өзбекстан АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандардын саны жагынан Түркия жана Мавританиядан кийинки үчүнчү орунга чыкканын кабарлаган. Канал ошол аралыкта 13 624 өзбекстандык АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенгенин кошумчалады.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Якубовский Валерий Иванович
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Прощайте, я от вас улетаю
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Следствие попросило продлить арест экс-замминистра обороны Иванова
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 7 баллов вечером 14 июня