Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун ар кайсы аймактарында жаштар арасында криминалдык кагылышууларды уюштуруп жүргөн адамдар кармалганын кабарлады.
Мекеменнин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүп, айрымдары Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун "кароочусу" деп атап алышкан.
"Алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган. Криминалдык кагылышуулар коомдук жайларда, адамдардын денесине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп келген", деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында мурда түрдүү кылмыштар боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылган З.у.Т. жана А.у.Н. аттуу жарандарды кармады.
Алардын автоунааларын жана жашаган жерин тинтүү учурунда жашырып алып жүрүү максатында конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылган. Курал-жарактарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштер жүрүп жатат.
4-октябрда атайын кызмат “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин өлтүрүшү жөнүндө расмий маалымат таратып, ал кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүн билдирген.
Көп өтпөй мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде өлкөдө "кримдүйнө" деген болбошу керектигин айткан.(ZKo)
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Артисты – они все особенные!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году
Праздник для детей и родителей-доноров в центре трансплантологии имени академика Шумакова