Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Каптагаев: Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек

0
Каптагаев: Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек

“Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек”. Мындай пикирин коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" маегинде билдирди.Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдо нааразылыктарга себеп болушу мүмкүн. Каптагаев сунушталган тууну вариантындагы кемчиликтер, учурдагы талаштуу жагдайдан чыгуунун жол-жобосу тууралуу пикири менен бөлүштү.

- Кыргызстанда соңку күндөрү мамлекеттик туу, анын айрым элементтерин өзгөртүүнүн айланасында чоң талкуу болууда. Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууда кабыл алууга жетишти. Бул маселени талкуулап, каршы чыккандар болууда. Алардын арасында сиз дагы барсыз. "Мындай аракет мамлекеттүүлүккө доо кетириши мүмкүн" деп эскертип жатасыз. Мамлекетке эмнеси менен доо кетирет жана жалпысынан кесепеттин тереңдигин эмнеден көрүп жатасыз?

- Мамлекет, мамлекеттик бийлик - булар эзелтеден өзүнүн ички сыйкыры, ички күчү бар институттар. Элдин башын бириктирип турат. Элдин гана башын бириктирбестен, сыртка, ичке, баарына сес берип турган нерсе - бул мамлекет, мамлекеттүүлүк. Мамлекеттүүлүктүн символдору бар. Мамлекеттүүлүктүн эң алдыда турган биринчи символу - туу. Тээ эзелтеден герб, гимн деген болгон эмес. Ырас, ар бир уруунун эн тамгалары болгон. Бирок жалпы кыргыздар көтөргөн герб сыяктуу тамганы уккан эмесмин, билбейм. Ал эми бүтүндөй элди бириктирген жалпы туу болгон. Мындан 1200, 1300 жыл мурдагы кытай жазууларында: «Кыргыздар кызыл туу көтөрөт. Туусунда ар бир уруу өзүнүн белгисин коюп алат», - деп жазылып турат. "Кызыл туу, кызыл өң менен бир туунун астында туралы, бир туу көтөрөлү, бир мамлекет катары бир бүтүндүктө бололу" деген мааниде. Мамлекеттүүлүктүн негизги символу - туу. "Тууну өзгөртөбүз, туу мындай же тигиндей болуп калыптыр" деген сын түптүз эле мамлекеттүүлүктүн өзөгүнө, түпкүлүгүнө доо кетирет.

Мына 1991-жылы кыргыз мамлекети жаралды, азыркы туу кабыл алынды. Ал эгемендиктин туусу деп, баарына сиңип калды. Ошол 30 жылда бир муун жаңырды. Ал кезде төрөлгөндөр 30 жаштан ашты. Ал кездеги 30 жаштагылар эми 60тан ашып, 40-50 жаштагылар азыр 80-90го чыгып, кадыресе аксакал болуп калышты. Баары жүрөгүндө "Биз, кыргыз, эгемен мамлекет болдук» дегендеги биринчи белги туу болду. Ошол тууну жектеп, өгөйлөп, жаңысын жасайбыз дегендин өзү эгемендикке, эгемендиктин символу катары тууга, мамлекеттүүлүктүн өзөгүнө чабуул. Кийинки жылды, 1924-жылды "Соңку жаңы тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра калыбына келүү, кайра түзүлүү жылы" деп белгилейбиз деп жатышат. 100 жыл болду деп жатабыз. Бир колу менен жасайм дегенди экинчи колу менен шыпырып жатпайбы. Мамлекеттин 100 жылдыгын белгилөөнүн өзөгүндө баары бир "мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекетке карата сыйды, сыймыкты орнотолу" деген маани жатат. Болбосо 100 жылдыкты белгилеп эмне кереги бар. Оң колуң менен жасайм дегенди, сол колуң менен "тууну алмаштырабыз" деп жыга чапкандай болуудабыз.

- Ушул демилгени көтөрүп чыккандардын, сунуштаган депутаттардын негизги мотиви эмне болушу мүмкүн? Эстетикалык табит жөнүндө кеп кылуудабыз да. Туудагы күн жана анын нурлары күн карамага окшошуптур деп депутаттар жаңы вариантты сунуштап жатышпайбы?

- Эстетикалык табит жагын айта албайбыз го дейм. Анткени азыр сунушталып жаткан туунун эскизи мурунку туунун караанына жакын дагы жолой албайт. Азыркы туунун нурун түз кылышты, түндүктүн диаметрин кичирейтип жатышат. Кеп чамгарактын ичиндеги чабактын санында эмес. Мурунку тууда чамгарактын диаметри, күн менен дал келгенсип тургандыктан улам, түндүгүбүз көтөрүлгөнсүп, өзү нур чачып тургандай энергетикасы бар болчу. Мындай нерсе оңой менен жаралбайт. Кудайдан болуп, өзүнөн-өзү жаралып калган символика. Андай жөн эле тартып, жаратуу кыйын. Мына ушундай өзгөчө энергетикага ээ. Толкунданбай карай албайсың, көтөрө албайсың. Ошондон улам биздин белгилүү спортсмендерибиз Айсулуу (Тыныбекова-ред) деле, маданият ишмерлери деле айтып жатышпайбы: "Башка тууну мен тааныбайм, билбейм", - деп. Кептин баары ошондо да. Ушул туу менен өсүп, ушул туу менен карманып калгандан кийин, бул тууну мындан ары бийик көтөрүү - ар бирибиздин милдетибиз. Менин жеке оюмча, кандайдыр бир күчтөр же болбосо көзү ачык, бүбү бакшылар көп, ошолор бийлик башындагы кайсы бир адамдарга пикир жаратып, ынандырып койгон болуш керек.

"Ак үйдү жаңыртып, жаңы салыш керек, тууну жаңыртыш керек. Баарын жаңылабаса, 30 жылдан бери канча жолу революция болуп кетти, канча кан төгүлдү" деп ырым-жырымдап, мыктай кагып коюшу мүмкүн. Башка себепти менен көрө алган жокмун. "Күн карамага окшошуп калыптыр" деп жатышты эле. Макул, күн карама, а бирок аты күн карама болгону менен, эч кандай жаман өсүмдүк эмес, негизи. Бирок азыркысын эмнеге гана окшоштурушкан жок. Тикенеги уйгак деп, баканын көнөк баштарына чейин кетип калды. Туулбай жатып тунган деген кеп бар го. Бул туу жаралбай жатып, эч кандай абройго ээ болбой, тепселенди. Эми ушул тууну алып, мамлекеттүүлүктүн белгиси катары ыйыктыкка ээ кылуу практикалык түрдө мүмкүн эмес. Анткени элдин ичинде ушундай пикир жаралып калды. Бул тууну эмне кылып мактасаң дагы, эртең эч ким сыймыктануу менен карабайт. Караса эле, көзүнө ошол көнөк баш же араа көрүнө берет. Бул сиңип калды. Бул жерде туунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков: «Параметрлерин тактап, улам жасай беришип, күндүн нурлары кыскарып көркү кеткенсип калды», - деди. Ошондуктан пропорцияларын так бекитип, ошол эле туунун өзүн калтырса, менимче, баары үчүн утуш болмок.

- Дал ушул авторлор демекчи, депутаттар соңку аракетти туунун айланасындагы талкуу болуп жаткан, тууну иштеп чыккан авторлор "алгачкы варианттын айрым элементтери четтеп кеткен" деген жүйөлөрдү келтирип, парламентке чейин сөз болуп кетпедиби. Сиз коомдук-саясий турмушка 30 жылдан бери аралашып келесиз, тууну кабыл алып жаткан учурда катышкансыз. Ал учурда дагы талаш-тартыш болуп, ар кандай варианттар, сунуштар берилген. Ошонун баарын козгоп, азыркы менен салыштыруу канчалык деңгээлде туура?

- Германияда немистер миң жылга жакын бир эле символ катары бүркүттүн сүрөтү көрсөтүлгөн гербди көтөрүп жүрүшөт. Ал сүрөттү карап отуруп, бүркүт деп айта албайсың. Бирок мына миң жылдан бери көтөрүп жүрүшөт. Орто жолдон Гитлер тибет, будда, ламалардын ыйык кайчылаш белгисине алмаштыра койгон. Немистер бирок кайра эле кайтышты. Анткени муну символ, белги, тамга катары кабыл алыш керек. Авторлор жөнүндө сөз болуп калды. Бек Жайчыбеков азыркы тууну өзгөртпөй керек деп ыйлап айтып жатпайбы. "Мал боор эт менен тең" дегендей, өзү отуруп, иштеп чыккан нерсе. Чынын айтканда, жаны кейип жатат. Көрүнүп эле турат. Дагы автормун деген бирөө Жогорку Кеңеште сүйлөп отурат. Эми бул депутаттар үчүн дагы уят, автормун деген сүрөтчүсүнө дагы уят. Ошол жерде отуруп, синус, косинус, котангенс деп ар нерсени айтып, депутаттардын башын оорутту. Чын-чынында туунун эскизин жасаш үчүн эч кандай синус, косинустун кереги жок. Компьютердик графика менен каалагандай пропорцияда мектептин окуучусу үч мүнөттө жасап коёт. Өкмөт, ошондой синус, косинус менен жасаганын, өзүнүн корутундусунда берди, «ошол берген пропорция менен чийсек, туунун тикенектери, туунун сыртына чыгып кетет экен» деп. Мына чала сабаттуулук. Өзүнүн чала сабатында кандайдыр бир терең теориялык нерсе менен далилдеп, тууну айтып жатам деп ойлоду. Бирок ошол сөздөрү менен Жогорку Кеңештин баарынын, өзүнүн абийирин кетирди. Ошону угуп, баш ийкеп отурган депуттардын бирөө токтотуп койсо болот да. «Косинус, синустун кереги эмне? Кантип эсептедиң? Анда бул үч бурчтуктун ички бурчтарын, жактарын эсептеп көрчү» деп бир эсеп бере койсо эле, чыгара албайт. Кептин баары тең чала сабаттыкта. Тууну алмаштырабыз дегенге башка жүйө табылбай, анан бир нерселерди айтыш керек болуп калдыбы беле. Ошондон улам автормун деген киши дөөрүп отурду да, чынын айтканда.

- Депуттар биринчи окууда кабыл алды. 66 депутат «макул» деди. Анын авторлору Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп, акыркы түшүндүрмөлөрү боюнча аны аягына чыгарууга камынып калгандай. Бирок президент, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер азыр эмнелерди эске алышы керек? Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов социалдык тармактарда «депуттар элдин пикирин, эркин эске алат» деп ойлойм деген билдирүү жасады. Бул эмнеден кабар берет?

- Менин оюмча, бул анын мамлекеттик катчы катары жеке, ички бир толгонуусу. Бирок ал деле: «Мен ушундай өзгөрүүгө каршымын. Мындай өзгөрүүнү кабыл ала албай турам» дей алган жок да. «Мага дагы жакты» деп койду. Бул билдирүү эч нерседен кабар бербейт деп ойлойм. Анткени «жасайбыз дегенин жасайбыз, алабыз дегенин алабыз» болуп, элдин пикирин, коомчулуктун пикирин деген такыр эске албай жатышат. Коомдо андай түшүнүктөр калып баратат. Бир топ эле калып калды. А түгүл Союз убагынан бери келе аткан тартип коомчулуктун кайрылуусуна жооп берүү, кандайдыр бир жарандардын каттарына жооп берүү бул сөзсүз талап болчу. Канча күндө кайсы бир мамлекеттик орган болсун, ошол катка жооп бериши керек эле. Азыр жооп бербей деле калды. Жайнаган кайрылуулар массалык маалымат каражаттарынан айтылып, жазылып жатат. Ошолорго бир түшүндүрмө, комментарий берип, элге туурасын түшүндүрүп же болбосо жокко чыгарып, же макул болуу салты да жок болуп калды. Мына ушул жагдайларды эске алганда жаңы сунуштаган эскизди өткөрүшөт. Бирок бул туу, өзүмдүн ички туюмумда, ачык эле жаздым, мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин туусу катары кабыл алынбайт. 5, 10 жыл болобу, бийлик алмашканда, кийинки бийлик сөзсүз өзгөртөт. Эгер кийинки бийликтин кандайдыр бир акылга сыярлык логикасы болсо, кайра мурунку тууну алып келет. Болбосо алар дагы «өзүбүз билебиз, кыйынбыз» деп дагы бир сүрөттү алып чыгып, элдин башын оорутуп, ызы-чуу жаратышат. Менин оюмча, азыркы сунушталган тууда эч кандай келечек жок. Анткени туулбай, жаралбай жатып, көтөрүлбөй жатып, тамтыгы чыкты. Эч кандай сыйкыры дагы, күчү, кубаты дагы жок.

- Бул кырдаалдан чыгуунун жолун сиз кандай көрүп жатасыз? Айрымдар "референдум өткөрөлү, элдин пикирин билели" деген сыяктуу сунуштарды айтып жатышпайбы…

- Менин оюмча, референдумга чыгарып, андан ары ызы-чуу кылуунун деле эч кандай кажети жок. Эки жыл мурда президент Садыр Жапаровдун туу жөнүндө айтканы социалдык тармактарда аябай тарап кетти. Ошол сөзүнө кайтып эле: "Эми элге ушунча сиңип калыптыр, чынын айтканда, ар кандай пикирлер болду эле. Бирок эгемендиктин символу катары ушул эле тууну калтыралы", - деп айтса, бүгүн президенттин утушу болот.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus



Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России


Курорт «Горячинск» поддерживает «Балет на Байкале. Бурятия»

Dior Resort 2025

Где недорого отдохнуть в июле? Россиянам раскрыли все карты по турам за рубеж и по России

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season

America’s Space Infrastructure: So Vulnerable It Destabilizes Geopolitics

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!


Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Якубовский Валерий Иванович

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки


Real Commando Shooting 3D 6.0

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android

MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

Моя Говорящая Кошка 3.2



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»




Вильфанд: москвичей на выходных ожидает замечательная погода

Храм Преображения Господня в Коммунарке

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В Туле перевозчиков будут штрафовать за высадку из транспорта инвалидов I группы


Синоптики пообещали москвичам кратковременный дождь и до +27 градусов 15 июня

Брянск принимает Атлантиду

Индия начнет поставки в Россию картофеля и гранатов

Работавшая на мошенников школьница сдалась полиции в Челябинской области


Блинкова вылетела с турнира WTA в Хертогенбосхе

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Хертогенбосе


Якутские школьники участвуют в историческом форуме «Маршал Жуков» в Музее Победы в Москве

Синоптик Ильин предупредил, что в Москве этим летом возможно образование смерчей

Подберезовики, местами — лисички. Какие грибы собирать в Подмосковье в июне

Работавшая на мошенников школьница сдалась полиции в Челябинской области


Музыкальные новости

Барецкий пригласил Моргенштерна выступить в России

В Fortnite прибудет группа Metallica и новый режим

Фестиваль «Гений места», посвященный Игорю Стравинскому, откроется в Ораниенбауме 15 июня

Шоумен Барецкий: у нас с Моргенштерном будет концерт 28 июня



«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу


Сергей Собянин. Неделя мэра

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого гражданина в ранее совершенной краже

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Военнослужащие Красноярского соединения стали призерами Чемпионата Сибирского округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Виновник сделал вид, что ни при чем: что известно о смертельном ДТП в Благовещенске

Расписание движения пригородных поездов СЗППК изменится с 11 по 12 июня 2024 года

Прокуратура: таксист сбил 4-летнего ребенка на велосипеде на юго-востоке Москвы

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа


Путин: если Киев откажется от переговоров, новые условия России будут другими

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке

Путин приехал на Смоленскую площадь для встречи с руководством МИД РФ

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!





Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom

Около 100 сотрудников подмосковного главка Росгвардии приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»

В Москве при побеге от родителей невесты молодой человек сломал позвоночник

Стоматолог Татьяна Сумцова: как стресс влияет на здоровье зубов


Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»

США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский


Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов 12 июня установил мировой рекорд по чеканке мяча в «Лахта Центре»

В Москве вручили премию МУЗ-ТВ — 2024

ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту


Армения выразила протест Минску из-за заявлений МИД Белоруссии

Пашинян предложил Лукашенко извиниться перед армянами из-за слов про Карабах. Что на это ответили в Белоруссии?

За что Лукашенко должен извиняться перед Арменией?

Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко



Созданный нейросетью Собянин выманил у заслуженного врача РФ 4 млн рублей

Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Собянин: Объем закупок у малого бизнеса с 2024 года составил почти 227 миллиардов

Собянин: Москвичи взяли четыре медали на международной олимпиаде по биологии


Мособлдума организовала выставку «Экологическое воспитание.Раздельный сбор мусора»

Синоптик Ильин предупредил, что в Москве этим летом возможно образование смерчей

Составлен ТОП-3 регионов-лидеров по числу пунктов приема вторсырья

Призыв лидера движения «Всеармянский фронт» оказать помощь пострадавшим после наводнения


Вильфанд: москвичей на выходных ожидает замечательная погода

["Кони привередливые"] "Коней на переправе меняют": Москва развернула нефтяные танкеры у Нью-Дели, наконец проявив решительность, которую не ожидали даже в Вашингтоне. "Дружба-дружбой, а табачок..."

Работавшая на мошенников школьница сдалась полиции в Челябинской области

Московские авиалайнеры 15 июня в аэропорту Владивостока прилетают и вылетают вне расписания


30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»

Больше 90 тысяч жителей Архангельской области являются донорами

Архангелогородцев и гостей города приглашают посетить мероприятия фестиваля «Гармоничная Россия»

Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"


Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина

Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

Севастополь появился на вышитой карте Крыма

В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду


Храм Преображения Господня в Коммунарке

Якутские школьники участвуют в историческом форуме «Маршал Жуков» в Музее Победы в Москве

Вильфанд: москвичей на выходных ожидает замечательная погода

Московские авиалайнеры 15 июня в аэропорту Владивостока прилетают и вылетают вне расписания












Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Бьянка Андрееску

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»






Московские авиалайнеры 15 июня в аэропорту Владивостока прилетают и вылетают вне расписания

Индия начнет поставки в Россию картофеля и гранатов

Брянск принимает Атлантиду

Яд в бульоне. Врач объяснила, из каких съедобных грибов не стоит варить суп