Иран оппозициясынын өкүлү Захра Рахнавард бийлик чектөөлөргө баш ийбей, эркиндикти талап кылган студенттерди болуп көрбөгөндөй куугунтуктап жатканын билдирди.
13 жылдан бери күйөөсү менен үй камагында отурган Рахнавард мындай комментарийин Ирандагы студенттер күнүнө карата Kalameh сайтына берген. Бул портал оппозициячыл көз карашы менен белгилүү.
“Иранда бир да бийлик студенттик кыймылдарга улуттун тагдырына таасир этүүгө тоскоолдук жарата албаган”,-деген Рахнавард.
Ал ошондой эле бийликтин студенттерди, университеттердин мугалимдерин куугунтукка алышын кескин сындаган. Рахнаварддын айтымында, бул аракеттердин баары иран өкмөтүнүн эл аралык аброюна шек келтирди. Иранда студенттер социалдык жана саясий акцияларга активдүү катышып келишет.
1999-жылы студенттер реформаларга басым жасаган басылманын жабылышына каршы чыгышкан. Тегеран университетинин жатаканасына жасалган рейд маалында студенттер менен полиция кагылыша кетип, бир студент мүрт кеткен. Былтыр 22 жаштагы студент Махса Аминин өлүмү университеттик шаарчаларды кайрадан каршылык акцияларынын уюгуна айлантты. HRANA маалымат агенттиги кабарлагандай, Амининин өлүмүнө байланыштуу тутанган толкундоолордо кеминде 700дөй студент камалган.
Рахнавард Ирандагы оппозицялык партиянын лидери Мир-Хусейн Мусавинин аялы. Мусави 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөткөн.
2011-жылы анын тарапкерлери Тегеранда өкмөткө каршы акция уюштурганда камакка алынган. Ошондой эле аялдардын укугун коргоо менен алектенген Захра Рахнавард да камалган.
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Завершено масштабное обновление трассы М-4 Дон в Ростовской области
ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Финэксперт Тальдрик: покупать иностранную валюту лучше после стабилизации курса
Подберезовики, местами — лисички. Какие грибы собирать в Подмосковье в июне
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу