Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн 77 арыз боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес жана тартипке ылайык толуктап иштеп чыгуу сунушу берилген. Бир арызды берген тарап чакыртып алган. Министрлик үч кайрылууну кароодон баш тарткан.
Министрликтин Facebook, Tik Tok, YouTube, Twitter, Telegram, Instagram менен кызматташуу боюнча келишими жок болгондуктан эки кайрылуу боюнча жалган маалыматтарды өчүрүү мүмкүн эмес деген кат жөнөтүлгөн.
Үч кайрылуу боюнча kloop.kg жана nazarnews.kg сайттарынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги nazarnews.kg боюнча чыккан чечимин кайра кайтарып алганы белгилүү болду.
“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келишет.
Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. (BTo)
Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.
Лифтинг — Коги (нити с насечками)
«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
Пегас сделал важное заявление по Египту: стали известны цены на туры на предстоящую зиму
Выставку ко Дню медицинского работника подготовили в центрах госуслуг
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году
Риелтор Сырцов назвал три безопасных для аллергиков округа Москвы
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая