Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт жаңы салык саясатын аягына чыгарып, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) сөзсүз ишке киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-декабрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Өкмөт башчы ноябрдын аягы, декабрь айынын башында Бишкекте жана аймактарда ККМге каршы нааразылык акцияларды уюштургандар тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын аты-жөнү ачык жарыяланарын кошумчалады.
“Биз 10 айдын ичинде “Дордой” базарынан 38 млн сом алыптырбыз. 2021-жылы патентке 72 млрд сомдун товарын жазып коюшкан. Биз патенттен болгону 1 млрд 802 млн сом чогултабыз деп элдин баарына жаман аттуу болуп атабыз. ККМди Кыргызстан боюнча коюп чыгабыз. Алты ай бою базарларда, соода жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Бирок товарды ким алып келип атат, ал уурдалганбы, бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп алынган товарбы же адал жол менен алынып келгенби биз билишибиз керек”.
29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкектеги жана аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар бийликтен патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.
Президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.
Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат. (BTo)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Молодые специалисты «Газпромнефть - Битумные материалы» продемонстрировали эффективное решение в финале «CASE-IN»
Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности