Боршайком Улан Сариевге депутаттык мандат берди
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-апрелде №19 шайлоо округунан талапкер Улан Сариевге депутаттык мандат берди.
8-апрелде БШК бул округдан шайланып келген Абдылдабек Эгембердиевди өзү жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.
№19 шайлоо округу боюнча андан (5 316) кийин Рамис Жунусалиев (4 767) көп добуш алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны 2025-жылы декабрь айында алдамчылыкка айыптап кармаган. Ал тергөө абагынан мандаттан баш тартуу боюнча Боршайкомго арыз берип, кийин эркиндикке чыкты.
Бул округдан көп добуш алгандардын тизмесинде кийинки орунда Улан Сариев (4 746) болчу.
2023-жылы 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Анда талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Мунун алдында БШКга УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат түшүп, Улан Сариев коюлган дооматты четке каккан. (BTo)
