ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду
Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу жана оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-ноябрдагы жыйынында биринчи окууда кабыл алды. Документти Министрлер кабинети сунуштаган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып калган. Ушундан улам алар патент менен иштеп келатат. Читать дальше...