Бишкекте тез татым жайынан шаурма жеген 23 адам ууланды
Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылгандар 23 адамга жетти. Алардын ичинен бешөө балдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” 16-январда Республикалык инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди. Анын маалыматына караганда, 23 кишинин 18и Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылып, калган бешөө үйдөн дарыланууга жиберилди. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана... Читать дальше...
