Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Сентябрь
2019

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтөт

0
Бүгүн, 8-сентябрда Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтөт. Биринчилерден болуп таңкы 8де Чукоткадагы шайлоо бекети ачылды. Бул аймакта административдик борбор – Анадырь шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаттары шайланат. 


Ушул жекшембиде Орусияда ар кандай деңгээлдеги алты миңден ашуун шайлоо өтөт. Ага ылайык, 19 аймактын башчылары шайланат. Федерациянын бир катар субъектилеринде, андан тышкары Орусия аннексиялаган Крым менен Севастополдо муниципалдык жана аймактык шайлоо өтөт. Ошондой эле талапкерлерди каттоо маалында нааразылык чыккан Москва шаардык кеңешине да депутаттар шайланат.


Шайлоо өнөктүгү Москвада массалык нааразылык акциялары менен коштолду.


«Коммерсантъ» гезити белгилегендей, көйгөйлүү аймак катары талапкерлердин 11% жана 25% гана катышкан Санкт-Петербург шаары жана Астрахань облусу эсептелүүдө. Ал эми губернаторлукка талапкерлигин койгон эркектер аялдарга караганда беш эсе көп.




Москвалыктар июль айынан бери бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар. 



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рыбакина и Путинцева узнали свои места в новом рейтинге WTA






Актер рассказал, как крымчане могут попасть в кино

Стартовали съемки сериала «Дорогой Вилли»

Renault Megane в состоянии «капсулы времени» оценили дешевле Lada Granta

Петербург начал догонять Москву по числу камер наблюдения на улицах