Путин Дүйнөлүк экинчи согуш бүткөн датаны жылдырды
Буга чейин орус президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңеш согуш бүткөн датаны жылдыруу аракетин «жаңылыштык» деп мүнөздөп, 3-сентябрда Беслан окуясы эскерилерин билдирген.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү согуштун аякташын 2-сентябрда белгилеп келишет. Себеби 1945-жылы бул күнү Жапония расмий түрдө багынганын жарыялаган. Бирок орус парламенти өткөн аптада жактырган мыйзам долбоорунда Дүйнөлүк экинчи согуш аяктаган күн катары 3-сентябрь белгиленген. Ошондой эле документте 1945-жылы бул күнү Советтер Союзу жапон күчтөрүн жеңип чыкканы, бул жеңиш согуштун аякташына өбөлгө түзгөнү жазылган.
Советтер Союзу согуштун соңун утурлай Курил аймагындагы Жапонияга караштуу бир нече аралды ээлеп алган. Бул маселеден жаралган талаштан улам Москва менен Токионун ортосунда куралдуу кармаш токтогонун белгилеген тынчтык келишимине кол коюлбай калган.