Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Апрель
2020

Тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков дүйнөдөн кайтты

0
Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон, тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков 21-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети билдирди.


Турду Жыргалбеков 1932-жылы 30-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. 1955-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1961-жылы Москва шаарындагы ЦК КПССдин жогорку партия мектебин аяктаган. Профессор, тарых илимдеринин кандидаты. Жети монография, үч окуу курал, 70тен ашык илимий макалаларды чыгарган.


Эмгек жолун Ак-Талаа районунун орто мектебинде мугалим, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор, андан соң райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, «Айыл турмушу» райондук гезитинин редактору болуп иштей баштаган.


1970-жылы кандидаттык диссертациясын жактап тарых илимдеринин кандидаты деген наам алган. 1998-жылы «тарых илимдеринин доктору», 2003-жылы «профессор» деген наамдарга ээ болгон.


Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылган.



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла американке Крюгер во втором круге турнира WTA в Абу-Даби






Команда дивизиона Чернышева победила в Матче звезд КХЛ в Новосибирске

Президент «Торино»: «С трансфером Илича в «Спартак» возникли некоторые трудности»

В Подмосковье ожидается -3 градуса и высокое давление

Переменная облачность сохранится в столице 9 февраля