Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Май
2020

Москвада карантин 31-майга чейин узартылды

0
Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу шаардагы чектөө чараларын 31-майга чейин узартты. Шаардыктарга мурдагыдай эле көчөдө сейилдөөгө, парктарда спорт менен машыгууга тыюу салынат. Айрым өндүрүш жана курулуш компаниялары ишин жандантат. Бирок, кызмат көрсөтүү тармагынын иши башталбайт.


Мектептер дагы ачылбайт. Бүтүрүүчүлөрдөн башка окуучуларга баа 15-майга чейин коюлат. Аралыктан окуу 31-майга чейин уланып, бирок баа жана үй тапшырма берилбейт. Ал эми 9-11- класстын окуучуларынын экзамен тапшыруусу боюнча кошумча маалымат берилет.


Буга чейин жолдо жүрүүгө алынган уруксат кагаздар 31-майга чейин жарактуу болуп кала берет.  Собянин 12-майга чейин коомдук транспорт жана жайларда милдеттүү түрдө беткап, колкап кийип жүрүү керек экенин билдирди.


Москванын мэри Сергей Собянин борбордо коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп, 300 миңге жакын экенин билдирди. Орусия 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан илдет табылганын билдирип, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады.


Алардын арасында ондогон кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылууда. Так саны азырынча белгисиз. 



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
Ник Кирьос

Ник Кирьос: когда возвращается, сыграет ли на Australian Open — 2025, что сказал о Данииле Медведеве, Яннике Синнере






Альфа-банк должен рассказать, что его ставка в 15% не лучшая в стране

Индийская BPCL хочет увеличить мощности своих НПЗ почти на 10 млн т/год к 2028 г.

Суд отменил приговор осужденным за убийство младенца калининградским врачам

На трансферы больше всех за 10 лет потратил «Зенит»