Орусиядан 147, Германиядан 59 кыргызстандык келди
Мындан сырткары Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтып келди. «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен «Sea Chefs» круиздик лайнеринде иштеген 48 киши, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган 11 кыргызстандык мекенине кайтты.
Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды. Кыргыз бийлиги сырттагы мекендештерди кайтарып алып келүү боюнча иштеп жатканын билдирүүдө. (TSh)