Ош: БШК жарыштан четтеткен талапкер соттон утту
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешов менен Максат Маматкулов жарыштан четтетти. Бул чечиминен кийин Маматкулов Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Ал эми Бекмурза Эргешовдун арызын Бишкектин административдик соту канааттандырганы белгилүү болду.