Сербияда автобус менен поезд кагышып, беш киши мерт болду
Сербиянын түштүгүндөгү Ниш шаарына жакын жерде жогорку класстын окуучуларын салып бараткан автобус поезд менен кагылышып, андан кеминде беш киши мерт болду. Серб бийлиги кабарлагандай, 21-декабрда орун алган бул кырсыктан кеминде 30 адам жаракат алды. Полиция бул окуяга автобустун айдоочусу себеп болушу мүмкүн деген версия каралып жатканын кабарлады. Ниш шаарындагы оорукананын дарыгелерлери эки жабырлануучунун өмүрү үчүн күрөшүп жатышканын маалымдашты. Сербиянын мамлекеттик телеканалы билдиргендей... Читать дальше...
