Жээнбеков: "Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы"
"Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин белгилеп, тараптардын учурдагы мамилеси эң жогорку деңгээлде экенин айтты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Венгрияга расмий сапар алат. Читать дальше...