Аймактарда 500 бала бакча ачылат
Билим берүү жана илим министрлиги мектепке бара элек балдар үчүн күнүнө үч сааттык билим бере турган 500 бала бакча ачат. Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап бере турганын министрликтин басма сөз кызматы 1-мартта кабарлады. "Келечек үчүн билим берүү" аттуу долбоордун алкагында ар кайсы аймактарда ачыла турган бала бакчаларда санитардык талаптардын сакталышы көзөмөлдөнөт. Үч сааттык бала бакчаларда балдарга тамак берилбейт, алар түштө укташпайт. Мекеме ушул себептен бала бакчалар көп каражатты талап кылбайт деп билдирди. Читать дальше...