Беларуста дагы 32 саясий туткунга ырайым берилди
Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко камакта жаткан саясий туткундар арасынан дагы 32 кишиге ырайым берүүнү чечкенин "Азаттыктын" беларус кызматы 20-ноябрда жазды. Бирок абакта дагы 1300дөй активист кармалууда. Ырайым алгандар 24 эркек жана сегиз аял, алардын тогузу 50 жаштан ашып калган курактагылар экени кабарланды. Аты-жөнү жарыяланган жок, бирок баары "экстремизм үчүн" деп соттолгондор. Беларус бийлиги адатта мындай айыпты бийликти сындаган жарандарына, оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерине тагат. Читать дальше...