Тоолуу Карабактын мурдагы башчысы өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн
Тоолуу Карабактын мурдагы өкмөт башчысы (мамлекеттик министри), миллиардер Рубен Варданянга Азербайжандын прокуратурасы Кылмыш кодексинин 20 беренеси боюнча жаңы 45 айып такты. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы ишкердин адвокаттарына таянып жазды. Эл аралык адвокаттар тобунун билдирүүсүнө караганда, иштин чоо-жайы "Азербайжандын улуттук коопсуздугуна байланыштуу" болгондуктан "коомчулуктан гана эмес, Варданяндын өзүнөн да жашырылган". Тагылган айыптардын баары боюнча күнөөлүү деп табылса... Читать дальше...