Reuters: Орусия Казакстандын уран кениндеги үлүшүн Кытайга сатууда
Орусиянын мамлекеттик "Росатом" корпорациясы Казакстандагы айрым уран кендериндеги үлүшүн кытайлык компанияларга сатууда. Бул тууралуу "Казатомпромго" таянып Рейтер агенттиги жазды. Маалыматка караганда, "Казатомпром" 17-декабрда билдиргендей, "Росатомго" караштуу Uranium One Group компаниясы Заречное кениндеги өзүнүн 49,979 % үлүшүн SNURDC Astana Mining Company Limited ишканасына саткан. Ал кытайлык мамлекеттик China General Nuclear Power корпорациясына таандык. Бул кендеги урандын кору 3,5 миң тоннаны түзөт. Читать дальше...