Дания: Гренландия эгемен болушу мүмкүн, бирок АКШга кошулбайт
Гренландиянын тургундары кааласа, арал эгемен болушу мүмкүн, бирок АКШнын штаты болбойт. Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лөкке Расмуссен шаршембиде билдирди. Анын алдында АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Даниянын башкаруусундагы аралды сатып алуу маселесинде экономикалык же аскердик күч колдонууну жокко чыгаруудан баш тарткан. Гренландиянын лидери Муте Эгеде 8-январда Копенгагенде Даниянын падышасы менен сүйлөшүү жүргүздү. Трамп дүйнөдөгү эң ири аралды падышалыктан сатып алуу ниетин бир нече жолу кайталап... Читать дальше...