Эл аралык коомчулук Украинанын коррупцияга каршы аракеттерин колдоду
Шаршембиде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 11-июнда кол коюлган мыйзам “украин эли ыңкылапта талап кылган Европа менен жаркын келечекке жетүүсүнө карай маанилүү кадам” деп айтты.
Эми Жогорку рада “мыйзамга толуктоо киргизип, ушул тапта каралып жаткан сот иштерин жана жалпы эле мыйзамдык базага таасир эткидей толуктоону тез арада кабыл алышы” зарылдыгын белгиледи.
Нойерт бул үчүн украин парламенти “антикоррупциялык сот түзүү үчүн кошумча мыйзамдарды кабыл алышы керектигин” кошумчалады. Мындай чаралар тууралуу Эл аралык валюта корунун башкаруучу директору Кристин Лагард апта башында эскерткен эле. Валюта кору Украинада коррупцияга каршы реформалар ишке ашса 17 жарым миллиард доллар насыя берүүнү караштырат.
