Мьянманын лидери эки журналистке чыккан сот өкүмүн коргоду
Мьянма аскерлеринин колунан ажал тапкан рохинжа мусулмандары тууралуу материал даярдап келген 32 жаштагы Ва Лоун жана 28 жаштагы Со Оо былтыр декабрь айында кармалган. Сентябрдын башында Мьянманын соту аларды "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.
Бириккен Улуттар Уюму да журналисттердин соттолушун Мьянмадагы сөз эркиндигин чектелиши катары мүнөздөгөн.
2017-жылдын августунда Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары маалында каза таап, 700 миңден ашууну коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон.
