Тажик абагындагы уулануу боюнча тергөө уланууда
Тажикстанда абактагы уулануу боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Алар «Ууланууга нан себеп болдубу? Нанды ким берди – соттолуучулардын наны беле же түрмө кызматкерлери бергенби?» деген суроолорго жооп издешмекчи. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали экспертиза жасалып жатканын билдирди: - Ушул тапта үч экспертиза жүргүзүлдү, алар нандын сапатына жана курамына анализ жасашты. Дагы бир нече экспертиза жасалып, ууланууга нан себеп болдубу же жокпу, мына ушуну тактайт. Читать дальше...