Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 13.07.2019

Таттууга баңгизат каткан мафиянын жолу

Azattyk.org 

Германия-Польша чек арасынан кармалган 670 килограмм героинге Кыргызстандын катышы бары тууралуу Батыш маалымат каражаттары тараткан кабар Ооганстандан чыккан баңгизат каттамына байланышкан маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты.

Укугун билген мигрант кор болбойт

Azattyk.org 

Жалал-Абадда активдүү мигранттардын катышуусунда жайкы үйрөтүү лагери өтүп жатат. Түштүк облустарынан чогулган 20дай мигрант жаштарга адистер коомдук активдүүлүк, мамлекеттик түзүлүш жана шайлоо негиздерин үйрөтүп жатат. Мындай лагерь өткөн айда Ысык-Көл жэгинде да уюштурулган.

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Azattyk.org 

13-15-июлда күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Аба ырайы: Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18... Читать дальше...

Сомалиде мейманканага жасалган чабуулдан 26 адам мерт болду

Azattyk.org 

Сомалидеги Кисмайо шаарында мейманканага болгон кол салуудан кеминде 26 адам каза болду. Би-Би-Си өлкөнүн президенти Мохамед Абдуллахи Мохамедге шилтеме берип кабарлагандай, каза болгондордун арасында Канадада жашаган теги сомалилик белгилүү журналист Нодан Налаех, анын күйөөсү жана эки АКШ жараны бар. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү “Аш-Шабаб” террорчул тобу алды. Террорчул топ тараткан билдирүүдө кол салуу өлкөнүн өкмөтүнүн мүчөлөрү, депутаттарга багытталганы айтылат. Террорчулар... Читать дальше...

"Фейсбукка" 5 миллиард доллар айып салынды

Azattyk.org 

АКШнын федералдык соода комиссиясы "Фейсбук" социалдык тармагына 5 миллиард доллар айыппул салат. Мындай чара "Cambridge Analytica" компаниясы колдонгон колдонуучулар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн көрүлгөн. Бул айыппул технологиялык компаниялардын тарыхындагы эң көп өлчөмдө алгач жолу болууда. Бирок байкоочулар жаза мындан да катаал болушу мүмкүн экенин эскертип жатышкан. Комиссия менен социалдык тармак ортосундагы келишим жөнүндө "The Wall Street Journal" жана "Bloomberg" агенттиги жазып чыкты. Читать дальше...

Киевде телеканалдын имаратына кол салуу болду

Azattyk.org 

Украинанын борбору Киевде "112" деп аталган телеканалдын имаратын белгисиз адамдар гранатомет менен аткылады. Бул тууралуу Киев полициясы маалымат таратып, теракт деп атады. Маалыматка ылайык, Украинанын борбор калаасында жайгашкан телеканалдын имаратында өткөн түнү жарылуунун үнүн уккан коңшулар полицияга кабар берген. Жерине келген полиция кызматкерлери имарат гранатометтон аткыланганын аныкташкан. Андан имараттын фасаддык бөлүгүнө зыян келген. Окуядан эч ким жабыркаган жок. Учурда тергөө башталды. Читать дальше...



Түркия менен АКШнын коргоо министрлери сүйлөштү

Azattyk.org 

Түркия Орусиядан сатып алган С-400 зениттик-ракеталык системасынын алгачкы бөлүгүн алган соң бул өлкөнүн коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Марк Эспер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Пентагон 30 мүнөткө созулган сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген жок. Расмий Анкара болсо “Түркия дале болсо абадан жана ракетадан сокку уруу коркунуч бар экенин белгилеп, С-400 коргонуу системасын сатып алуу муктаждык болгонун” АКШнын өкүлүнө түшүндүргөнүн кабарлады. 12-июлда... Читать дальше...

Бир сүрөттүн керемети

Azattyk.org 

12-июлда кыргыздын ажайып сулуу кызы, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнүнө 75 жыл толду.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын көрсөткүчү начарлады

Azattyk.org 

Орусиядагы бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы коомдук сурамжылоонун жыйынтыгында рейтинги түшүп кеткени аныкталды. Орусиядагы Коомдук пикирди талдоо институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, учурда бийликчил партиянын рейтинги 32,2 пайызды көрсөткөн. Бул буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолордун ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Январда бул көрсөткүч 32,7 пайызды түзгөн. Мындай жыйынтыкты бир катар басылмалар “Бирдиктүү Орусиянын” Москва шаардык думасына шайлоого катышпоо чечими менен байланыштырууда. Читать дальше...

Бишкекте милициянын автоунаасы кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Бишкектеги Токтоналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМге таандык кызматтык автоунаа менен "Lexus GX 470" үлгүсүндөгү жолтандабас кагышты. Күбөлөрдүн айтымында, кеминде эки адам жабыркап, ооруканага алып кетишти. Кырсык 13-июлда түшкө чейин, саат 11 ченде болгон. Бишкек милициясынан кабарлашкандай, кырсыкка кабылган автоунаалардын бири ИИМдин алындагы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматына таандык болгон. Учурда экспертиза дайындалып, териштирилүүдө. Күбөлөр милициянын кызматтык... Читать дальше...

Америка Ирандын жүргүнчү учагын атып түшүргөндөн кийин ирандыктардын артынан тыңчылык кылган

Ca-irnews.com (kg) 

Американын федералдык полициясы мындан 31 жыл мурун Vincennes ракеталык крейсеринин Ирандын Airbus A300B2-203 жүргүнчү учагына кол салгандан кийин Ирандын жарандарынын артынан тыңчылык кылгандыгын АКШнын Федералдык Чалгындоо Кызматы жакында эле жарыялаган документтерден көрүүгө болот.

Дамаск айрым батыш өлкөлөрүнүн Сирияга аскерлерин жиберүүлөрү боюнча эскертүү жасады

Ca-irnews.com (kg) 

Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Фейсал Микдад айрым батыш өлкөлөрүнүн өлкөгө күч жиберүүсү боюнча эскертүү жасап, бул иш-аракет кооптуу экенин баса белгиледи.

Ысык-Көлдө эки адамдын өлүмүнө шектүүнү издөө уланууда

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды өлтүрүп, бир адамды жарадар кылып качып кеткен Сергей Смирновду издөө уланууда. Бул тууралуу облустук милициядан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө Ысык-Көл облустук жана Ак-Суу, Түп райондук милициясынын кызматкерлери тартылган. Мындан сырткары чек арачылар да бул ишке көмөктөшүүдө. Азырынча Смирнов кармала элек. 6-июлда «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып... Читать дальше...

Саудиянын саясаты диниятчыларды таарынтты

Azattyk.org 

Саудиянын аймактагы агрессиялык аракеттери, Эр-Рияддын адам укуктарын сыйлабаганы үчүн бир катар ислам диниятчылары жана илимпоздор мусулмандарды ажылыкка барбоого чакырып жатышат. Кыргызстанда болсо ажыга барууну эңсегендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

Ысык-Көл: көңүл сыртында калган коопсуздук

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугуна көңүл бурулбай жатканы, көл жээкте эң жөнөкөй шарттардын түзүлбөгөнү элдин нааразылыгын жаратып жатат. Туристтик сезондо күн санап ал жакка каттагандардын саны өсүп жатканы менен пансионаттарда куткаруучулардын саны аз. Былтыр Ысык-Көл районунда 23 киши көлгө чөгүп каза болгон.

Новости России
Москва

ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!


Көркөм сүрөт музейиндеги жасалма сүрөттөрдү текшерүү уланууда

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейиндеги сүрөттөрдү текшерүү боюнча комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Таалай Усубалиев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурга чейин музейдеги 250 сүрөт текшерилип, эки сүрөт жасалма экени аныкталган. Алар Андрей Мыльников жана Евсей Моисеенконун сүрөттөрү. Ошондой эле Усубалиев дагы бир сүрөт шек жаратып жатканын кошумчалады: “Дагы бирөө шек туудуруп жатат. Аны изилдеп атабыз. Мыльников менен Моисеенконун сүрөттөрү так чыкты, экөө тең атактуу сүрөтчү болгон. Читать дальше...

“Чоң жетинин” элчилери Зеленскийдин сунушун сынга алды

Azattyk.org 

“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн Украинадагы элчилери президент Владимир Зеленскийдин өлкөдө 2014-жылдан баштап жетекчилик кызматты ээлегендерди люстрация кылуу боюнча сунушун сынга алышты. Бул тууралуу "Твиттерге" жарыяланган бирдиктүү билдирүүдө айтылат. Дипломаттар адамдын мамлекеттик кызматта иштөө укугуна чек коюу демократиялык өлкөлөргө мүнөздүү эмес экенин белгилешкен. Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапониянын элчилери жолдогон кайрылууда Украинадагы 2014-жылдан соң абал жакшырып... Читать дальше...

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү белгиленди

Azattyk.org 

Маданий иш-чараны 12-июлда Анталия шаарындагы "Кыргыз эли" коому жана шаардын Муратпаша районунун бийлиги уюштурду. Анын жүрүшүндө боз үйлөр тигилип, улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмеректери коюлган. Уюштуруучулар Анталия шаарында жашап, эмгектенип жаткан мигранттардын арасында искусство менен алектенгендерди колдоону максат кылып, сүрөт көргөзмөсүн да ачты. Туристтер менен шаар тургундарына "Манас" эпосу жана Кыргыз тарыхы боюнча илимий докладдар окулду. Түркиянын статистика комитетинин маалыматы боюнча... Читать дальше...

Миллиондордун кумга сиңген изи

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор жөнүндөгү иликтөөсүндө айтылган каражаттарды тактоону улантып жатат.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкери УКМКга суракка чакырылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митингде сөз сүйлөгөн Фархад Баабиев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Бабиевди күбө катары 13-июлда Тергөө башкармалыгына келүүнү буюрган. Жолдубаева Фархад Бабиевдин 2- июлда Бишкекте өткөн нааразылык акциясында сөз сүйлөп, бийликке каршы сын айтканын белгилеп, чакырууну ошого байланыштырып жатат. Ал эми УКМК бул боюнча эч кандай комментарий... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе






ЯНДЕКС, АЛЕКСАНДР ПУШКИН, АНАТОЛИЙ ГОЛОД И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ВЕДУТ СЛЕДСТВИЕ ВЕКА! ВАЖНЫЕ СЕРЬЁЗНЫЕ ДАННЫЕ.

Экс-чиновник Минсельхоза задержан в Подмосковье после 12 лет розыска

Суд заочно арестовал главреда "Важных историй" Романа Анина по делу о фейках

Профессор Холод назвал пальмовое масло абсолютно легальным продуктом