Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 27.07.2019

Москвадагы митингде 400дөн ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

Москва шаардык кеңешине шайлоого катыша албай калган талапкерлер ушул жумада мэриянын алдына акцияга чыгышарын билдиришкен. Бийлик оппозициянын талабын "саясий шантаж" деп атаган.

Москвада кармалгандардын саны 400дөн ашты

Azattyk.org 

Москвада полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери мэриянын имаратынын алдына шаардык кеңешке катталбай калган талапкерлер менен тургундардын жолугушуусун өткөрүү үчүн чогулгандардын бир бөлүгүн сүрүп чыгарды. Полициянын курчоосун жиреп кирип, мэриянын имаратына чейин жеткен адамдардын тобун Росгвардиянын аскерлери кармаганын “Эркин/Европа Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлады. Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда 430 киши кармалган.  Шайлоого талапкер катары катталбай калган талапкерлер... Читать дальше...

Москвада ондогон адам кармалды

Azattyk.org 

Москвада шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акциясы өтө турган жерге Орусиянын гвардиясы жана полиция күчтөрү тартылды. Кармалгандардын саны жүзгө чукулдаганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы жазды. Полиция Тверь көчөсүнө чыга турган кесилиштерге жана тратуарга тосмо койду. Айрым маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, полиция рация аркылуу журналисттерден башкалардын баарын кармоо тууралуу көрсөтмө алып жатат. Шайлоого талапкер катары катталбай калган талапкерлер... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" жакынкы күндөрү күн ысык болорун эскертти. 28-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус болот.

Британиянын премьер-министри Трамп менен телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

Британиянын жаңы дайындалган премьер-министри Борис Жонсон АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп, Иран маселеси, эки өлкө ортосундагы эркин соода жүргүзүү келишими боюнча сүйлөштү. Трамп Жонсон менен телефондон сүйлөшкөнүн 26-июлда Ак үйдө журналисттерге билдирди. Ал британ премьер-министрин кызматка киришкени менен куттуктаганын айтты. “Эки өлкөнүн лидерлери Ирандагы чыңалууну, бул багытта Вашингтон менен Лондондун биргелешип иштөө зарылдыгы туурасында сүйлөшкөнүн” британ өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Читать дальше...

Өзбекcтан АКШдан инвестор издеп жатат

Azattyk.org 

Өзбекстан экономикасын чет элдик инвесторлорго ачып жатат. Өткөн жумада ташкенттик делегация Нью-Йоркко барып, бизнес форум өткөрдү. Ислам Каримовдун жарым кылымдык башкаруусунда өлкө сырт дүйнөдөн саясий да, экономикалык да өңүттөн алганда обочолонуп кеткен.

Румынияда өспүрүм кыздын жоголгонуна байланыштуу полиция башчысы кызматтан алынды

Azattyk.org 

Румыниянын ички иштер министри Николае Мога 26-июлда полициянын начальниги Ионна Будуну, Олт округунун эки башчысын кызматтан алды. Алар өлкө түштүгүндөгү Каракал шаарында 15 жаштагы өспүрүмдүн жоголуп, кийин зордукталып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу иштен алынган. Буда полициянын начальниги болуп былтыр июндан тарта иштей баштаган. Ыкчам жардам берүү борборунун маалыматына караганда, маркум 112 номуруна 25-июнда үч жолу жардам сурап чалган. Кыз белгисиз киши аны уурдап кеткенин айткан. Бирок полиция... Читать дальше...



БУУ: Сириядагы авиасоккудан он күндө 100 киши курман болду

Azattyk.org 

Акыркы он күндө абадан урулган соккудан Сириянын түндүгүндө кеминде 100 киши курман болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет билдирди. Ал абадан согулган соккуну өкмөттүк аскерлер жана президент Башар Асаддын союздашы саналган орусиялык куралдуу күчтөр жасаганын белгилеген. Көп учурда мектеп, оорукана жана базарлар бутага алынган. “Кеп жарандык объекттер туурасында болуп жатат. Бул чабуулдардын ырааттуулугун эске алганда, бул объекттер алардын жаңылыш максаты болгонун көрсөтүүдө”... Читать дальше...

Өкмөт "Коопсуз шаардын" кучагын кеңейтет

Azattyk.org 

"Коопсуз шаар" боюнча тендердин экинчи этабы башталганы турат. Анда байкоочу камералар республиканын бардык аймагына орнотулушу керек. Аны ишке ашырууга ниеттенген компаниялардын документтери учурда тендердик комиссиянын кароосунда жатат.

Көлмөгө автобус каттамы калыбына келтирилди

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы Көлмө конушуна №5 автобус каттай баштаганын билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июлда билдиргендей, кечээ кечке чейин каттамды ишке ашырган “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясы менен алардын автобустары кандай шартта жүрө алары тууралуу сүйлөшүү жүргөнүн кабарлады. Сүйлөшүүгө вице-мэр Азиз Алымкулов баштаган топ катышты. Узакка созулган маектешүүдөн кийин аталган компания муниципалитеттин бардык шартын аткарууга даяр болду. 25-июлда Бишкек шаардык мэриясы аталган конуш менен... Читать дальше...

ИИМ: Атамбаев суракка жазуу түрүндө жооп бере албайт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады. "Алмазбек Атамбаев суракка келиши керек. Анткени тергөөнүн кызыкчылыгы жана сыры деген түшүнүктөр бар. Тергөө кызматы Атамбаев жеке өзү суракка келиши керектигин түшүндүргөн". Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча буга чейин ИИМ Атамбаевди үч жолу суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. Читать дальше...

Сириядан келген казакстандык беш жылга кесилди

Azattyk.org 

№2 Актөбө шаардык соту 26-июлда Сириядан алып келинген Зарина Акмалаеваны беш жыл абакка кести. "Терроризмди пропаганда кылган” жана “диний кастыкты козуткан” деп айыпталган 29 жаштагы Акмалаева жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өтөйт. Прокуратура Акмалаеваны үй-бүлөсү менен 2014-жылы Сирияга чыгып кетип, ошол жактан WhatsApp аркылуу Казакстанда жашаган энелерди жихадга чакырган билдирүүлөрдү жиберип турган деп айыптап жатат.  Сотто казакстандык келин күнөөсүн толугу менен мойнуна алып,... Читать дальше...

Афгани: Ооган аялдарды талибдер менен сүйлөшүүгө кошуу керек

Azattyk.org 

Ооганстандын аялдар укугун коргогон активисти Жамиля Афгани өз өлкөсүндөгү талибдер менен тынчтык келишимине байланыштуу бардык маселелерди чечүүдө аялдар да добушка ээ болушу керектигин билдирди. Афгани 26-июлда өткөн БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында Кабулдан видео аркылуу кайрылуу жасады.  “Ооган аялдары алардын жашоосуна таасир эткен бардык чечимдерге катышуусу керек”, - деген Афгани тынчтык сүйлөшүүлөргө аялдарды кошууну талап кылды. АКШ талибдер менен расмий Кабулдун башын бириктирип... Читать дальше...

Салык саясатындагы теңсиздиктин кесепети

Azattyk.org 

Салык мыйзамын бузгандар кандай жоопкерчилик тартышы керек? Салыкка байланыштуу тандалма саясат жүрүп жатабы? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул маселе тууралуу кеп кылабыз.

Түркияда куралдуу кол салууга байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Түркияда куралдуу кол салууга байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы тууралуу жергиликтүү CNN Türk телеканалы маалымат таратты. Кабарда 25-июлда Түркиянын Бодрум аймагында түркиялык Х.Ө.  мейманкананын жетекчисине жана коопсуздук кызматкерине ок атканы жазылган. Бодрум аймактык полиция кызматкерлери шектүү Х.Өнү жана кыргызстандык Н.Д. жана И.С. аттуу адамдарды дароо кармашкан. Суракта мейманкана жетекчиси шектүү Х.Өгө мейманкананын SPA бөлүмүндө чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштетип жатканыны үчүн эскертүү бергенин айткан. Читать дальше...

Жээнбеков: Чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлөт

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсү бүгүн, 27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Рахмондун Кыргызстанга келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болуп жатканын билдирген. "Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти “жөнөкөйдөн татаалга карай”, өз ара урматтоо принциптерин карманып... Читать дальше...

Солтон-Сары: өкмөттүн жообуна эл нааразы

Azattyk.org 

Солтон-Сары жайлоосундагы малдын кырылышына байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Анын негизинде жайлоодо кен иштетүү үчүн алтын комбинат куруп жаткан кытайлык компаниянын тиешеси жок экенин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү 25-июлда Солтон-Сарыга барып айтышты. Бирок алардын жообу нарындыктарды канаатандырган жок.

АКШнын Жогорку соту Мексика менен чек арага дубал курууга уруксат берди

Azattyk.org 

АКШнын Жогорку соту жума күнү президент Дональд Трампка Мексика менен чектеш жерге дубал куруу үчүн Пентагондун бюджетинен 2,5 млрд. доллар пайдаланууга ураксат берди. Президенттин каражатты пайдалануу укугун жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган бир канча топтор талашып келген. Алар чек арадагы дубал америкалыктардын жаратылыштын кооздугуна суктанышына жана дубал боюндагы аймакты эс алуу үчүн пайдалануусуна тоскоол болорун айтышкан. Жогорку сот арыз берген тараптын муну талап кылууга мыйзамдык негиздери жок деген тыянак чыгарды. Читать дальше...

Новости России
Москва

Путешествуй с “Фанагорией” в небе и по земле!


Тез жүрүүчү Ташкент-Алматы поездинин билетинин баасы арзандайт

Ca-irnews.com (kg) 

«Өзбекстан темир жолдору» менен «Казакстан темир жолу» ишканасы «Ташкент – Алматы – Ташкент» каттамындагы тез жүрүүчү «Тулпар – Тальго» поездинин билетинин баасын төмөндөтүүгө макулдашты.

Москвада Навальныйдын фонду тинтүүгө алынды

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Москвадагы Коррупцияга каршы күрөшүү фондун тинтүүгө алды. Бул тууралуу фонддун директору Иван Жданов “Твиттердеги” баракчасына жазды. Полиция 26-июль күнү кечинде мурда Москванын шаардык думасына депутаттыкка талапкер болгон Константин Янкаускастун ата-энесин тинтүүгө келгенин “Коммерсант” жазды. Буга чейин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишүү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экс-талапкерлер Дмитрий Гудков, Иван Жданов... Читать дальше...

Максат Кунакунов эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулду. Сот Кунакуновдун ишин быйыл январда күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы мыйзамдардын негизинде 12-июлда караган. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастады. Экс-депутат 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген... Читать дальше...

"Саясий туткундарды коргоо комитети" Атамбаевди жоопко тартууну талап кылууда

Azattyk.org 

Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартууну бийликтен талап кылды. Комитет мүчөлөрү тараткан билдирүүдө “Атамбаев ар кандай аракеттери менен өлкө эгемендигине шек туудуруп, жоопкерчиликтен качуу амалын көрүп жатканы” белгиленген. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун төрагасы Сапар Аргынбаев билдирди. "Атамбаевдин Москвага сапарынан кийин азыркы бийликке нааразы болдук. Мыйзамды тебелеп жатканын көрүп туруп кандай саясат кылып жатканын түшүнбөй калдык. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Юлия Путинцева выиграла турнир в Бирмингеме






Суд постановил взыскать с бывшей британской "дочки" Сбера 12 млрд рублей

Зарплаты строителей выросли меньше

Ефимова не смогла пробиться на Олимпийские игры-2024

29 июня в Москве состоится международный Форум «ALFA PROPERTY EXPO»