АКШ президентин «Твиттердеги» сөзү үчүн расист деп айыпташууда
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерине» Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды. Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барууну сунуш кылган. «Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу кызык»... Читать дальше...