Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 19.07.2019

Украина: Олег Сенцовду журналист Кирилл Вышинскийге алмашуу сунушталды

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин администрациясы Орусияда абакта жаткан кинорежиссер Олег Сенцовду Украинада кармалып турган журналист Кирилл Вышинскийге алмашууну сунуш кылды. Бул тууралуу 18-июлда Зеленскийдин маалымат катчысы Юлия Мендель «Фейсбук» баракчасына жазды. Анын алдында Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуудагы биринчи кадам катары журналист Кирилл Вышинскийди абактан бошотууга чакырган. Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы... Читать дальше...

Кабул университетинин жанындагы жарылуудан сегиз киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-июлда Кабул университетинин жанындагы жарылуудан кеминде сегиз киши өлгөнүн билдирди. Дарыгер Вахидулла Майар кабарлагандай, дагы 33 киши жараат алган. Жарылуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек, бул жанкечтинин чабуулубу же бомба алыстан туруп башкарылганбы, азырынча белгисиз. Кабул полициясынын башчысы Фердоус Фарамарц жарылуудан кийин эки машине күйүп кеткенин маалымдады.  18-июлда Кандагар шаарында да Талибандын согушкерлеринин кол салуусунан 12 киши өлүп, 90 адам жараат алган. Читать дальше...

Атамбаев үчүнчү жолу да ИИМге суракка барган жок

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Сергей Слесарев билдирди. Атамбаевдин суракка чакырылышы мыйзамсыз экенин белгилеп ал үчүнчү ирет ИИМге, министр Кашкар Жунушалиевдин атына кат даярдаганын кошумчалады.  Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу ишине күбө катары көрсөтмө берүү үчүн буга чейин эки жолу чакырылып, барган эмес. Үчүнчү чакыруу 18-июлда жөнөтүлүп... Читать дальше...

Жалал-Абадда жолдун курулуш токтоду

Azattyk.org 

Ош-Бишкек трассасынын Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган жолдун курулушу токтоп калды. Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосунда азербайжандык компания курулушун баштаган иш эки айга кечигип жатканын адистер айтышууда. Ал арада каржылоонун жоктугунан 400дөн ашык жумушчу айлап маянасын ала албай жатат. Жыл башында башталган жолдун курулушу токтоп, казылган жерлер ошол бойдон калып кетти.

Министр Кашкар Жунушалиев “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди

Azattyk.org 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “ар-намысыма шек келтирди” деген негизде “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди. Буга “аталган гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги коллаж себеп болгонун” адвокат Динара Аширалиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал министрликтеги кадр маселелери боюнча жазылган маалымат да арыз берүүгө негиз болгонун кошумчалады. Октябрь райондук соту буга байланыштуу ишти бүгүн, 19-июлда карап, макала-сүрөттөр боюнча гезиттин тиешелүү... Читать дальше...

Жүрөктөрдө жашап калган ак жарык

Azattyk.org 

Кыргыз журналистикасы нукура кесипкөй нукка түшсө, анын коомду тазартуучу, элди ойготуучу даремети канчалык толук ачыларын эң сонун далилдеген кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда күтүүсүздөн каза болгон эле…

ИИМ: Бусурманкул Табалдиев боюнча ыкчам маалыматтар бар

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди издөө иши уланууда. ИИМ Табалдиев боюнча ыкчам маалыматтар бар экенин, аны текшерүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 8-июлда 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан. Кийин Ички иштер министрлиги анын кайда экени белгисиз болгондуктан ага издөө жарыялаган. ... Читать дальше...



Аптапта тамак-аштан уулангандар көбөйдү

Azattyk.org 

Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, бир суткада ашказан жана ичеги оорулары менен 300гө жакын киши кайрылып жатат. Алардын жүздөйү ооруканага жаткырылууда. "Кайрылгандардын 98и курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу менен түшкөн. Бардыгы биригип 136 адам ушундай диагноз менен жатат. Дээрлик беш бөлүмдү ошолорго ылайыктап ачтык. Читать дальше...

Орусияда Өзбекстандын 68 жараны ууланды

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын Самара облусундагы мөмө-жемиштерди өстүрүү ишканасында эмгектенген 68 өзбек жараны «белгисиз затка уулануу» белгиси менен ооруканага жаткырылды.

Зариф Нью-Йоркто Гутерреш менен жолугушту

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф Нью-Йорк шаарындагы сапарынын алкагында кечээ, бейшемби күнү БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту.

Айыппулдун айрым түрлөрү төмөндөйт

Azattyk.org 

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыппулдардын айрым түрлөрү өзгөртүлөт. Бул маселе вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында каралды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылган участоктордон башка жерлерде жол кырсыктарынын санынын өскөнү байкалган. Комиссия мүчөлөрү Бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган, 1000 сомго чейинки бузуулардын айрым түрлөрү... Читать дальше...

Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы камалды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жардамчысы Нурбек Жолборсовду Аскер прокуратурасы ири өлчөмдөгү пара менен кармап, сот чечими аркылуу эки айга камады. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары кабарлады. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кылмышка шектүү Нурбек Жолборсов  Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга 6-июлда киргизилгенин билдирди.  Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда. Читать дальше...

Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

Azattyk.org 

Нарындын Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагерь уюштурулат. 20-28-июль аралыгында өтө турган иш-чарага 20 өспүрүм катышат. Алар кино, актердук чеберчилик тууралуу сабак алып, живописти үйрөнүү аркылуу экология жаатындагы билимдерин да кеңейтишет.   Өспүрүмдөргө кинорежиссор Айбек Дайырбеков, көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, сүрөтчү Замир Илипов, манас таануу боюнча белгилүү адис Кундуз Жусупбекова, күрөш чебери, доцент Максат Оморов устаттык сааттарды өтүшөт. Читать дальше...

Жапонияда аниме-студиядагы өрттө бир канча адам каза болду (видео)

Azattyk.org 

Жапониянын Киото шаарындагы "Kyoto Animation" студиясында чыккан өрттө 33 киши өлгөнүн ТАСС агенттиги жазды. Шаардык өрткө каршы кызматы ооруканага бери дегенде 36 адам күйүк менен түшкөнүн маалымдады. Окуя 18-июлда болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал колго түшкөндөн соң айтып берген. Шек саналган киши да ооруканага жаткырылды. Полиция өрт болгон жерде бычактардын топтомун да тапты. Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек. Читать дальше...

Мурдагы судья Жаркееванын соту болот

Azattyk.org 

19-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркееванын ишине байланыштуу териштирүү болот. 16-июлда күбөлөрдүн келбей калганынан улам отурум  жылдырылган. Башкы прокуратура Жаркееваны Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык”, “Коррупция” жана “Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу” беренелери менен айыптаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал кылмыш тобу менен тил табышып алып, жеке ишканалардын биринин... Читать дальше...

ДСУ: Конго Демократиялык Республикасында Эбола күчөдү

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында Эбола оорусунун коркунучу жогору экенин маалымдады. Андан тышкары, эл аралык коомчулукка кайрылып, илдетке каршы күрөшкө каражат зарылдыгын айтты. Ылаң Гома шаарындагы калк эң көп жайгашкан райондордун биринде көбөйүүдө. Руанда өлкөсү менен байланыштырган негизги жол дал ушул аймакта. 2018-жылдын июлунан бери мамлекетте эки жарым миңдей адамга Эбола жугуп, 1600дөн көбү көз жумду. Бул вирус мындан 4-5 жыл мурун да Африканын бир канча мамлекеттеринде күчөгөн болчу.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов уступил Руне на предуимблдонском выставочном турнире в Харлингеме






ТЦ "Наутилус" в центре Москвы повторно выставили на торги со скидкой в ₽650 млн

«Последний классик XX столетия»: представители Троицкой библиотеки пригласили всех на книжную экспозицию

Спортсменка из Хакасии – бронзовый призер международных игр «Дети Азии»

Школьников Подмосковья пригласили на обучение в летнюю онлайн-академию