Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 22.07.2019

МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано көз жумду

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Юкия Амано 22-июлда 72 жашында каза болду. Бул тууралуу агенттиктин катчылыгы билдирди. Амано кийинки жылдын март айында кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетээрин маалымдап, башкаруучулар кеңешине кат жазууга камданып жаткан. Анын кызматтагы үчүнчү мөөнөтү 2021-жылдын этегинде соңуна чыкмак. Юкия Амано БУУнун бул түзүмүн 2009-жылдан бери жетектеп, Ирандын өзөктүк программасынан улам чыккан талаш-тартыш күчөп... Читать дальше...

Журналист Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат

Azattyk.org 

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин «Акун» пансионатынын администрациясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 7-августта уланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди. «Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн сурап жатат». Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Читать дальше...

Иран: АКШга иштеген тыңчылар өлүм жазасына өкүм кылынды

Azattyk.org 

Ирандын бийлиги АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгына (ЦРУ) таандык "тыңчылар түйүнүн" аныктаганын, 17 киши кармалып, алардын айрымдары өлүм жазасына өкүм кылынганын билдирди. Ирандын Чалгын министрлиги 22-июлдагы билдирүүсүндө тыңчылар тобу "ийгиликтүү талкаланганын", алардын мүчөлөрү Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келгенин белгиледи. Министрликтин атын атабаган өкүлүнүн айтымында, 17 шектүүнүн бир бөлүгү узак убакытка абакка кесилди. Читать дальше...

Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кайра тергөө сунушталууда

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишин анын жакындары кайра тергөөгө жөнөтүүнү суранышууда. Бул тууралуу маркумдун тууганы Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, сот ишти кайра тергелип, андагы саясий өңүттөрдү аныктоосу зарыл. Мындай өтүнүчкө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) буга чейинки билдирүүсү себеп болгон. Анда министрлик Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралып жатканын билдирген болчу. Чынара Турдалиева Улан... Читать дальше...

Акмөөр жана Соң-Көл (сүрөтбаян)

Azattyk.org 

19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда Акмөөр фестивалы болуп өттү. Фестивалда кыздар арасында сулуулук сынагы, кыз-жигит сармерден оюну, спорттук иш-чаралар менен коштолду. Назарыңыздарга Акмөөрдүн тоюунан фотобаянды сунуш этебиз.

Пакистандын премьер-министри Вашингтонго сапар алууда

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен кездешүүдө Исламабадды өлкө ичиндеги террордук уюмдарга каршы күрөштү күчөтүүгө, Ооганстандагы тынчтык процессин жигердүү колдоого үндөгөнү жатат. Былтыркы шайлоодо жеңип, өкмөт башына келген Хан дүйшөмбү күнү алгачкы расмий сапар менен Вашинтонго сапар алууда. Ал Америкада Пентагондун, коопсуздук, финансы, энергетика тармактарынын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы. АКШнын расмий адамдары Ооганстанда 18 жылдан бери уланып... Читать дальше...

Бишкекте Ботаникалык бакты сактап калуу үчүн каражат топтолууда

Azattyk.org 

Мындай демилге менен “Арча демилгеси” коомдук фонду чыкты. Аталган фонддун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкиндин айтымында, жайдын аптабында бакчадагы бак-дарактар сугарылбай, куурап жатат. Бакчадагы ирригациялык система эскиргендиктен керектүү көлөмдөгү суу келбей калган. Буга байланыштуу Ботаникалык бакты сактап калууну каалаган активисттер каалоочулардан каражат топтоп, ирригациялык системаны оңдоону көздөп жатышат. Ал үчүн 6 миң долларга жакын каражат зарыл. Дмитрий Ветошкин мындай арга маселени убактылуу гана чечерин айтып... Читать дальше...

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери кол салууга кабылды

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында кол салууга туш болушту. 22-июлда Казакстандын адам укуктары бюросу жайгашкан имараттын жанында белгисиз беш аял журналист Нургүл Тапаеваны бир чаап, оператор Токмолда Кусаиновдун видеокамерасын сындырышкан. Укук коргоочу Сергей Дувановдун айтымында, 20 чакты аялдан турган топ пресс-конференциянын алдында кеңсеге келип чуу чыгарышкан. Алар түрдүү маалымат каражаттарынан келген журналисттердин ишине тоскоолдук жаратып, смартфондоруна, камераларына зыян келтиришкен. Читать дальше...



Украина: Зеленскийдин партиясы көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Украинада жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодогу добуштардын 44 пайызга жакыны саналып бүттү. Алдын ала жыйынтык боюнча президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясы парламенттик көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн экенин Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, президенттин партиясы Украинадагы 199 шайлоо округунун 125инде алдыга чыкты. Ошондой эле "Эл кызматчысы" партиялык тизме боюнча добуш берүүдө да алдыга озуп, добуштардын 42 пайызына ээ болууда. Читать дальше...

Салык кызматынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абдыжапаров кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин башка жарлыгына ылайык, Салык кызматынын төрагасы болуп Кабыл Абдалиев дайындалды. Абдалиев 2012-жылы Салык кызматын жетектеген эле. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков салык жыйноо боюнча иш чабал болуп жатканын айтып, сынга алган болчу. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда салык жыйноодо соңку сегиз жылда алгачкы жолу өсүш болгон жок. Читать дальше...

Британ өкмөтү танкердин кармалышы боюнча чукул жыйын өткөрөт

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Тереза Мэй Ирандын Улуу Британиянын желеги менен сүзүп жүргөн кемеси кармалгандан кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөргөнү жатат. 22-июлга белгиленген бул жыйын соңку бир сутка ичиндеги британ өкмөтүнүн КОБРА деп аталган коопсуздук кеңешинин үчүнчү чогулушу болуп калмакчы. Бир күн мурда Иран билдирүү таратып, 19-июлда кармалган "Stena Impero" аттуу мунай ташуучу кеменин экипажынын бардык 23 мүчөсүнүн саламаттыгы жайында экенин, алар Бендер Аббас портунда кармалып турганын маалымдаган. Читать дальше...

Чек ара кызматы: кыргыз-казак чек арасында тыгын жок

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кең-Булуң” өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Басма сөз кызматынын башчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, учурда “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде автоунаалардын өтүшүн жеңилдетүү максатында жүгү жок унааларды “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүлүүдө. Ал эми аталган бекеттен жүк ташуучу унаалар кечки саат 8ден соң өткөрүлгөнү үчүн аз сандагы автоунаалар кезекке туруп калууда. Читать дальше...

Сулуулукту даңазалаган “Акмөөр”

Azattyk.org 

19-20-июлда Соң-Көлдүн жээгинде “Акмөөр” фестивалы болду. Фестивалга атайын келбесе да, капыстан туш болгон туристтердин көптүгү иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү катары бааланды. Эми Ак-Талаа районунун жетекчилиги бул фестивалды эки жылда бир жолу өткөрүүнү пландоодо.

Автожарышта жараат алган эки адам ооруканада жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Жеңиш аянтында дрифт боюнча жарыш учурунда автоунаалардын бири сүзүп кеткен беш адамдын экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алардын мээси чайкалып, денесинен жаракат алган. Учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Калган үч адам амбулатордук жардам алып, үйлөрүнө кеткен. Алардын экөө Кытайдын жарандары. Бишкек мэриясы мындай жарыштарды шаар ичинде өткөрүүгө тыюу салууну сунуштоодо. 21-июлда... Читать дальше...

Көчмөндөр оюндарын Таласта өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү

Azattyk.org 

Таласта көчмөндөрдүн улуттук оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган топ Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча иш планды иштеп чыгат. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусунда Көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында өтөөрүн билдирген. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага... Читать дальше...

Аракка ууланган баланын өлүмүнө шектүү камакка алынды

Azattyk.org 

Чүйдүн Жайыл районунда аракка ууланып каза болгон алты жаштагы баланын өлүмү боюнча бир адам камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча бир нече адам суракка алынган. Анын жыйынтыгында Жайыл районунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган адам чарчап калган наристенин энеси менен жашаган 60 жаштагы адамдын уулу болот. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат. 20-июлда Жайыл... Читать дальше...

Новости России
Москва

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза


Түркия: мигранттар акысыз дарылангысы келет

Azattyk.org 

Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар бул өлкө кыргыз жарандарын дарылоого бөлгөн 150 орундук квотанын 50 квотасын өздөрүнө ыйгаруу демилгесин көтөрүп жатышат. Муну мигранттар Түркияда эмгек визасын албай, мыйзамсыз иштегени үчүн ден соолуктан ажырадык деп негиздешүүдө.

Аптапта "Тез жардамга" кайрылгандардын саны көбөйдү

Azattyk.org 

Абанын температурасы жогору болгон акыркы күндөрү “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын дарыгери Айнагүл Алымкулова билдирди. Анын айтымында, бир суткада болжол менен 600дөй чакыруу болууда. "Көчөдө уктап, күнгө күйүп калган селсаяктар боюнча бир күндө 7-8 учур катталып жатат. Үйдө күндүн ысыгынан кан басымы, канты көтөрүлүп жатканы үчүн "Тез жардамга" чалгандар көп. Мындан сырткары күндүн ысыгынан кусуп, ичи өткөн балдар көбөйдү. Күнүгө 600дүн тегерегинде чалуу болсо... Читать дальше...

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды

Azattyk.org 

Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган. Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө. 18-июлда "Kyoto Animation" студиясынан чыккан өрттөн 34 киши өлүп, 30дан ашууну жарадар болгон. Шектүү имараттын ичине бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айткан. Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Теннисистка Анастасия Тихонова вышла в ½ финала квалификации Уимблдона






Финал Спартакиады среди юниоров прошел в летнем лагере в Химках

Топ-3 спектаклей, которые стоит посмотреть в июле

Кажетта Ахметжанова: что такое сила Рода, и как она влияет на жизнь

Евросовет выступил за создание нового санкционного режима против РФ