МАГАТЭ: Иран жаңы центрифугаларды орнотууда
2015-жылдагы өзөктүк келишимде тыюу салынганына карабастан, Иран акыркы үлгүдөгү, жаңы центрифугалардын жардамы менен уран байытууну өндүрүүгө камылга көрүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) 9-сентябрда кабарлады. Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу. 2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган. Бул мезгил ичинде уран байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керектиги каралган. Читать дальше...