Конгресс комитети Трамптын телефон сүйлөшүүсүн карады
АКШнын улуттук чалгын башчысы Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу жаңжал боюнча суроолорго жооп берди.
АКШнын улуттук чалгын башчысы Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу жаңжал боюнча суроолорго жооп берди.
Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын жана ички иштер министрин жоопко тартууну талап кылышты.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани «Азаттыктын» ооган кызматынын суроолоруна президенттик шайлоону утурлай учкай жооп берди. Ал анда өлкө азыр «эки эмес, бир гана президентке муктаж» деп билдирди.
Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоочулар Түркияга Кыргызстандан иш издеп баргандардын арасында ортомчуларга алданып, оор ахыбалга кирептер болгондор көбөйүп баратканын айтышууда.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Сот Сагымбаевдин баш коргоо чарасы карап, аны 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алды. Сагымбаев 24-сентябрдын кечинде Аскер прокуратурасында сурак бергенден кийин эки суткага камалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы)... Читать дальше...
Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын жана ички иштер министрин жоопко тартууну талап кылышты. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында күч кызматкерлери элге каршы согуштук куралдарды колдонуп, адамдарды сабаганын айтып, арызданышты.
Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карады. Парламенттин бул багытта мурда кабыл алган токтомдорунун аткарылышы талкууланган жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттарга маалымат бергенин «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди: - Буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар, мөөнөт берилди. Ал эми өкмөт жасалган иштер жана пландары тууралуу маалымат берди. Суроо-жооп, талкуу болду. Читать дальше...
Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитети АКШнын чалгын кызматкеринин президент Дональд Трампка каршы арызын ачыкка чыгарды. Бул документ мамлекет башчыга импичмент жарыялоого себеп болуп калышы ыктымал. «Кызматтык милдетимди аткарып жатып, мен бир канча расмий кызмат адамынан Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн администрациясынын кызматкерлеринен 2020-жылдагы президенттик шайлоого чет өлкөнүн кийлигишүүсүн талап кылганы тууралуу маалымат алдым», деп айтылат документте. «Башка иштер менен катар эле... Читать дальше...
Буга чейин тергөөгө сурак бериш үчүн Орусиядан Кыргызстанга келген «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кайра Москвага учуп кетти.
Москва шаардык соту актёр Павел Устиновго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды кароону 30-сентябрга жылдырды. 26-сентябрдагы соттук отурумда прокуратуранын өкүлү актёрго карата өкүм катаал болуп калган деп эсептей турганын, ага жазанын камакка албаган башка түрү тандалса деле болмок деген пикирин айтты. Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган.... Читать дальше...
2020-жылдын соңуна чейин балдар үчүн бир миллиондон ашык китеп тапшырылат. ЮСАИД уюму каржылаган долбоор башталгыч класстын окуучулары үчүн китептерди басып чыгарууда. Адистер балдарга арналып чыгып жаткан бул китептердин окулушу ата-энелердин аракетине байланыштуу экенин белгилешет.
АКШда кыргызстандыктардын көбү оор жүк ташуучу унаа же трак айдашат. Алар бир штаттан экинчисине жүк ташып, узак жол басып, күндүр-түндүр дөңгөлөктүн үстүндө жүрүшөт. Бейрасмий маалымат боюнча АКШда 20 миңге жакын мекендешибиз бар.
26-сентябрда Түркиянын сейсмология борбору Стамбул шаарындагы жер титирөөнүн кубаты 5,9 баллга жеткенин маалымдады. Силкинүүдөн улам айрым турак жайлардан жарака кетип, телефон, Интернет байланыштары убактылуу иштебей калганы айтылууда. Учурда зилзаланын кесепетинен улам кыргызстандыктардын жабыркаганы тууралуу так маалымат жок. Түркияда эң күчтүү зилзала 1999-жылы 17-августта, Дүзже аймагында катталган. Бул зилзалада 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакын жаран жаракат алган. (EiB)
Парламент чек ара боюнча буга чейинки токтомдордун аткарылышы боюнча жабык өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөттөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери, тийиштүү органдардын өкүлдөрү келген. 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселеси талкууланган. Анда чек арага байланыштуу мурда чыгарган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берген. 16-сентябрда Баткендин... Читать дальше...
Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда эл ташыган кичи автобустар жүрө баштады. Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран басым-кысым алдында Вашингтон менен "эч качан сүйлөшпөйт" деп билдирди. Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак 86 жашында дүйнө салды.
Кыргыз өкмөтү Орусиянын тышка акча которууга чектөө киргизген эрежеси ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбесин билдирди. Айрым депутаттар чектөө киргенден бери мигранттар кыйналып жатканын айтып чыгышты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестиктердин алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Баткен районунун чек арага жакын аймактарында жол, сугат суу түйүнүн, социалдык мекемелерди курууга 2019-жылдын июнь айында өкмөттөн 220 млн. сом бөлүнгөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасы 26-сентябрда саат 23:00гө чейин каралышы керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев маалымдады. Адвокаттын айтымында, бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат. Учурда Жоошев Канат Сагымбаевди шектүү деп тааныган расмий маалымдаманы алыш үчүн Аскер прокуратурасына баратканын кабарлады. Сагымбаев эки күн мурун камакка алынган. Бирок бул тууралуу расмий органдар кенен маалымат бере элек. Улуттук... Читать дальше...
Бул тууралуу «France-Presse» маалымат агенттиги анын үй-бүлөсүнө таянып кабарлады. Күйөө баласы Фредерик Салат-Барунун айтымында, Ширак 26-сентябрда үйүндө көз жумган. Ал экс-президенттин өлүмүнүн себептери тууралуу кеңири айткан жок. Жак Ширак өлкө башында 1995-жылдан 2007-жылга чейин турган. Ал президенттикке чейин Париждин мэри, өкмөт башчы болуп иштеген. Эл аралык коомчулук Жак Ширакты 2003-жылы АКШнын Ирактагы аскердик операциясына каршы чыккан саясатчы катары билишет. 2005-жылы саясатчы оор инсультка кабылган. Читать дальше...
Чукул билдирүү: 29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда аба ырайы туруксуз болот. Эртең күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан жаайт. Аба ырайы: 27-сентябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32; Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14... Читать дальше...
Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Урал шаарында 70 баланы асырап алган поп Николай Стремский «асырап алган балдарына жыныстык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн» деп айыпталып, 25-сентябрда камакка алынды. Ал «бузук иштерге барган, ата-энелик милдетин аткарган эмес» деп да күнөөлөнүүдө. Сот ошондой эле Николай Стремскийдин кызы менен күйөө баласын да «жашы жете элек балдардын баскан-турганын мыйзамсыз чектеген» деп кармады. Баштапкы маалыматтарга караганда, кечилдин багуусундагы жети бала жыныстык зомбулукка кабылган. Читать дальше...
Кой-Таш айылынын тургундары комиссиянын курамынан анын айрым мүчөлөрүн чыгарууну сунуш кылышты. Бул тууралуу комиссиянын жыйыны Чүй облустук администрациясынын имаратында өтүп жаткан учурда айыл тургундары билдиришти. Алардын жүйөсүндө комиссиянын курамындагы Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, коомдук ишмерлер Алишер Мамасалиев жана Артур Медетбеков Атамбаев менен мамилеси жаман болгондуктан алардын объективдүү иш алып барышарына ишеним жок. Ошондой эле айрым тургундар 7-8-август күндөрү... Читать дальше...
Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман журналист Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айтты. Бул тууралуу ал америкалык PBS телеканалынын журналисти Мартин Смит менен болгон маегинде айтканын кабарчы өзү билдирди. Маек обого 1-октябрда чыгат. Ошону менен бирге ханзаада Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген. Саудиялык журналист Хашогжи былтыр октябрь айында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Орусиянын «Россия 1» каналындагы «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов кыргызстандыктарды басынтты деп эсептейт. Ал бул маселеге Тышкы иштер министрлиги кийлигишип, чара көрүшү керек экенин айтып, өкмөткө тапшырма берди: - Протоколдук тапшырма берип коёюн деп атам. Ал жерде Малахов айтып жатат, «10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе бардык буюртманы аткарат» деп. Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы керек. Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек. Читать дальше...
Акыркы бир нече жылдын ичинде АКШ мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүп, чийки мунай импорттогон өлкөдөн экспорттогон өлкөгө айланды.