Президент штабды аш-тойлорго расмий тыюу салууга чакырды
Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык штабдан аш-тойлорду токтотуу тууралуу сунуштарга көз карашын билдирүүнү талап кылды. «Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», - деди Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчы облус аралык транспорт каттамдарын токтотуу маселесин карап чыгууну да сунуш кылды. Читать дальше...