Зомбулук тузагы: Менин ичимдеги абьюзер...
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн бул чыгарылышын зомбулуктун кеңири жайылган түрү - абьюз темасына арнадык. Адистер ар бир адам абьюзер болушу мүмкүн деп айтышат. Сиз бул ойго кошуласызбы?
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн бул чыгарылышын зомбулуктун кеңири жайылган түрү - абьюз темасына арнадык. Адистер ар бир адам абьюзер болушу мүмкүн деп айтышат. Сиз бул ойго кошуласызбы?
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырды. Мыйзам боюнча эми анын милдети парламент спикери Талант Мамытовго өтөт. Президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров 14-ноябрда түштө президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырган. Ал аталган органга президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, мамлекеттик тилди билүү... Читать дальше...
Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып жатып президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөргө кайрылды. Жапаров элдин тынчтыгы менен ынтымагы жеке мансаптан бийик болушу керектигин айтып, «шайлоонун шары менен жеке амбицияга алдырып, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирбеш керек» деди. «Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына маалымат чыкты. Саат 21:00гѳ карата БШКга Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 62 адамга жетти. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алды. Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары... Читать дальше...
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырганы тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жайгаштырылды. Ошондой эле Жапаровдун элге кайрылуусу жарыяланды. «Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Урматтуу мекендештерим, ушуга байланыштуу мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим»... Читать дальше...
Тарыхтын жолун же бир генийлер, же бир жиндилер гана өзгөртө алышат (3-бѳлүк)
Ырчы, пародист Жаныбек Аттокуров бийликке кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин үй-бүлөсүнө таандык «Араван» цемент заводун сындап ырдаганы үчүн коркутууга кабылганын билдирди. Аттокуров цемент заводунун жетекчиси Данияр Атабаев жана анын тарапташтары коркутуп жатканы үчүн 12-ноябрь күнү Араван райондук милициясына, УКМКга арыз жазганын «Азаттык» радиосуна билдирди. Ош облустук милициясынан бул окуя боюнча арыз келип түшкөнүн тастыкташып, териштирүү иштери башталганын кабарлашты. Читать дальше...
Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны элүүдөн ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?
Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны кырктан ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?
Пенсионер Базарбай Темишов менен «Борбордук Азиядагы тынчтык жана ѳнүгүү институту» коомдук бирикмесинин төрагасы Бактыбек Жумагулов президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен 14-ноябрь саат 17:00гө карата Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга документ тапшыргандардын саны 51 адамга жетти. Алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер... Читать дальше...
Испаниялык Жон Рам аттуу гольфчу "Мастерс" сериясындагы турнирде болуп көрбөгөндөй сокку жасады. Спортчуга ортодогу көлмө да тоскоол боло алган эмес.
Ишембиде (14-ноябрда) Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарындагы Чокон Валихановдун айкелинин жанында бийликтер уруксат кылган нааразылык жыйыны өткөрүлдү. Митингди уюштурууга "Демократиялык партия" аттуу партияны уюштурууга аракет кылып жүргөн саясатчы Жанболат Мамай менен Украинада байырлап жаткан журналист, Youtube барагындагы "Баса-а!" (казакча "Бәсе" ) каналынын негиздөөчүсү Айдос Садыков демилгечилерден болушкан. Жыйынды уюштуруучулар банктык насыяларды кечирүү, жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө сатпоо... Читать дальше...
Орусияда 14-ноябрдын таңына карата бир күндөн ичинде 22 702 киши коронавирустун жаңы түрүнө чалдыкканын бул илдетке каршы күрөш боюнча чукул штабдан маалымдашты. Ошентип, өлкөдө апта ичинде ушуну менен үчүнчү ирет таажы вирус илдетине чалдыккандардын жалпы көрсөткүчү өтө жогорку чегине жетти. Акыркы суткада бул илдеттин айынан 391 киши каза тапты, 18 626 киши айыгып чыкты. Штабдын кабарлашынча, ушул тапта 444 890 киши КОВИД-19 илдетинен жабыр тартууда. Жалпысынан, Орусияда бул илдетке жыл башынан бери 1 903 253 киши кабылган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан кийин 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. 14-ноябрда саат 14:30 карата БШКга 42 жаран арыз калтырды. Читать дальше...
11-ноябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн мамлекеттик театрында репрессияга кабылып, өз мекенине кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арналган «Жат эмесмин» спектакли алгач ирет көрсөтүлдү.Татарстандын Эл жазуучусу Аяз Гилязовдун «Үч карыш жер» повестинин негизинде коюлган спектаклдин сценарийин кыргызстандык калемгер Людмила Молдалиева жазган. Спектаклде мекенге болгон кусалык атасынын тескери батасынан улам бактысыз болгон үй-бүлөнүн, атасынын жана жубайынын керээзин орундаткан... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөштүн алкагында Орусия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 500 комплект ПЦР (Полимераз чынжыр реакциясы) тест системаларын берди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал баштаган делегациянын өкүлдөрү «Манас» эл аралык аба майданына келген жүктү тосуп алышты. «Орусия жиберген 500 комплект ПЦР тест системалары 50 миң жолу дартты лабораториялык жактан тастыктоого жетет», - деди министрдин орун басары. Биринчи... Читать дальше...
Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрматбек Исмаилов Кара-Сууга аким болуу ниетин билдирди. Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен.
Чукул билдирүү: Кыргызстанда 14-16-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5; Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланганын кабарлады. Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстандын башчысына ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз тарап Өзбекстан менен алаканы мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык... Читать дальше...
Террорчул уюм болгон "ал-Кайиданын" жетекчисинин орун басары саналган Абу Мухаммад ал-Масри быйыл жайында Иранда жашырынып жүргөн жеринде өлтүрүлгөн. Абу Мухаммад ал-Масри аты менен таанылган бул инсандын өз ысымы - Абдулла Ахмед Абдулла. "Масри" шарттуу аты - анын тегинин Египеттен экенин көрсөтөт. Ал "ал-Кайиданын" азыркы таптагы жетекчиси Айман аз-Завахиринин мураскору болот ко деп жоромолдонуп келген. "Нью-Йорк таймс" басылмасынын 13-ноябрдагы маалыматына караганда, ал-Масри быйыл 7-августта... Читать дальше...
Мурдагы совет өлкөсүндө сүймөнчүккө ээ болгон театр жана кино өнөрпозу Армен Жигарханян 14-ноябрда таңга маал 86 жашында Москва шаарында дүйнөдөн кайтты. Бул суук кабарды ал өзү 1996-жылдан бери жетектеп келген жана Армен Жигарханяндын жетекчилиги астындагы Москва драма театры деп аталган театрдан тастыкташты. СССРдин эл артисти, актёр жана режиссёр Армен Жигарханяндын теги - тифлисстик армяндардан болот. Ал 1935-жылы 3-октябрда Ереван шаарында туулган. Ал 250дөн ашуун кинотасмада тартылганы айтылып келет. Читать дальше...
«Азаттыктын» казак кызматы журналист Эрмурат Бапи 14-ноябрда Алматыда оппозициянын бийлик уруксат берген митингинин алдында кармалганын жазды. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири, журналист Инга Иманбай билдирди. Бапинин кармалганын Алматы шаарынын Медеу райондук ички иштер бөлүмү да ырастады. 14-ноябрдагы митингге жарандык активист Жанболат Мамай менен Украинада жашаган журналист жана активист, «YouTube» социалдык тармагындагы «Base» каналынын ээси Айдос Садыков чакырылган. Экөө тең Казакстандын бийлигин сындап жатышат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК кабарлады. Ушул эле күнү президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да президенттикке талапкер болуш үчүн Боршайкомго документтерин берген. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн 13-ноябрда БШКга Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европа менен Жакынкы Чыгыштагы жети өлкөнү кыдыруу үчүн сапарга чыкты. Ноябрдын 13үнөн 23үнө чейин созулчу бул сапар маалында Помпео оболу Франциянын, андан соң Грузия, Израил, Катар, Сауд Арабстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилери менен жолугат. Айтмакчы, Помпео Парижден ары келип токтой турган жана грек ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугуша турган Стамбул шаарында анын Түркиянын расмий жетекчилиги менен жолугушуусу белгиленбегендиги да кабардалууда. Читать дальше...