Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 14.11.2020

Тышкы карыз: элден колдоо күткөн өкмөт

Azattyk.org 

Каршы министрлиги элден акча чогултуу үчүн эки эсеп колдонот. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалат. Каржы министрлигинин жаңы эсептеринин бири 30-октябрда ачылган. Бул тууралуу министрлик расмий сайтына жарыялап, элден чогулган акча бюджетке тыгынчык болорун жазган. Ушул эле эсепке экономикалык мунапыстан өндүрүлгөн каражат келип түшөрү айтылат. Ал эми экинчи эсепке акча чогултуу үчүн Каржы министрлиги элди патриоттулукка үндөп жатат. Анткени... Читать дальше...

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди. Ага ылайык, бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстанга жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат, куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн кабыл алынганы айтылат. Читать дальше...

Тышкы карыз үчүн акча бересизби?

Azattyk.org 

Каршы министрлиги элден акча чогултуу үчүн эки эсеп колдонот. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалат.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырды. Ал президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда... Читать дальше...

Коронавирус жуккан 129 адамдын абалы өтө оор

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушул күндөрү ооруканада 3 315 адам жатат, дагы 3 905 бейтап үйдөн дарыланууда. Алардын ичинен 58 (1,7%) бейтаптын абалы канаттандырарлык, 2 124 кишиники (64,0%) орто оор, 1 004 (30,2%) оор абалда, 129 (3,8%) адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб тараткан маалыматка караганда, 14-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен баш-аягы 1 196 адам каза болду. Оору 65 953 кишиге жугуп, 56 847 бейтап COVID-19 илдетинен айыгып чыкты. ... Читать дальше...

COVID-19: Дагы бир киши каза болду, 499 адам жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 14-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен Баткен облусунан бир киши каза болду. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 196 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 499 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 108 киши жана Чүй облусунда 83, Жалал-Абад облусунда 70, Ысык-Көлдө 59, Ош облусунда 52 бейтап. Оору жуккандардын жалпы саны 65 953 кишиге жетти. Бир күндө 540 адам сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 56 847 кишиге жетти. Читать дальше...

АКШ: COVID-19 каршы вакцина апрель айына чейин кеңири колдонула баштайт

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска каршы вакциналар 2021-жылдын апрель айына чейин кеңири колдонула баштарын айтты. Ал бул тууралуу АКШда ооруну жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, айрым штаттарда чектөөлөр киргизилип жаткан кезде билдирди. Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары ушул аптада биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөткөн.   Трамп «Pfizer» вакцинасын чукул колдонууга макулдук берүүнү күтүп жаткандыгын да кошумчалады. Читать дальше...

Өкмөт: 2021-жылы бюджеттин тартыштыгы 7 млрд. сом болот

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгаша 170 млрд. 64 млн. сом ал эми тартыштык 7 млрд. сом болот деп болжоп жатат. Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулоодо айтылды. Маалыматка караганда, келерки жылы Мамлекеттик салык кызматынан 89 млрд. 850 млн. сом (2020-жылы 93 млрд. сом деп болжолдонгон), Бажы кызматынан 52 млрд. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP






В России предложили обеспечивать садоводов бесплатными семенами и другими льготами

Москву ожидает скандинавский погодный сюрприз

Елена Шерипова: зачем нужны модельные школы

Эксперт Дворянский: зоны 5G — классическая эволюция, пришло время обновлять сеть