KG Analytics: Мектеп окуучуларынын 60% окуу программасын толук түшүнбөйт
Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 60% окуу, математика жана табият таануу боюнча сабаттуулуктун негизги деңгээлине жетишпейт. Башкача айтканда, алар мектептеги окуу программасын толук түшүнбөйт. Мындай тыянакты окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык, улуттук системаны иликтеген KG Analytics интеллектуалдык фонду чыгарды. "Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын билими Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдөгү курбалдаштарынан 4,5 жылга артта калган", - деп белгиленет изилдөөдө. Читать дальше...