Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 30.10.2021

"Бакиевге "энергетикага тийишпе" деп эскерткем"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Эргеш Төрөбаев болду. Ал маегинде кантип энергетик адистигин тандаганы, Текебаевди тартипке чакырганы, Бакиевге туугандык жакындыгы, "Датка-Кемин” линиясынын автору ким, ж.б. маселелер жөнүндө кенен кеп кылат. - Эргеш ага, эстеп көрүңүзчү 1994-жылы “легендарлуу парламент” мөөнөтүнөн мурда таркатылганы белгилүү, ага эмне себеп болгон? - Бизди, парламентти 1994-жылы сентябрь айында таркатты. Читать дальше...

Кыргызстан Орусиядан аскердик-техника сатып алат

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусиянын "Рособоронэкспорт" ишканасынан Ми-17В-5 тик учагын сатып алат. Андан тышкары, Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн "Орлан-10Э" деп аталган учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге да кол коюлду. 30-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорттун" жетекчиси Александр Михеев менен жолугушту. УКМКнын басма сөз кызматы жолугушуу Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгонун билдирди. Читать дальше...

АКШнын чалгын кызматы коронавирустун булагын аныктай алган жок

Azattyk.org 

АКШнын чалгын кызматы COVID-19 пандемиясына себеп болгон коронавирустун булагын аныктай алган жок. Бул тууралуу АКШ чалгын кызматынын жума күнкү баяндамасында айтылат. Айрым талдоочулар вирус адам менен жапайы жаныбар алакасынан улам тараган деген божомол табийгый инфекция версиясына жакындыгын белгилешүүдө. Кээ бир эксперттер Кытайдын Ухан калаасындагы Вирусология институтунун 2019-жылдын күзүндө пневмония менен ооруган бир канча кызматкери бул вирусту кокусунан жуктуруп алган деп эсептешет. Читать дальше...

Сүйгөнүн сактай албаган эркектин ыйы

Azattyk.org 

Бексултан Жакиевдин “Бороондуу жолдо” аңгемесинде уруулук коомдун көөнө адат-салты менен жеке адамдын коллизиясы – карама-каршылыгы сүрөттөлөт. Аялы менен күйөөсүнүн турмушун туугандары чечип коюшат. Ага аялы да, күйөөсү да каршы чыга албайт. Кыргыз аңгемесинин классикасында Бексултан Жакиевдин “Бороондуу жолдо” баяны. Үйөр толкундар Айым Балыкчынын бороону мынчалык катуу болорун ойлобоптур. Адамды буюктурган шамалдан минтип ыктоо жер издеп отургуча кечээ эле чогуу келгендери менен кетип калмак. Читать дальше...

Ысык-Көлдө концентратты мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда тоо-кен заттарын мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды. Жүк 50 тоннадан ашарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталган. Мүшөккө салынган химиялык заттар 29-октябрда оор жүк ташуучу автоунааларга жүктөлүп баратканда колго түшүрүлгөн. Жүктүн документтеринде жасалма белгилер аныкталып... Читать дальше...

"Бороон" – махабат тууралуу ажайып баян

Azattyk.org 

Бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, ирандык атактуу кинорежиссёр Мажид Мажидинин бул тасмасы сүйүү жөнүндө. Анда аягы тыйылбаган согуштун, оор турмуштун кесепетинен өз мекенинен бозуп Иранга өтүп келген оогандык жалданма жумушчулардын татаал тагдыры баяндалат. Дээрлик баарынын тек-жайын тастыктаган документтери жок болгондуктан, жашырынып иштеп, эптеп жан багып жаткандары, айрымдарынын адам чыдагыс шартта жашап жана эмгектенгени (айрыкча аялдар) тууралуу да сөз болот. Бирок кинонун негизги өзөгүн махабат... Читать дальше...

"Бакиевге "энергетиканы менчиктештирбе" деп айткам"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Эргеш Төрөбаев болду. Ал маегинде кантип энергетик адистигин тандаганы, биринчи депутат болгону, Текебаевди тартипке чакырганы, Бакиевге туугандык жакындыгы, "Датка-Кемин” линиясынын автору ким, ж.б. маселелер жөнүндө кенен кеп кылат.

СССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов көз жумду

Azattyk.org 

СССР доорунун белгилүү диктору Игорь Кириллов 90 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын "Биринчи каналы" кабарлады.   Сентябрда анын саламаттыгы начарлаганын "Известия" жана Рен-ТВ маалымдаган, октябрда ооруканага түшкөнү тууралуу "Интерфакс" жазган.  Кириллов 20 жылдан ашуун күн сайын "Время" маалыматтык программасынын алып баруучусу болгон. Расмий маалыматтарды, өлкө башчыларынын куттуктоолорун, кайрылууларын телерадиодо элге жеткирген, Кызыл аянттагы иш-чараларды түз эфирде чагылдырган. Читать дальше...



Ырчы Юлдуз Усманова автордук укукту бузганы үчүн моралдык чыгым төлөйт

Azattyk.org 

Өзбекстандык белгилүү ырчы Юлдуз Усманова автордук укукту бузганы үчүн 185 миллион сум моралдык чыгым төлөйт. Бул сумма 17 миң АКШ долларынан ашат. 2020-жылы акын Йулчи Рузиев сотко кайрылып, "Хаста булма" (Ооруба) деген ырдын сөздөрүн жазганын, бирок Усманова автордук укукту бузуп, аны ырдап чыкканына даттанган. Быйыл 29-октябрда сот акыркы чечимди чыгарып, ырчыны 185 миллион сум моралдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып жазды. Читать дальше...

Кош тилдүү залкардын көркөм мурасы

Azattyk.org 

Мар Байжиев менен улут адабиятынын өзүнчө бир доору, Чыңгыз Айтматовго удаалаш чыгып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн чабытын кеңейткен, жаамы дүйнөгө тааныткан залкарлардын соңкусу бул жалганды таштап кетти. Анын өмүр баяны ары татаал, оор, кайгылуу болду. Ошол эле кезде ал жалпы журтка таанылуу, көркөм өнөрдүн арты менен бийик атак-даңкка, опсуз сый-ургалдарга да жетишти. Драмалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө коюлуп, сценарийинин негизинде тартылган кинолору мактоого арзып, таланты татыктуу бааланды. Баарынан мыктысы... Читать дальше...

Президент Жапаров Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммитине катышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Британиянын Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына катышат жана дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Президенттик админстрациядан кабарлашты. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган. Глазгодо 31-октябрдан 12-ноябрга чейин өтө турган БУУнун конференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Читать дальше...

Полковникти каматкан көмүскө жагдайлар

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын жетекчиси, полковник Улан Аалиевдин камалышын анын жакындары "саясий буюртма" деп атап жатышат. Аалиев менен кошо Асыл Талипова аттуу ишкер аялды кыйноого алды, "коркутту" деген шек менен дагы жети киши эки айга камалган. Ал арада Талипованын өзүнө алданганын, ири суммада акча алдырганын айткандар 29-октябрда да Бишкекте нааразылык акциясын улантышты. Алар президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында пикет уюштуруп, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго үч пункттан турган кайрылуу жөнөтүштү. Читать дальше...

Жазуучу Мар Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда болот

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-октябрда Бишкектеги опера-балет театрында өтөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында көз жумду. Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлган. Сценарийлери боюнча бир катар фильмдер тартылган. Чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, ал мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин бири болгон. Читать дальше...

Бийлик бутактарынан сүрүлгөн аялдар

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийлик бутактарында аялдардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тенденция эмнени билдирет жана аялдардын саясатка катышуусу канчалык маанилүү? "Эже-Сиңдилер" ушул теманы талкууга алат.

Латвияда орусиячыл журналист камалды

Azattyk.org 

Рига соту журналист Юрий Алексеевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Ал улуттар аралык кастык козутканы, балдар порнографиясын жана ок-дары сактаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Журналист бул айыптоолор ойлоп табылганын билдирди. Алексеев Латвиядагы орус тилдүү белгилүү журналисттердин бири экенин Delfi басылмасы жазды. Ал ишкерликке багытталган бир катар басылмаларда редактор болуп иштеген. 2005-2009-жылдары "Бирдиктүү Латвиядагы адам укуктары үчүн" бирикмесинен Рига шаардык кеңешинин депутаты болгон. Читать дальше...

31-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Гидрометагенттиги 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 4...9, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8... Читать дальше...

Бишкекте Куран окуу боюнча эл аралык жарыш башталды

Azattyk.org 

Бишкекте 30-октябрда 11 мамлекеттин диниятчыларынын катышуусунда "Куран жазы" жарышы башталды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бидиргендей, ага КМШ өлкөлөрүнөн чогулган карылар катышууда. Сынак имам Сарахсий атындагы башкы мечитте өтүп жатат. Калыстар тобунун курамында Кыргызстан, Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринин дин аалымдары бар. Жарыштын жүрүшүнө байкоо салып отурган муфтий Замир Ракиевдин айтымында, алгач ирет уюштурулган сынак мындан ары жыл сайын өткөрүлөт.

Шайлоо бюллетенинде оппозициялык партиялар алдыңкы катарда болот

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын добуш берүү бюллетениндеги катар номурлары аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) 30-октябрда өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында, оппозициялык деп сыпатталган партиялар алдыңкы катардан орун алышты. "Ата Мекен"; "Бүтүн Кыргызстан"; "Альянс"; "Легалайз"; "Ыйман Нуру"; "Күчтүү регион"; "Багыт"; "Ынтымак"; "Ишеним"; "Азаттык"; "Мекенчил эл"; Жашылдар партиясы; "Жашасын Кыргызстан"; "Социал-демократтар"; "Аруузат — Эл куту"; Кыргызстандын... Читать дальше...

Активист Бакай Кашкарбаев кармалды

Azattyk.org 

Активист Бакай Кашкарбаев 29-октябрда кармалганы тууралуу "Азаттык" радиосуна анын жакындары билдирди. Маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", 355-беренесиндеги "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси - "Майда бейбаштыкка" шек саналууда. Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Новости России
Москва

Как сэкономить на ставке. «Выберу.ру» составил рейтинг ипотек на вторичку за апрель 2024 года


Бишкек кызыккан "Байрактардын" баркы жана баасы

Azattyk.org 

Украина алгач ирет Түркияда жасалган "Байрактар" дрону менен Донбасстагы жикчилдердин бутасына сокку урду. Аны улай бул дрондорду жасаган түрк компаниясы дагы бир мамлекетке экспорт башталарын жарыялады. Ага чейин Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учак сатып аларын билдирген. Кыргыз тарапты кызыктырган "Байрактар" дрондору тууралуу эмне билебиз? "Азаттык" бул аппараттардын айланасындагы соңку жаңылыктарды беш суроонун тегерегинде түшүндүрүп берет. "Байрактар" Украинага эмне берет? Киев уруш жүрүп... Читать дальше...

Эдил Байсалов КТРКда криминалдык тасма көрсөтүлгөнүн сындады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов Коомдук телерадикорпорацияда (КТРК) криминалдык тасманын көрсөтүлүшүн кылмышка тете көрүнүш деп баалады. 30-октябрда эртең менен КТРКнын негизги каналында эфирге берилген көркөм фильмди сындап, "Твиттерге" жазган. Байсалов "Азаттыкка" комментарий берип, кан жайылган, жаман сөздөр колдонулган тасманы көрсөтүү туура эместигин, балдарга терс таасир берерин билдирди жана каналдын жоопкерчилиги караларын айтты. "Мен тапшырма бердим. Себеби... Читать дальше...

Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду, 81 киши жуктуруп алды

Azattyk.org 

30-октябрга карай Кыргызстанда дагы 81 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Акыркы бир суткада эки бейтап көз жумганын, экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2668ге жетти. 2020-жылдын март айынан бери 181 миңден ашып, алардын 175 миңден көбү айыкты. Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 172 миңдей адам вакцина алды. Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши эмделиши керектигин айтышат. Читать дальше...

АКШ Ооганстанга дагы 144 миллион доллар жардам бөлдү

Azattyk.org 

АКШ Ооганстанда уланып жаткан гуманитардык кризиске каршы күрөшүүгө дагы 144 миллион доллар берет. Бул каражат жабыркаган элге, тагыраагы кошуна мамлекеттердеги ооган качкынарына жардам берчү көз карандысыз кайрымдуулук уюмдарына жолдонот. Бул тууралуу 28-октябрда АКШнын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Эмили Хорн билдирди. АКШдан каржылык колдоо алган уюмдар ооганстандыктарга башпаанек берүү, чукул арада азык-түлүк жеткирүү, медициналык, санитардык каражаттар менен камсыздоо жана кышка даярдык көрүү үчүн сарпталат. Читать дальше...

"Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" деген онлайн оюн жасалды

Azattyk.org 

Кыргыздардын улуттук кол өнөрчүлүгүн заманбап ыкмада жайылтууну көздөгөн "Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" деген онлайн оюн иштелип чыкты. Салттуу баалуулуктарга, энелердин батасына негизделген бул оюн ар бир адамга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн жайылтууну көздөйт. Аны “Айкын багыт” коомдук фонду Gonzo Design студиясы менен биргеликте жасаган. Оюн онлайн түзүлүш ыкмасында жасалган. Адам ал жерде баталар камтылган каалаган багытты тандайт. Темалар каада-салттарга, энелердин аңгемелерине жана улуттук баалуулуктарга багытталган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






Южное озеро в Черноголовке благоустроят к августу

В «Иностранке» открылась выставка победителей конкурса к 80-летию освобождения Ленинграда

Отделение «Почты России» в поселке ВНИИССОК отремонтируют в июне

Свыше 35 километров дорог отремонтируют в Можайске в 2024 году