Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 14.05.2023

Түркиядагы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Эрдоган алдыда

Azattyk.org 

Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын 84% саналып бүттү. Анын алдын-ала жыйынтыгы боюнча азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 50,2%ын колдоосуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 44% топтоду. Анткен менен Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес, айтымында анын партиясынын эсебинде Эрдоган артта калууда. Түркиядагы эң ири үч шаар-Стамбул, Анкара жана Измирдеги... Читать дальше...

Түркияда добуш берүү аяктады

Azattyk.org 

Түркияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Мамлекеттик "Анадолу" маалыматына ылайык, Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер добуш берүү учурунда терс көрүнүштөр катталбаганын, жараян кынтыксыз өткөнүн билдирди. Көз карандысыз байкоочулар өз пикири менен азырынча бөлүшө элек. Мыйзам боюнча шайлоо тилкелеринде бюллетендерди саноо түнкү 12ге чейин бүтүшү керек. Президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышты. Азыркы мамлекет башчы... Читать дальше...

Армения жана Азербайжан лидерлери Брюсселде жолугушту

Azattyk.org 

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-майда Брюсселде жолугушту. Алардын сүйлөшүүсүнө Еврокеңештин президенти Шарль Мишель ортомчулук кылууда. Мишель Пашинян жана Алиевдин ар бири менен өз алдынча эки тараптуу жолугушту. Эки лидердин жолугушуусунун алдында, 11-12-май күндөрү азери-армян чек арасында атышуу болуп, бул үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. Баку бир аскери мерт болгонун билдирсе, Ереван бир жоокери набыт болуп, бир нечеси жараат алганын кабарлаган. Читать дальше...

Кенияда "Ыйса пайгамбарга жолугууну көздөгөн" 200дөй киши өзүнө кол салды

Azattyk.org 

Кенияда "Ыйса пайгамбарга жолугуу үчүн" ачкачылык кармап, өзүн кыйнап өлтүргөн дагы 22 кишинин сөөгү табылды. Ушуну менен өзүн кыйнап жанын кыйгандардын саны 201ге жетти. Маалыматтарга караганда, аларга жеке сектанын Пол Маккензи аттуу башчысы жакында акыр заман болорун айтып, "Ыйса пайгамбарга жолугуу үчүн ачкачылык кармап, жанын кыюуну" буйруган. Дагы 600 кишинин дайыны белгисиз. Арасында өспүрүмдөр да бар. Маккензи өткөн айда камакка алынган. Ага террорчулукка байланыштуу айыптар тагылары күтүлүүдө. Читать дальше...

Президент абактагылардын шайлоого катышкан себебин айтты

Azattyk.org 

Узаган жумада өлкө жетекчилиги Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугуп, шайлоодон сырткары абактагы оппозиция өкүлдөрү, коррупция жана кадр саясаты сыяктуу суроолорго жооп берди. Анда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши баштаган орчундуу маселелерге байланыштуу оппозицияны сынга алып, өлкөдө таза шайлоо өткөрүү ниети бар экенин билдирди. Бирок Жапаровдун бул жолугушуудагы айрым билдирүүлөрү талкууга түшүп, ар кандай пикирлерди жаратууда. Абактан... Читать дальше...

Иранда жумушчулардын иш таштоону "жетектегендер" кармалды

Azattyk.org 

Иран бийлиги өлкө түштүгүндө газ обьектисинде жумушчулардын иш таштоосун "жетектеген" деген айып менен сегиз кишини камакка алды. Бул тууралуу 14-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. "Чалгын кызматтары "Түштүк Парс" долбоорундагы жумушчулардын иш таштоосун жетектеген сегиз негизги лидерди кармашты", - деген жергиликтүү губернатордун орун басары Акбар Пулат. Түштүк/Түндүк Парс -дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ кору жайгашкан жер. Ал жерде 28 трлн. метр куб газ жана 7 млрд. тонна мунай кору бар. Читать дальше...

Лукашенконун ооруканага түшкөнү кабарланууда

Azattyk.org 

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 14-майда Мамлекеттик туу, гимн жана герб күнүнө арналган иш-чарага катышкан жок. Буга анын саламаттыгынын начарлашы себеп болгону кабарланууда. Айрым бышыкталбаган маалыматтарга караганда, Лукашенко 13-майда Минскидеги ооруканалардын бирине түшкөн. Анын саламаттыгы тууралуу эч кандай расмий кабар чыга элек. Бирок соңку үч жумадан бери ал эч кандай коомдук иш-чараларга катышкан эмес. Лукашенко акыркы жолу 9-майда Москвадагы Экинчи дүйнөлүк согуштун... Читать дальше...



"Ошто терс көрүнүштөрдү жойгонго аракет кылабыз"

Azattyk.org 

Жакында президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Элчибек Жантаев облус ичиндеги көйгөйлөр туралуу "Азаттыкка" маек курду. Ал сөзүндө "ишкерлерге болгон коркутууларга чек коюлуп, криминалдык топтордун таасири жоголоорун" айтты.

Түркия: Эрдоган Стамбулда, Кылычдароглу Анкарада добуш берди

Azattyk.org 

Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, анын негизги атаандашы, оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу Анкара шаарындагы шайлоо тилкесинен добуш берди.

Түркия: Вандагы кыргыздар Улуу Памирде добуш берүүдө

Azattyk.org 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында ачылган шайлоо тилкесинде 1058 кыргыз добуш берүүдө. Бул тууралуу айылдагы шайлоо комиссиянын мүчөсү Женгиз Тач "Азаттыкка" билдирди. Ал шайлоо өз жол-жобосу менен өтүп жатканын кабарлады. Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги улуу памирликтер айылдагы орто мектепте ачылган шайлоо тилкесине улуттук кыргыз кийимдерин кийип, ат минип келгенин жазды. Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара... Читать дальше...

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Парламентке жалпысынан 24 саясий партия ат салышууда. Бул шайлоодо өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет.

Өкмөт быйыл 204 мектеп жана 49 бала бакча куруларын билдирди

Azattyk.org 

2023-жылдын аягына чейин аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу күзгө чейин бүтөт. "Бул мектептин ачылышы менен үч чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт. Читать дальше...

Президент талапкерлерди шайлоодо добуш сатып албоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Ленин райондук округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлерди акча таратып, добуштарды сатып албоого чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу 12-майда талапкерлер менен жолугушкан учурда айтты. "Ар кандай чагымчыл көрүнүштөрдөн, мыйзамсыз айыптоолордон, элди экиге бөлүп-жаруудан алыс болуңуздар. Өзүңүздөрдүн өкүл, ишенимдүү адамдарды, үгүтчү, тааныш, дос-тамыр, туугандарды шайлоочулардын добушун сатып алуудан оолак болууга чакырыңыздар. Читать дальше...

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамдары жанданат

Azattyk.org 

18-майдан тартып Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарат. "Баткен" аэропорту быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо, калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылган. "Баткен" аэропорту 1958-жылы курулган. 1984-жылга чейин Як-12, Ан-2, Ил-14 учактарын кабыл алып келген. Читать дальше...

Түркияда президенттикке талапкерлер добуш беришти

Azattyk.org 

Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу, АТА альянсынан Синан Оган жана "Мамлекет" партиясынын лидери Мухаррем Инже Анкара шаарындагы шайлоо тилкелеринде добуш беришти. Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал зилзала аймагындагы шайлоочулардын добуштары өтө маанилүү экенин баса белгиледи. ... Читать дальше...

Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. Президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда. Сурамжылоолордун көбүндө Кылычдарголу бир нече пайыз алдыда. Шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын... Читать дальше...

Базар-Коргондо турак үйлөрдү сел каптады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 14-майдын түнү катуу жаан жаап, Карача айылында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, суу арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Учурда селдин кесепетин жоюу, тазалоо иштери жүрүп жатат. ӨКМ 13-майда тоо этектерине мөндүр аралаш жааган жаандан улам Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Жети-Таш айылына өтүүчү автоунаа жолдун 18-чакырымы кум-шагылга толуп калганын кабарлады. Көк-Таш айылында ички чарбалык жолдорун суу каптап... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

15-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31; Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Баткен... Читать дальше...

Садыр Жапаров камактагылар шайлоодо үгүт ишин жүргүзө албасын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров абакта отургандар шайлоодо эл аралап, үгүт ишин жүргүзө албасын, жыйындарга катыша албай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-майда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлерге жолукканда билдирди. "Камакта жатканда чыгарып, шайлоого катыштыргыла же ушундай чогулуштарга алып баргыла деп талап койгон эмесмин. Жөн гана каттоодон өткөрүп, талапкерликке мандат бергилеп деп сурангам. Читать дальше...

Израил менен "Ислам жихады" тобунун ортосундагы элдешүү күчүнө кирди

Azattyk.org 

13-майда кечинде Египет ортомчулук кылган Израил менен Палестинанын “Ислам жихады” радикал тобунун ортосунда атышууну токтотуу боюнча элдешүү келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу маалымат агенттиктери кабарлашты. Макулдашуу болгонун "Ислам жихады" тобунун өкүлдөрү ырасташты. Тель-Авив бул билдирүүгө расмий комментарий бере элек. Шейшембиде эртең менен Израил Газа тилкесиндеги буталарга сокку урган. Мындан "Ислам жихадынын" бир канча командири өлгөнү белгилүү болду. Мерт болгондор арасында жай тургундар... Читать дальше...

Түркияда добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. Президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда. Сурамжылоолордун көбүндө Кылычдарголу бир нече пайыз алдыда. Шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Вера Звонарёва

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге






Мария Багреева: почти на 14% вырос оборот сферы услуг в 1 квартале 2024 г.

На органный концерт «Голоса весны» приглашают псковичей

Замотивированы на новые свершения и волонтерскую работу

Руководитель Росдетцентра Александр Кудряшов поздравил победителей номинации «Детская экскурсия» программы «Лига Экскурсоводов»