Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 26.05.2023

Жаштардын көп тил билүүсү дээр үчүн зарыл

Azattyk.org 

Азыркы жаштар жана болочокку муундар көп тилдерди билиши кажетпи? Же алар тексттерди интернет же компүтер аркылуу эле котортуп алышабы? Тарыхчынын блогу.

Днепрде орустардын соккусунан эки адам өлүп, 25и жараат алды

Azattyk.org 

Сөз эркиндигинин абалын парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы талкуулады. Армения менен Азербайжандын лидерлери Кремлдеги жолугушууда айтыша кетти.Бишкектеги “Батуми” кафесине байланыштуу чырдан улам Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.

Президент Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. Жарлыкта мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленет. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилет. Читать дальше...

Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон ырасташты. Аны камакка алуу боюнча өтүнүнчү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаттары камакка байланышпаган чара кабыл алууну суранган. Мунун алдында Салкынай Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев "Азаттыкка" комментарий берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)... Читать дальше...

“Кумтөр Голд” ишканасы жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрдү

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөр кенинен 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу компаниянын ишинин жыйынтыгын чыгарган маалыматта баяндалат. Ишкана аталган мөөнөт ичинде салыктарды, социалдык чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп санаганда бюджетке 48,1 млн. доллар төккөн. “Кумтөр Голд Компани” компаниясына ээлик кылган “Кыргызалтын” ачык акционердик коому быйыл өндүрүлгөн алтындын 2 412 кг алтынын саткан. Мындан түшкөн киреше 146,7 миллион долларды түзгөн. Читать дальше...

Равшан Жээнбековдун жубайы өзүнө тагылган айыптарды төгүндөдү

Azattyk.org 

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы, камакка алынган Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга байланыштуу журналисттерге комментарий берип, күнөөсү жок экенин айтты. Кабарчылар ага бүгүн, 26-майда тергөөчүлөр аны соттук имараттан чыгарып бараткан учурда суроо узатышты. Алимбаева басып баратып кызын өөп, суроого учкай гана жооп берүүгө үлгүргөн. Окуянын видеосун “Политклиника” сайты жарыялады. Мунун алдында Салкынай Алимбаеванын адвокаты... Читать дальше...

Саясатчы Жээнбековдун жубайын каматкан иш

Azattyk.org 

Абактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева “коррупцияга” шек саналып кармалды. Маалыматка караганда, ага Бишкекте жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу айып тагылды. Буга чейин Равшан Жээнбековдун карындашына да эки иш ачылган. Саясатчы түзгөн каналдын директору камалып чыкса, жардамчысы "чек арадан туура эмес өткөн" деп айыпталган. Жубайына коюлган кине Жээнбековдорго болгон басымдын уландысы деп бааланууда. Алимбаевага ачылган иштин чоо-жайы Кемпир-Абад... Читать дальше...

Кыргыз-кытай соода борборун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда иш алып барууга кызыкдар 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан - Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Төрөбаев Кыргызстан эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди. Ал Кытай ишкерлерин Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык экономикалык... Читать дальше...



Air Products Өзбекстандагы заводго 1 миллиард доллар инвестиция салат

Azattyk.org 

Америкалык Air Products компаниясы Кашкадарыя облусунун Гузар районундагы жаратылыш газын кайра иштетүүчү заводду өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Air Products компаниясы менен "Өзбекмунайгаз" ишканасынын ортосундагы тиешелүү инвестициялык келишимге 25-майда кол коюлду. "Бул келишим сапаттуу жана арзан отун өндүрүшүн камсыздап, калктын өсүп жаткан суроо-талабын канааттандырат. Читать дальше...

Рузахунов Астананын райондук сотунун үстүнөн даттана турганын билдирди

Azattyk.org 

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлери тарабынан сабалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Астана шаарынын Алматы райондук сотунун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 26-майда “Азаттык” радиосу менен маегинде айтты. Ал "сабаган милиция кызматкерлерин тааныганын", тергөөдө алардын кылмыштары "дээрлик далилденгенин" кошумчалады. Рузахунов өзү сабалгандан кийин сурак-берип жаткан видеосу Казакстандын Ички иштер министрлиги... Читать дальше...

Котельники шаарында кармалган тажик мигранттары бошотулду

Azattyk.org 

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Котельники шаарында кармалган тажик мигранттарынын баары документтери текшерилгенден кийин коё берилгенин билдирди. 25-майда жарыяланган билдирүүдө жалпысынан канча тажикстандык мигрант жана кандай себептер менен кармалганы жазылган эмес. Бейшемби күнү Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптеши Владимир Колокольцевге кайрылып, аны Комсомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттеринин кармалышы жана сабалышына байланышкан иштердин калыс каралышын камсыздоого чакырган. Читать дальше...

Кыргызстанга сырттан ташылган өсүмдүк майларына кошумча нарк салыгы жоюлду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети өсүмдүк майын импорттоодогу кошумча нарк салыгын (КНС - НДС) жойду. Бул тууралуу мекеменин токтомунда айтылат. Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк жана коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2023-жылдын 15-майынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Кыргызстанда өсүмдүк майын керектөө 60 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө мунун 5-6 миң тоннасы... Читать дальше...

Ташиев жакында "чоң чиновниктер" кармала турганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жакын арада "чоң чиновниктер" кармала турганын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу Region телеканалына 25-майда берген интервьюсунда билдирип, өлкөнүн финансы тармагын кармап, аны туура эмес, натыйжасыз пайдалангандар жоопко тартыла турганын айтты. "Жакындан баштап биз чоң-чоң чиновниктерди, мамлекетте финансыны, элдин акчасын колуна кармаган, бирок туура эмес, натыйжасыз, өзүнүн кызыкчылыгына пайдалангандарды катаал жоопко тартабыз. Читать дальше...

Дары-дармек департаментинин директору бир айга камалды

Azattyk.org 

Пара алууга шек саналып кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Айнура Абалиева бир айга камалды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-майда анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Аталган соттон "Азаттыкка" билдиришкендей, ал 23-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө изоляторунда кармалат. УКМК Дары-дармек жана медициналык техника департаментинде коррупциялык... Читать дальше...

УКМК: Орунтаевге иш козголду, ал "Батуминин" чыгымын төлөп бермей болду

Azattyk.org 

Бишкектеги “Батуми” кафесине байланыштуу чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда кабарлап, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде козголгонун билдирди. Тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы... Читать дальше...

Иран баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирди

Azattyk.org 

Иран 2000 км аралыкка уча турган баллистикалык ракетасын көрсөттү. Мамлекеттик телеканалдар ракета бейшемби күнү ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялашты. Бул кадам Израилдин куралдуу күчтөрүнүн башчысы "Тегерандын өзөктүк программасына каршы аракет кылуу" демилгесин көтөргөндөн эки күн өткөндө жасалды. Жакынкы Чыгыштагы эң ири ракеталык программалардын бирине ээ болгон Тегеран анын куралы чөлкөмдөгү Израилдин жана АКШнын базаларына жетет деп билдирди. АКШ менен Европанын каршылыгына карабай, Иран... Читать дальше...

Аба ырайы: Бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борборунун кабарлашынча, Кыргызстандын аймагында 27-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда... Читать дальше...

Болот Темиров: Журналисттин куралы - чындык

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров мекенинен күч менен чыгарылган учурдагы жагдайлар, азыркы ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы  иликтөө журналистикасынын келечеги жана сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Равшан Жээнбековдун жубайына коюлуп жаткан айып боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы, кечээ камакка алынган Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес. Бул тууралуу бүгүн 26-майда "Азаттыкка" Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев билдирди. Ашимбаев 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган Алимбаева менен жолугуп чыкканын айтты: “Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналууда. Бул окуя былтыр болуптур. Читать дальше...

Новости России
Москва

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ


HRW: Ташкент дин тутуу эркиндиги боюнча убадаларын аткарган жок

Azattyk.org 

Human Rights Watch (HRW) уюму Өзбекстандын бийлиги убада бергенине карабай жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөнү улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу эл аралык укук коргоо уюмунун 24-майда жарыяланган баяндамасында айтылат. Баяндаманын авторлору Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин мусулмандарды жапырт камакка алуу көрүнүштөрү токтоп, ишеними же тынч диний ишмердүүлүгү үчүн камалган жүздөгөн адам бошотулуп, миңдеген киши атайын кызматтын "кара тизмесинен" чыгарылганын белгилешкен. ... Читать дальше...

Казакстанда оппозиционер Марат Жыланбаев эки айга камалды

Azattyk.org 

25-майда Астана соту белгилүү казакстандык супермарафончу жана оппозициячы Марат Жыланбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал "Тыюу салынган уюм менен кызматташкан" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылаган" деп шектелүүдө. Тергөө органынын токтомуна ылайык, Марат Жыланбаев өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын түзүүчүлөрү менен мүчөлөрүнүн социалдык түйүндөрдөгү чатында бар экени аныкталган. "Жыланбаев аталган кыймылды негиздеген бозгундагы... Читать дальше...

Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн 11 млрд. сом түшкөнүн билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда Region телеканалындагы интервьюсунда айтты. "Булар ошол эле коррупционерлерден түшүп жатат. Биз адамдык катнашууну азайттык. Мени эч ким 1 сом акча алдың деп күнөөлөй албайт. Келген акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм же УКМКнын пайдасына иштетем", - деди Ташиев. 2020-жылдагы Октябрь... Читать дальше...

Депутат Осмонов "негативди токтотпогон" ЖМКлар жабылышы мүмкүндүгүн айтты

Azattyk.org 

Көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, бир жактуу гана маалымат бере берген Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып калышы мүмкүн деген пикирин бүгүн, 26-майда сөз эркиндигине арналган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди. Депутат сөз эркиндигинен пайдаланып “аша чапкандар да бар” болуп жатканын айтып, андайларга “укук тартибин коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканына кошуларын” белгиледи жана “мыйзам чегинде иштеп жаткандарга андай мамиле жасабаш керек” деп эсептей турганын билдирди... Читать дальше...

Баку менен Ереван аймактык бүтүндүктү таанууну макулдашты

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжан бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанууну макулдашты. Бул тууралуу армян премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин кеңешинин Москвадагы жыйынында билдирди. Пашинян Ереван бардык транспорттук жана экономикалык коридорлорду, ошондой эле Азербайжан менен аймактык байланыштарды ачууга даяр экенин айтты. Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандыкы деп таанууга даяр экенин билдиргенин белгилеп, Ереван менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Кыргызстандагы сөз эркиндинин азыркы абалы талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган көйгөйлүү макалалардын көпчүлүгү мамлекеттик органдар берген расмий маалыматтын негизинде жазылып, жарыяланарын бүгүн 26-майда Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйында журналист, фактчекер Асел Сооронбаева билдирди: “Биз журналисттер эмне жазып жатканын бир күндүгүн алып изилдеп, анализдеп чыкканбыз кандай макалалар чыгып жатканын. Ошонун 70% мамлекеттик органдардын пресс-релиздери болуп чыккан – ошол эле УКМКнын, ИИМдин “зордукталды”, “уурдалды”, “кылмышкер кармалды” деген. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки






Соревнования по айкидо пройдут в Раменском округе с 24 по 26 мая

Полпред РТ в РФ и ректор Финансового университета обсудили вопросы сотрудничества

Заросли борщевика подобрались к домам петербуржцев

Бывший футболист и тренер ЦСКА Агапов умер на 91-м году жизни