Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 01.07.2023

Нидерланддын королу кулчулук үчүн кечирим сурады

Azattyk.org 

Нидерланддын королу Виллем-Александр 1-июлда өлкөнүн кулчулукка жана анын кесепеттерине тарыхый катышы үчүн кечирим сурады. Падыша Нидерландда жана Кариб деңизиндеги мурдагы колонияларында кулчулукка укуктук жактан тыюу салынганынын 160 жылдыгына арналган иш-чарада “Бул күнү биз кулчулуктун тарыхын эскерип жатып, мен адамзатка каршы бул кылмыш үчүн кечирим сурайм” деп билдирди. Ал расизм коомдо дагы эле көйгөй экенин белгилеп, анын кечирим сураганын баары эле колдой бербестигин белгиледи. Виллем-Александр... Читать дальше...

Жетпей калган арзуу, кечиккен сапар

Azattyk.org 

Жаш кездеги аруу сезим жүрө-жүрө арылгыс арманга айланып, кол жеткис бийикте калып кетет. “Чегемдик кыз” унутулбай, аны өмүр бою коштоп келди. Акыры эңсеген жерине жетти, бирок арзыганы бул жалганды таштап кеткенине бир топ убакыт өтүптүр. Абдыкерим Муратовдун эки жаштын аруу сезимин баяндаган аңгемесин чогуу окуйбуз. Атасы жиберген белек Самидиндин уул-келини мыкты чыгып, жыл кур койбой чет өлкөгө саякаттатып келет. Жеңил кийимчен сүрмө топ туристтердин арасында чоочун өлкө, жерди сүрөткө тартып... Читать дальше...

Казакстанда дагы жети киши саясий туткун деп таанылды

Azattyk.org 

Казакстандык укук коргоочулар саясий куугунтукка кабылгандардын тизмесине дагы жети кишини киргизди. Бул туурасында "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 30-июндагы эксперттик топтун жыйынынан кийин билдирди. Тизмеде "Алга Казакстан" катталбаган оппозициялык партиянын лидери Марат Жыланбаев, активист Аскар Сембай, активист Жандарбек Башанов, "Эл тиреги" катталбаган партиясынын жетекчиси Нуржан Альтаев, блогер Нурлан Канатов, журналист Думан Мухаметкарим, активист Тимур Данебаев бар. Читать дальше...

"Фейсбуктагы посттон улам суракка чакырышты"

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин, андан кийин 1-июлда ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты.

MediaCamp: Кыргызстандык журналисттер сөз эркиндигине басым тууралуу айтып беришти

Azattyk.org 

Борбор Азия мамлекеттеринде журналистика багытында иштеген адистердин Media CAMP-2023 фестивалы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Талкууда Кыргызстандагы 24.kg маалымат агенттигинин жооптуу редактору Махинур Ниязова “Азаттык” радиосунун айланасындагы кырдаал, сөз эркиндигинин абалы туурасында айтып берди. “Азаттыктын айланасындагы окуялар мурда эле пландалып, даярдалган. Мына эми сотко чейин жетип, тилекке каршы “Азаттыкты” жаап жатышат. Эмне үчүн биз “Азаттык” үчүн күрөшүп жатабыз. Анткени бүгүн аларды жапса, эртең баарыбызды жабат. Читать дальше...

Табыпчылык дарылообу же бизнеспи?

Azattyk.org 

Кыргызстанда ар кандай оору-сыркоо менен элдик медицина менен алектенген табыптарга кайрылгандардын саны аз эмес. Ошол эле маалда медиктер мындай ыкмалардын адамдын саламаттыгына жана жашоосуна тийгизген кооптуулугу тууралуу коңгуроо кагууда. Бул ирет “Эже-сиңдилерде” ушул теманы талкууга алабыз.

"Президент мурдагы бийликтин кемчиликтеринен сабак алууга тийиш"

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев "Азаттык" менен болгон маегинде "президент Садыр Жапаров буга чейинки бийликтегилер кетирген кемчиликтерден сабак алууга тийиш" деп айтты.  Эл өкүлү мамлекет башчы менен туугандык мамилеси, саясатка таасири, парламенттеги талаштуу демилгелер жана бийликтеги күмөндүү топтордун кесепети тууралуу суроолорго жооп берди. - Парламент эс алууга кетер алдында иш кызыды, өткөн апталарда өтө кызуу талаш-тартыштар болду, алардын биринде Акылбек Тогузбаевич... Читать дальше...



Молдовада аэропортто Тажикстандын жараны эки кишини атып салды

Azattyk.org 

Молдованын премьер-министри Дорин Речан 30-июнь күнү Фейсбуктагы баракчасына Кишинев эл аралык аэропортунда 43 жаштагы тажикстандык жаран чек ара полициясынын кызматкерин жана коопсуздук кызматынын кызматкерин атып салганын жазды. Кылмышка шектүү тапанчаны чек ара полициясынын кызматкеринен тартып алган. Окуядан дагы бир жүргүнчү жараат алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Маалыматтарга караганда, аэропортто жарандарга кол салган киши Кишиневге Түркиядан учуп келген. Аты-жөнү такталып жатат.... Читать дальше...

Франция: өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин тутанган башаламандык токтой элек

Azattyk.org 

Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн улам тутанган башаламандык төрт күндөн бери токтобой жатат. Өлкөнүн ички иштер министри Жеральд Дарманен 30-июндун кечинде полиция 1000дей кишини кармаганын, алардын басымдуу бөлүгү жаштар экенин билдирди. Коомдук тартипти жөнгө салууга 45 миң полиция жана спецназ тартылып, алардын 79у жарат алды. Парижде абал салыштырмалуу тынч болгону менен Марсель менен Лиондо дүкөндөр тонолуп, имарат жана автоунаалар өрттөлдү. Марселде курал саткан дүкөндөн бир нече огу жок мылтык уурдалса... Читать дальше...

Токтонасыровдун жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыров Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынан сурактан чыкты. Ал 4-июль, саат 14.00гө кайрадан суракка чакырылганын, өзүнүн Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын "Азаттыкка" билдирди. "Адилет министрлигинин алдында лингвистикалык экспертиза дайындашат экен. Алар Фейсбукта жазган материалдарым менен таанышып, талдап чыгышат экен. Булардын айтымында мен постторумда элди улут аралык араздашууга, расалык бөлүнүүгө чакырыпмын. Бул - жомок. Читать дальше...

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз мечиттер

Azattyk.org 

Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети түзгөн атайын комиссия аныктады. Комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жаңы мечиттердин курулушу көзөмөлгө алына турган болду.

Өкмөт дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу каралып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Айлык акыны жакынкы жылдары көбөйтүлөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди. Ал жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизациялана турганын, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынарын айтты.  Анын айтымында, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 50%, үй-бүлөлүк жана жалпы практикадагы... Читать дальше...

Активист Өндүрүш Токтонасыров ИИМге кайрадан суракка кирди

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-июлда саат 11де Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка кирип кетти. ИИМ ага карата "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Аны 30-июнда белгисиз кишилер машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар беришкен. Анын дайыны кийинчерээк билинип, ИИМдин Тергөө кызматында суракта экени маалым болгон.  Активист түнкү саат 11де... Читать дальше...

Токтонасыров "Фейсбуктагы посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталууда

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго  "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Ал 1-июлда да суракка чакырылган. Ал өзү сурактан чыккандан кийин "Азаттыкка" милиция социалдык тармактагы билдирүүсүнө байланыштуу алып кеткенин айтып берди: "Башкы тергөө кызматына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. "Расалык... Читать дальше...

Активисттин Фейсбуктагы посттору боюнча экспертиза дайындалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго "Фейсбукта жазган посту аркылуу улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Активист 30-июнда түнкү саат 11ге чейин, андан кийин 1-июлда ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Фейсбуктагы пост себеп болгон сурак Ал 4-июль, саат 14.00гө кайрадан суракка чакырылганын, өзүнүн Фейсбукка жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын 1-июлда ИИМден чыккандан кийин "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...

Музыкалык сабат – көркөм мурасты бапестеп сактоо жолу

Azattyk.org 

Заманбап бала бакчаларда жана орто мектептерде музыкалык таалим жогорку деңгээлде болууга тийиш. Совет доорунда жолго коюла баштаган бул өңүт азыр да өзгөчө олуттуу мааниге ээ. Тарыхчынын блогу.   XXI кылымда да музыкага тыюу салгандар бар. Ооганстан. Ооганстанда 2021-жылы августта бийликке кайрадан келген талиптер – исламдын эң эскичил түшүнүктөрүн карманган агым – тээ 1990-жылдардын соңундагы жосунсуз жоругун кайрадан башташты. Алар музыкалык чыгармаларды коомдук жайларда аткарууга кайрадан тыюу салышты. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP






Канада ввела санкции против России

Уголовное дело после стрельбы на юге Москвы возбудил Следственный комитет

Пенсионер убил пожилую супругу в подмосковной Кашире

Около 270 компаний Подмосковья вовлекли в проект «Производительность труда»