Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 14.07.2023

Чүйдө суу жоктугуна нааразылар жолдо акция өткөрүүдө

Azattyk.org 

Сокулуктагы Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун элүүдөй тургуну Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар төрт күндөн бери таза суусуз отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертти. Учурда автоунаалар жолдун бир тарабы менен өтүп жатат. Окуя болгон жерде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы чогулгандар бир машинаны талкалаганына күбө болду. Топтолгон эл менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков... Читать дальше...

“Акчабызды ала албай калдык”. Депутат аралашкан курулуш чыры

Azattyk.org 

Бишкекте мамлекет салып жаткан үйлөргө туннел калыптарын жасаган түрк курулушчулары эмгек акысын ала албай жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылды. Түрк жарандары Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин таанышы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов курулушка ортомчулук кылганын жана акчасын бербей жатканына нааразы. Жакыпов түркиялык курулушчулар тийиштүү акчасын алганын айтып, алган милдеттенмесин аткарбай койгонун билдирди. Бул чырды учурда милиция териштирип жатат.

Менчик мектептин ара жолдо калган бүтүрүүчүлөрү

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” менчик мектеби боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди. Мекеме “Ай Кью” мектеби тиешелүү лицензия жоктугуна карабастан 84 баланы экстернат жолу менен окутканын, эми аларга аттестат берилбей турганын айтууда.

Жарандык коом жана “Азаттыктын” иш нуктары

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийликтери 14-июлда “Азаттык” үналгысынын интернет барагына коюлган бөгөттү кайра алып салды. Эмне үчүн бул көз карандысыз интернет барак калың элге жагымдуу? Деги эле Ала-Тоодо “Азаттык” үналгысындай болгон жергиликтүү медиа каражатын түзүүгө мүмкүнбү? Тарыхчынын блогу.   “Азаттык” тууралуу жалпы маалымат “Азаттык” үналгысы – “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы – АКШнын Конгресси тарабынан “Дүйнөлүк медиа жаатындагы АКШнын Агенттиги” (United States Agency for... Читать дальше...

Бүтүрүүчүлөрдү ара жолдо калтырган аттестат чыры

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” менчик мектеби боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди. Мекеме “Ай Кью” мектеби тиешелүү лицензия жоктугуна карабастан 84 баланы экстернат жолу менен окутканын, эми аларга аттестат берилбей турганын айтууда. Ал арада бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип, мектеп менен министрликтин катасынан улам балдар ара жолдо калганын айтып чыгышты. "Балдарыбыз ара жолдо калды" Аттестат алышы арсар болуп окуучулардын ата-энелери эки күндөн... Читать дальше...

Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президентин Кыргызстанга чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 14-июлда Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алганда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи. Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн... Читать дальше...

Эл аралык пресса институту соттун "Азаттык" боюнча чечимин кубаттады

Azattyk.org 

Эл аралык пресса институту жана анын глобалдык түйүнү Бишкек шаардык сотунун "Азаттык Медиа" мекемесин жабуу тууралуу буга чейинки инстанциянын чечимин жокко чыгаруу жана соттук териштирүүнү токтотуу чечимин кубаттайт. Билдирүү 14-июлда институттун расмий сайтына жарыяланды. Эл аралык пресса институту "Азаттык Медианы" жабуу чечимин айыптап, Кыргызстандын бийлигин мындай кадамга барбоого чакырып келген. "Бул чечим басма сөз эркиндиги жана кыргыз коомунун маалыматка болгон укугу үчүн жакшы жаңылык"... Читать дальше...

"Сууну булгайт". Чаткалда эл кен казган компанияга каршы чыкты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын кен казышына каршы. Алар бүгүн Каныш-Кыядагы акимчилик алдына чогулуп, район акими Алтынбек Сеңирбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Жергиликтүү бийлик элдин нааразылыгынан улам иш убактылуу токтотулганын билдирди. Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясы райондо кен каза баштаса, төрт айылдын айдоо жерине жана сууга зыяны тиерин айтып жатат. Бүгүн... Читать дальше...



Блогер Улукбек Карыбек уулун милиция кармап кеткени кабарланды

Azattyk.org 

14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулун Бишкекте милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” блогердин досу Кубан Садыров билдирди. Ал Улукбек Карыбек уулу кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу так маалымат жок экенин, бирок акыркы жолу Ош облустук төрөт үйүндөгү көйгөйлөр тууралуу видео тартылганын айтты. Улукбек Карыбек уулунун Фейсбуктагы баракчасына аны милиция кызматкерлери жана жөнөкөй кийимчен дагы бир адам кармап турган сүрөт жарыяланды.   Ош шаардык... Читать дальше...

Токаев киши колдуу болгон беш жашар кыздын окуясын тыкыр иликтөөнү тапшырды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев адамга каршы өтө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды. Мамлекет башчы Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине беш жаштагы кыз киши колдуу болгон окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырганын Акордо билдирди: "Маалыматка караганда, шектүү буга чейин адам өлтүрүүгө айыпталып, он жылга соттолгон. Быйыл атайылап бирөөнүн ден соолугуна залака келтиргени үчүн үч жылга эркинен шартуу ажыратылган. Мамлекет башчы бул жылкы өкүмдүн мыйзамдуулугун карап чыгып... Читать дальше...

Ырга айланган ыймандай сыр

Azattyk.org 

Сырдашууга чакырган ыр саптар... Азыркы мыкты акындардын бири Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет” китебин барактаганда ушул ойлор жаралды. Бул автордун өзгөчөлүгү – ырларында кабат-кабат маани камтыган, көнүмүштөй эле нерселерден байкалбай жүргөн жактарына окурмандын көӊүлүн бургузган, башкача сездирип-туйгузган саптар арбын экендиги. Тагдырдын күрөө тамырын кармаган ыргак. Орустун чыгаан акыны Борис Пастернактын айрым ырларынын беш-алты варианты барын айтышат. Адабиятчылар окуп көргөндө ал тексттерден эч кынтык таба албаптыр. Читать дальше...

Чүй жана Таласта сугат суу тартыш болууда

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда сугат суу 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе аз болуп жатат. Бул тууралуу Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев 14-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "2021-жылы да ушундай сугат суу тартыш болгон. Бирок быйыл ага салыштырмалуу дагы эки эсе аз болуп жатат. Мисалы, быйыл май айында нормадан төрт эсе аз болду. Июнь айында кичине көбөйдү эле бирок талап күчөп, сугат суу тартыш болду. Учурда эки күндөн бери күн ысып кичине суу көбөйүп калды”,... Читать дальше...

CPJ тажик бийлигин абактагы журналисттерди жана блогерлерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Тажикстандын бийлигин абактагы журналисттер менен блогерлерди бошотууга чакырды. 11-июлда жарык көргөн билдирүүдө бир канча адамдын, анын ичинде Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Саидамини жана башкалардын аты-жөндөрү келтирилген. Соңку бир жыл ичинде Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жетиден 21 жылган чейин экстремисттик уюмдар менен кызматташууга айыпталып кесилген. Сот жараяндарынын баары тергөө абагында жабык өткөн. Читать дальше...

Салмак-габаритти көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев 13-июлда Чүйдөгү “Маловодное” салмак-габаритти көзөмөлдөө бекетин күтүүсүз текшерди. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда мындай жайлардагы коррупциялык схемаларды жоюу, көзөмөлдү күчөтүү жана санариптештирүү жараяны мындан ары дагы уланарын айтты. "Текшерүүнүн жүрүшүндө Бариев күн ысыкта жолго чыгып, токтотулган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын арыз-муңун укту. Ал бул чаралар жолдордун талкаланышын алдын алуу максатында киргизилгенин билдирип... Читать дальше...

Мамдума "жыныс алмаштырууга" тыюу салган мыйзам кабыл алды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамдумасы үчүнчү окууда "адам жынысын алмаштырууга" багытталган хирургиялык операцияларга тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу маалымат 13-июлда парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына жарыяланды. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никелери жокко чыгат. Мыйзам кабыл алынганга чейин жынысын алмаштыргандарга бул эрежелердин тиешеси жок. Эми бул мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек. Читать дальше...

ИИМ июлда 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) июль айында "Мак-2023" операциясынын алкагында кара куурайды жол кылуу иш чарасынын биринчи этабы өткөнүн билдирди. Ага ылайык, өлкөдө 70тен ашык топ түзүлгөн жана жалпысынан 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.  "Бул айда Бишкек шаарында 2,3 гектар жерден 3 тонна 420 килограмм, Чүйдө 8,5 гектарга жакын жерден 7 тонна 400 килограмм, Ысык-Көлдө 114 гектар жерден 38 тонна 727 килограмм, Таласта 0,5 гектар жерден 1 тонна, Жалал-Абадда 428,8 гектар жерден 25,5 тонна... Читать дальше...

Өкмөт “чет элдик өкүл” долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү тескемеси Юстиция министрлигинин сайтына чыкты. Өкмөттүн корутундусунда мыйзам долбооруна “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” түшүнүгүн киргизүү зарылчылыгы түшүнүксүз экени жазылган. Азыр өкмөттүк эмес уюмдардын иши “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынарын билдирип... Читать дальше...

“Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды

Azattyk.org 

13-июлдун кечинде “Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды. Мындай чабуул болгонун Google корпорациясынын YouTube командасы ырастады. Ушул тапта каналдын ишин толук калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Азырынча каналга ким, кандай максатта чабуул койгону такталууда. “Азаттыктын” соңку видеолорун башка социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан көрүп турсаңыздар болот. Мындан тышкары azattyk.org сайты 14-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы керек. Эгерде аzattyk.org дарегиндеги сайтыбыз ачылбай жатса... Читать дальше...

Путин "Вагнер" менчик компаниясы жок экенин билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы жок экенин билдирди. Буга чейин ал аталган компания толугу менен өкмөттөн каржыланып келгенин айткан. Путин "Коммерсанттын" кабарчысы Андрей Колесниковго кыска маек куруп, "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлери менен жолукканы тууралуу айтып берди. Орус президентинин айтымында, ал "24-июндагы окуялар маалындагы" жана согуш талаасындагы аракеттерине баа берген. Журналисттин "Вагнердин" тагдыры тууралуу... Читать дальше...

Новости России
Москва

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Тоолуу Карабакта миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты

Azattyk.org 

14-июлда жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борбору Степанакерт шаарында алты миңдей киши Лачын коридорун Азербайжандын жаап салышына нааразылык билдирип чыгышты. Бул коридор Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жол. Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы 11-июлда Лачын коридору убактылуу жабылганын, буга Армениядан бараткан Кызыл чырым эл аралык уюмунун автоунаасында "ар кандай мыйзамсыз буюм-тайымдардын аныкталышы" себеп болгонун билдирген. 14-июлда өкмөт жыйынында Армениянын... Читать дальше...

ЕККУ Ашхабадды сөз эркиндигин сактоого чакырды

Azattyk.org 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму түркмөн бийлигин басма сөз эркиндиги жана жарандардын интернетке жеткиликтүүлүгү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин сактоого чакырды. Ашхабадга жасаган сапарынан кийин уюмдун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро Түркмөнстанда маалыматтын эркин агымына онлайн да, оффлайн да чектөө бардыгын баса белгиледи. Ал бийликти эркин пикир билдирүү жана сөз эркиндиги жаатында алган тиешелүү милдеттенмелерин сактоого үндөдү Түркмөнстандын авторитардык бийлиги маалыматты катуу көзөмөлгө алып... Читать дальше...

Чаткалда төрт айылдын тургундары акимдин кызматтан кетишин талап кылышты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы төрт – Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары 14-июлда нааразылык акциясына чыгышты. Алар Каныш-Кыядагы акимчилик алдына чогулуп, Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин кызматтан кетишин талап кылышканын “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар билдирди. Алар “Аташ-Чапкан” компаниясынын райондо кен казышына каршы экенин, эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айтышууда. Читать дальше...

Аба ырайы: 19-июлга чейин күн ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 17-19-июлдь күндөрү ысык аба ырайы сакталарын эскертти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. Мекеме бул күндөрү күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү,  айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып турууну сунуштайт.  15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун... Читать дальше...

45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опцион жабылганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар бинардык опцион деп катталып, бирок Интернетте виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндарын уюштуруп келгени аныкталган. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп... Читать дальше...

Депутат Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мындай норманын иштелип чыгышына соңку жылдары добуш берүүчүлөрдүн саны азайып баратканы себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди. “Коом шайлоого, мамлекеттик чечимдерге кайдыгер болууда. Мамлекеттин ишине кайдыгер адамга да чара көрүлүшү керек. Алсак, президенттик да, парламенттик да шайлоолор жалпы шайлоочулардын 30% менен гана өтүп жатат”, - деди ал. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге






Научно-практическая конференция для школьников прошла в Воскресенске

До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

Путин: РФ готова помочь Ирану в расследовании авиакатастрофы с Раиси

В Москве возбудили уголовное дело о хулиганстве после драки со стрельбой