Иранда нааразылык акцияларын колдогон 10 профессор иштен алынды
Ирандын бийлиги нааразылык акцияларын колдогон 10 профессорду жумуштан алды. Социалдык тармактардагы маалыматка караганда, Тегерандагы Малламех университетинин окутуучулары Хамиде Кадеми жана Аменех Аалиге телефондон чалып, алар ээлеген кызматтарынан бошотулганын айтышкан. Ирандагы Студенттердин гильдиясы Тегеран университетини Адабият факкультетинде жети профессор иштеринен кетирлигенин кабарлады. Жогорку окуу жайлар жана студенттер Ирандагы саясий жана социалдык эркиндиктер үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турат. Читать дальше...